Халифа мусулман айымдарга алтын насаат сөздөрүн айткан
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Австралиядагы Лажна Имааиллах Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы менен Виртуалдык Жолугушуу сыймыгына ээ болду

Халифа мусулман айымдар менен онлайн жолугушту

«Биз коомчулуктун башка мүчөлөрүн жана элдерибизди жакшы көргөндүктөн, аларга өз ишенимибизди жайылтууга жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын катарына кошууга умтулуп жатабыз», – Азирети Мырза Масрур Ахмад.

2020-жылдын 19-декабрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад Австралиядагы Лажна Имааиллахтын (Ахмадия Мусулман Аялдарынын уюму) Улуттук Амиласы менен виртуалдык онлайн жолугушуу өткөрдү.

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен жолугушууну алып барды, ал эми Амиланын өкүлдөрү Улуу Сидней аймагынын четиндеги Марсден паркындагы «Байтул-Худаа» мечитинин комплексиндеги (улуттук штаб) Хилафат залына чогулушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Ал Азирети тиешелүү Лажна мүчөлөрүнө жүктөлгөн ар кандай милдеттерди айтып берди жана алардын бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу боюнча көрсөтмө берди.

Халифа мусулман айымдар менен онлайн жолугушту

Ал Азирети Исламдын баалуулуктарын Ахмадий мусулман балдарына жаш кезинен сиңирүү өтө маанилүү экендигин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ата-энелер жана Лажнанын администрациясы балдарды тарбиялоодо тең салмактуулукту сакташы керек. Ахмадий мусулман кыздарына жаш кезинен баштап, Ислам дининин окуулары боюнча кийген кийимдери ар дайым жупуну жана жарашыктуу болушу керектигин жана чоӊойгон сайын, хижаб Аллахтын Курани Каримде айтылган буйруктарынын бири экендигин түшүнүүлөрү керек. Эгер Ахмадий кыздарга жаш кезинен жөнөкөйлүктүн маанилүүлүгү жөнүндө туура жол көрсөткөн болсоңор, анда алар Лажна Имааиллахка киргенде, хижабдын чыныгы баалуулугун жана ал коомчулуктун көптөгөн жамандыктарынан сактануу каражаты экендигин билип алышат жана түшүнүшөт».

Ал Азирети Ахмадий мусулман жаштарынын өздөрүнүн ишениминин жана дининин негизги окууларын үйрөнүшү шарт экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ахмадий мусулмандар колледжге же университетке киргенде, алар кимдер экендигин жана алардын ишенимдеринин окуулары кандай экенин толук билиши керек. Алар Ахмадия Мусулман Жамааты эмне болгон Жамаат экендигин жана эмне үчүн Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды Аллах Таала жибергенин билиши керек. Кээ бир жаштарыбыз мусулмандардын Курани Карим жана хадистерге (Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи аа саллам) айткан сөздөрү) ээ болуп жана Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи аа саллам) бардык пайгамбарлардын мөөрү – деп ишенишкенин карабай, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)дын эмнеге келгендигинин зарылдыгын түшүнүшпөйт. Демек, Ахмадий мусулмандарга эмне үчүн Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды жибергендиги жөнүндө бала кезинен баштап үйрөтүлүшү керек жана алар ал (алайхиссалам)дын Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айткан алдын ала кабарларына ылайык келгенин билиши керек. Жаштарыбыздын бардыгы өздөрүнүн ишеними эмне экендигин, эмне үчүн алар Ахмадий мусулмандар экендигин жана алардын диний милдеттери кандай экендигин билиши керек. Эгерде силер ушул баалуулуктарды балдарыңарга сиңирүү жагынан ийгиликтүү болсоңор, анда Лажна Имааиллахтын келечек муундары мурункуларынан да күчтүү болушат деп ишенем».

Жолугушуунун жүрүшүндө, Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын иши жана максаттары дайыма аткарылып турушу үчүн, ошондой эле бир администрациядан экинчисине өтүү ар дайым бир калыпта болушу үчүн команда болуп иштөөнүн жана башкаларды окутуп-тарбиялоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Лажна администрациясынын бардык мүчөлөрүнө айткым келген бир нерсе, өзүңөрдү кыйнап катуу иштөөӊөр чыныгы ийгиликтин же артыкчылыктын көрсөткүчү эмес. Албетте, жеке өзүңөрдүн күжүрмөн эмгегиңер менен иштөөӊөр – бул жакшы сапат жана баалуу нерсе, бирок силер команда түзүп, иштеп чыга элек болсоңор – силерди ээрчий турган жана кызмат мөөнөтүңөр аяктагандан кийин бөлүмүңөрдүн ишин илгерилөөсүн камсыз кыла турган экинчи командаӊар жок болсо – анда бул чындыгында эч нерсеге жетише албаганыӊардыгын билдирет».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Жогоруда мен айткандай, жеке гана талыкпай иштөө максат эмес, тескерисинче, силердин милдетиңер аяктагандан кийин, тийиштүү бөлүмдүн же кеңсеңин милдеттерин аткарууга даяр болгон бир мыкты команданы түзүү максатыӊар болуп саналат. Жашыңарга, жаш же карыган экениӊерге карабастан, башкаларды өстүрүп-үйрөтүшүңөр керек жана иштин мындай руху Ахмадия Мусулман Жамаатынын ар бир деңгээлдеги ар бир кызматкерине сиңирилиши керек».

Жолугушуунун жүрүшүндө, Ал Азирети Таблигдин (дааваттын) маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди жана Ахмадий мусулмандардын Исламдын окууларын жайылтуудагы аракеттеринин негизин түшүндүрдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Таблиг (даават) жөнүндө сөз болгондо, дымактуу максатты коюшуңар керек. Башкаларды Исламдын чыныгы кабарына алып келүүгө жасала турган аракеттерибиз санды көбөйтүү же отчётторубуздун таасирдүү болушу үчүн болбош керек экендиги ар дайым эсиңерде болсун. Жок, биз коомчулуктун башка мүчөлөрүнө жана элдерибизге болгон сүйүүбүздөн улам, ишенимибизди жайылтууга жана башка адамдарды Ахмадия Мусулман Жамаатынын катарына кошууга умтулушубуз керек. Бул сүйүү бизден чыныгы Ислам таалимдерин аларга жеткирүүнү талап кылат жана аларды чын жүрөктөн Кудай Таалага жакындатууну каалайбыз. Мындан тышкары, ушул кабарды башкаларга жеткирүү гана биз үчүн жетиштүү эмес. Жок, руханий жана адеп-ахлактык жактан реформаланып, өзүбүздү өркүндөтүп, Алла Таала менен болгон жеке байланышыбызды арттырууга да умтулушубуз керек».

Жолугушуу аяктайын деп калганда, Ал Азиретиден Лажна Имааиллахтын администрациясы өздөрүнүн иш-чараларына жана жолугушууларына башкаларды көбүрөөк катыштырууга кандай түрткү бериши мүмкүн деп суралды.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Силер Лажна Имааиллахтын бардык мүчөлөрүнө карата кеңсе кызматкер катары эч кандай артыкчылыкка ээ эмес экениӊерди көрсөтүп, чоң сүйүү жана назиктик менен аларды жетелеп, жол көрсөтүшүӊөр керек. Эч качан чөкпөй, аларга эжелериндей, апаларындай, досторундай болгула. Андан тышкары, кызыктуу темаларды жана программаларды тандап, активдүү катышууга тартынгандарды үндөгүлө. Мисалы, алардан сүйлөп берүүсүн же кайрылуу жасоосун сурансаңар болот, ошондо алардын иш-чараларга келишине күбө болосуӊар, ИншаАллах».

Share via