Коронавирустан сактанууга Амирул-Му′минийн берген көрсөтмөлөрү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Коронавирустан сактанууга Амирул-Му′минийн берген көрсөтмөлөрү

коронавирус мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Хузур-э-Анвар (аййадахуллах) 2020-жылдын 6-мартында окуган жума кутбасында коронавирус илдеттин алдын алуу үчүн төмөнкүдөй нерселерге көӊүлүбүздү бургузуп, насаат кылды:

  • Бийликтер жана саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан алдын алуу үчүн көрүлгөн чараларды аткаруу керек;
  • Орууну алдын алуу жана дарылоо үчүн кээ бир гомеопатия дарылары белгиленген эле, аларды колдонуу керек;
  • Эл көп болгон мекемелерден абайлоо керек;
  • Мечитке келгендер сак болуулары керек. Эгер бир аз темпратурасы болуп, денеси ооруп жаткан болсо же чүчкүрүп, грипп болуп жаткан болсо, мечитке келбөө керек;
  • Чүчкүрүп-бышкырганда оозун кол же жүз аарчы менен жабуу керек;
  • Колдор менен бетти таза кармоо керек;
  • Эгер колдоруӊар кир болсо, анда бетиӊерге тийгизбегиле;
  • Колдоруӊарга инфекцияны тазалоочу гельди (Sanitizer) сүйкөп туруу керек же жууп туруу керек;
  • Эгер жакшылап даарат алынса, анда денелик тазалык да болот, анан даарат алган адам намазды да аткарат, ошондо ал даарат руханий тазалыктын да куралы болуп калат;
  • Байпактарды күндө алмаштарып, жана жууш керек;
  • Денелик тазалык жана айлана-чөйрөлүк тазалыгы да өтө эле зарыл. Бул жакка да өзгөчө көӊүл буруу керек;
  • Мындан ошол шылтоо менен мечитке барбай коюу керек деген маани да чыкпайт. Адам туш келген жагдайына карап, өз жүрөгүнөн фатва алуусу керек. Ар дайым эсиӊерде болсун, Алла Таала жүрөктөрдүн ахвалын билет. Ошондуктан, эгерде кандайдыр бир оору менен ооруп жаткан болсоӊор, анда ал кандай оору экенин даарыгерлерге аныктатып алгыла;
  • Бүгүнкү күндөрдө кол алышып көрүшүүдөн абайлоо керек;

Алла Тааланын тагдырынын жаман акыбеттеринен сактануу үчүн Алла Таалага аябай кайрылуу керек. Ар бир Ахмадий мусулман бул күндөрдө өзгөчө дубаларга да көӊүл буруусу керек, өзүнүн руханий ахвалын жакшыртууга да көӊүл буруусу лаазым жана дүйнө үчүн да дуба кылуусу зарыл. Алла Таала аларга да хидаят берсин. Алла Таала дүйнөгө күч-кубат берсин, алар дүйнө көӊүл ачуучулуктарына кабылып, Алла Тааланы унутуп жиберүүнүн ордуна өздөрүн жараткан Кудайды таануучулардан болсун. Аамийн

Чектеш темалардын мазмуну
Share via