Маврикийдеги «Вакф-э-Нау» мүчөлөрү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен Виртуалдык Жолугушуу сыймыгына ээ болушту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Маврикийдеги «Вакф-э-Нау» мүчөлөрү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен Виртуалдык Жолугушуу сыймыгына ээ болушту

Халифа мусулман балдар менен жолугушту

«Дүйнөлүк согушка түздөн-түз катышкан-катышпагандыгына карабастан, ар кайсы улуттагы адамдар жапа чегишет» – Азирети Мырза Масрур Ахмад

2020-жылдын 13-декабрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад Маврикийдеги «Вакф-э-Нау» схемасынын эркек мүчөлөрү менен виртуалдык онлайн жолугушуу өткөрдү.

Ал Азирети жолугушууну Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен алып барды, ал эми «Вакф-э-Нау» мүчөлөрү Маврикийдеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук штабы катары кызмат кылып келе жаткан Роз-Хиллде жайгашкан «Дарус-Салам» мечитинен кошулушту.

Иш-чара Ыйык Курандын аяттары жана анын котормосун окуу менен башталып, андан соң диний ырлар ырдалып, Маврикийдеги «Вакф-э-Нау» ишмердүүлүгүн чагылдырган кыскача отчёт берилди.

Халифа мусулман балдар менен жолугушту

Бир сааттык жолугушуунун калган убактысында «Вакф-э-Нау» мүчөлөрү өзүлөрүнүн ыйманына жана заманбап маселелерине байланыштуу бир нече суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Ал Азиретиден балдардын телефондоруна же планшеттерине көз каранды болуп калуусунан кантип сактануу керектиги суралды.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул түшүнүү жана артыкчылык берүү маселеси. Ар бир Ахмадий мусулман өзүнүн негизги парзы беш маал намаз окуу – бул намаз окуу үчүн гана эмес, тескерисинче Аллах Тааланын сүйүүсүнө жетүү экендигин түшүнүшү керек. Демек, силердин жашооңордун максаты Аллах Таалага ибадат кылуу экенин түшүнгөнүңөрдө, ошол негизги максатка артыкчылык бересиңер».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Ата-энелер балдарынын эмне кылып жаткандыгын көрүүгө ар дайым сергек болушу керек. 10 жаштагы бала уюлдук телефонго же онлайн оюндарына бир сааттан ашык убакыт коротпошу керек. Тышта ойной турган оюндар жакшыраак, алар ден-соолугуңарды чыңдайт. Демек, ата-энелердин милдети – алар балдарынын уюлдук телефонго көп убакыт коротпошун байкап, аларга сүйүү жана боорукерлик менен алардын кандайдыр бир максаты бар экендигин айтып, интернеттеги оюндарда убактысын текке кетирүүнүн ордуна ошол максатка жетүүгө аракет кылышын түшүндүрүүлөрү керек».

Халифа мусулман балдар менен жолугушту

Улуу Урматтуу Азиретиден Үчүнчү Дүйнөлүк Согуш болгон учурда Маврикий сыяктуу бир арал дуушар болушу мүмкүн болгон көйгөйлөр жөнүндө сурашты.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Маврикий келечектеги дүйнөлүк согушка түздөн-түз катышабы же жокпу, айырмасы жок, анткени азыркы мезгилде дүйнө глобалдык айыл сыяктуу болуп, бардык өлкөлөр бири-бирине көз каранды. Ошентип, дүйнөлүк согуш болуп, импорттолуп жаткан кандайдыр бир азык-түлүгүңөр болсо, анда ал азык-түлүктү алуудан кыйналасыӊар. Эгерде силер дүйнөлүк согуштун кесепетинен жабыркаган жана экономикасы майып болгон бир өлкө менен соода жүргүзсөңөр, анда Маврикий дагы анын кесепетин көрөт. Ошентип, дүйнөлүк согушка түздөн-түз катышкан-катышпагандыгына карабастан, ар кайсы улуттагы адамдар жапа чегишет».

Сөзүн улап, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул өз ара көзкарандылык ар бир өлкө кыйналат дегенди билдирет, анткени экономикалык жактан бүткүл дүйнө кризисти сезет. Мисалы, 2008-жылдагы экономикалык кризис Маврикийге дагы таасирин тийгизди. Маврикийде коронавирустун катталгандары өтө эле аз болсо дагы, Маврикий дагы жабыркап келет. Экономика мурдагы күндөрдөгүдөй жакшы эмес, ошондуктан дүйнөлүк согуш учурунда жана андан кийин дагы ушундай нерсе болот».

Дагы бир жаш «Вакф-э-Нау» мүчөсү Ал Азиретиден бир мамлекеттин саясатчылары бузуку (коррупцияга малынган) болсо, кандай жооп кайтарышыбыз керек деп сурады.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгерде силер өзүңөрдүн лидерлериңер менен өкмөтүңөр өз милдеттерин аткарбай жаткандыгын сезсеңер, анда жакшы адамдарды табууга жана шайлоо укугуңардан пайдаланып, өкмөткө коррупцияга малынбаган, ишенимдүү жана өлкөгө чынчыл адамдарды алып келүүгө аракет кылгыла».

Азирети Мырза Масрур андан ары мындай деди:

«Эгерде силер жеке өзүңөр такыба, өлкө үчүн чынчыл жана ишенимдүү адамды билсеңер, анда силер добушуңарды ал үчүн колдонгула. Бирок саясатчылардын арасынан чынчыл жана өлкөгө чын дили менен ишенген адамды табуу өтө кыйын. Бир гана чечим, силер өзүңөр шайлоого катышып, өлкөнүн жалпы саясий атмосферасын өзгөртүүгө жана жакшыртууга аракет кылгыла».

Халифа мусулман балдар менен жолугушту

Жерден тышкары жашоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроого Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп айткан:

«Ал эмес, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) дагы башка галактикалар бар экендигин айткан жана башка галактикалар менен башка планеталарда дагы жашоо болушу мүмкүн. Бирок биз алардын чыныгы абалын азырынча билбейбиз. Кээ бир окумуштуулар Ыйык Курандын аяттарынын негизинде башка планеталардан биздин жерибизге сигнал келип, андан кийин өз ара байланыш болот деп ойлошот, бирок ал кандайча болот жана качан болот, аны Аллах жакшы билет. Бирок ал жерде жашоо бар».

Дагы бир суроо берүүчү, жакында болгон Америкадагы шайлоолор Үчүнчү Дүйнөлүк Согуш болуп кетишине кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизеби деп сурады.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгерде дүйнөлүк согуш Аллахтын планында болсо жана ал боло турган болсо, анда ал болот. Америка президенти алмашабы же жокпу, айырмасы жок. Бирок, эгерде саясатчылар акылдуу болсо, анда ал кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок акыр-аягы, дүйнө өз милдеттерин унутуп бараткандыктан, алар Аллах Таала тарабынан берилген таалимдерди аткарбай жатышат, алар Аллах Таалага жана адамдарга байланыштуу милдеттерин аткарбай келе жатышат, натыйжада Аллахтын каары жана жазасы дүйнөлүк согуш түрүндө болушу мүмкүн. Американын президентинин ким экендиги маанилүү эмес – мейли Байден, Трамп же башка бирөө болсун».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Бирок биз Алла Таала бизге ырайым кылсын жана мындай согуш биздин өмүрүбүздө болбошу үчүн, Аллах Таала адамдардын аң-сезимин өзгөртүп, алар Исламдын окууларын кабыл алышып, Алла Тааланын айткандарын кабыл кылышсын деп дуба кылышыбыз керек. Болбосо, азыркы шарттарда, ким Президент болбосун, ал (согуш) ишке ашчудай болуп сезилип жатат. Качан? Аллах жакшыраак билет».

Халифа мусулман балдар менен жолугушту

Ал Азиретиден ач көздүк жана аны кантип жеңсе болот деп сурашты.

Ар тараптуу жоопто Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Алла Таала силерди ыраазы болууӊар керек дейт. Ыраазычылык маанилүү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): Такыбаа, Кудайдан корккон, Алла Тааланын бардык буйруктарын аткарып жаткан адамды көргөнүӊөрдө, аны ээрчип, силерге да ушул даража берсин деп Алла Таалага жалбарып дуба кылгыла жана силер ал үчүн жан талашып аракет кылууӊар керек. Бирок өтө бай жана миллионер болгон, бирок адамдардын алдындагы милдеттерин аткарбай, жөн гана акча топтоп, башкалардын укугун тартып алып жаткан дүйнөкор адамды көрсөңөр, анда Алла Таала силерди ушундан куткарсын деп Алла Таалага дуба кылгыла жана андан үлгү албагыла», – деп айткан».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн деп улады:

«Бүгүнкү күндө адамдардын басымдуу көпчүлүгү материалисттик көз карашты кармангандыктан, Жараткан алдындагы милдеттерин унутуп калышты. Ошол себептен алар ач көз болушат. Эгер алар Жараткандын алдындагы милдеттерин билишсе, мындай мамиле кылышмак эмес. Ошентип, биз, Ахмадий мусулмандар бул байракты алып, Алла Таалага жана адамдарга байланыштуу милдеттерибизди аткарышыбыз керек деген кабарды бүткүл өлкө жана дүйнө жүзүнө таратышыбыз керек».

Виртуалдык жолугушуу Ал Азирети башында турган унчукпас дуба менен аяктады.

Чектеш темалардын мазмуну
Share via