Халифа мусулман айымдар жана кыздарга сабак өттү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Маврикийден «Вакф-э-Нау» аялдар жана кыздар Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси менен виртуалдык жолугушуу сый-урматына ээ болушту

Халифа айымдар жана кыздарга алтын насааттарды айтат

Жолугушуунун жүрүшүндө, Ал Азирети диний жана социалдык маселелерге байланыштуу бир катар суроолорго жооп берди

2020-жылдын 20-декабрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад Маврикийдеги «Вакф-э-Нау» кыймылынын аял мүчөлөрү менен виртуалдык онлайн жолугушуу өткөрдү.

Ал Азирети жолугушууну Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен алып барды, ал эми «Вакф-э-Нау» мүчөлөрү Маврикийдеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук штабы катары кызмат кылып келе жаткан Роз-Хиллдеги «Дарус-Салам» мечитинен кошулушту.

Иш-чара Ыйык Курандын аяттары жана алардын котормосун окуу менен башталып, андан соң диний ырлар ырдалды жана Маврикийдеги «Вакф-э-Нау» ишмердүүлүгүн чагылдырган кыскача отчёт берилди.

Бир саатка созулган жолугушуунун калган мезгилинде, «Вакф-э-Нау» мүчөлөрү өзүлөрүнүн ишенимине жана заманбап маселелерине байланыштуу бир нече суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Ал Азиретиден: «Биз асман жана жерди, ошондой эле ал экөөнүн ортосундагы бардык нерселерди курулай жаратканыбыз жок» (38-сүрөө, 28-аят) деген Куран аяты жөнүндө, ошондой эле кээ бир адамдар курт-кумурскалар сыяктуу кээ бир жандыктардын баалуулугу жана пайдасы тууралуу сурашкан.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Аллах Таала эч нерсени бекер жараткан эмес. Жаратылуунун бир дагы бөлүгү пайдасыз эмес. Мисалы, чаяндын уусу айрым дары-дармектерде колдонулат. Гомеопатияда колдонулган жыландын уусу жөнүндө да ушуну айтууга болот. Курт-кумурскалар же пайдасыз деп эсептелген жандыктар колдонулуп жасалган башка дары-дармектер да бар. Демек, бир топ нерселер бар, алардын максаттарын түшүнбөсөк дагы, Аллах алардын ичине кандайдыр бир ой-ниетин киргизген, ошондуктан Анын жаратууларынын бири да жараксыз эмес».

Халифа айымдар жана кыздарга алтын насааттарды айтат

Ал Азиретиге социалдык тармактар жана жаш кыздарга Ахмадий эмес досторуна алар менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарга жайгаштырууга уруксат берүү канчалык максатка ылайыктуу деп сурашты.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгер силер хижабты кийүү жашында болуп, анан досторуңар менен сүрөткө түшүп жаткан болсоӊор, анда алардан сүрөттөрүңөрдү социалдык тармактарга жайгаштырбоону сурангыла. Тобокелге учурабаш үчүн, мындай сүрөттөрдү биринчи кезекте тартып албоого аракет кылгыла, бирок эгер алар кайсы бир жерде тартылган болсо, анда мен айткандай, досторуңардан аларды социалдык тармактарга жайгаштырбоону сурангыла. Эгер алар силердин жакшы досторуңар болсо, анда алар силердин өтүнүчүңөрдү кабыл алып, аны сыйлашат».

«Вакф-э-Нау» мүчөлөрүнүн дагы бир мүчөсү адам кантип Аллах Тааланын сүйүүсүнө жетип, Аллах ага ыраазы экендигин билүүгө болот деп сурады.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгер сиз Аллах Тааланын айткандарына ар дайым баш ийсеңиз, анда Анын сүйүүсүнө ээ болосуз. Курани Каримде жүздөгөн буйруктар бар, ошондуктан алардын бардыгын аткарсаңыз, анда Аллах Тааланын сүйүүсүнө жетесиз. Эгер сиз Аллах Таалага туура ибадат кылып жатсаңыз, анда сиз Аллах Тааланын сүйүүсүнө жете аласыз. Бирок, эгер сиз Ага баш ийбей жатсаңыз, анда Аллах сизге ыраазы жана курсант боло албайт».

Ал Азиретиден эгер ата-энелери балдарды тарбиялашса же жазалашса, анда балдар кандай жооп кайтарышы керектиги суралды. Буга жооп кылып, Ал Азирети ата-энелер балдарын кичинекей же майда-барат нерселер үчүн урушпашы керек, тескерисинче, балдарын сүйүү жана мээримдүүлүк менен жетектеши керек деп айтты. Ал Азирети ата-энелер кыздарына өзгөчө назик жана жумшак мамиле кылышы керектигин да айтты.

Халифа айымдар жана кыздарга алтын насааттарды айтат

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Масийх жана Махдий (ага Алланын тынчтыгы болсун) ата-энелердин балдарын жөнөкөй нерселер үчүн ашыкча урушкандыгын жактырбай тургандыгын айтты. Тескерисинче, ал (алайхиссалам) алар сабырдуулук көрсөтүп, балдарына Алла Таала аларды оңдоп, кемчиликтерин жана көйгөйлөрүн чечип бериши үчүн дуба кылышы керектигин үйрөткөн».

Мындан тышкары, Ал Азирети балдар чоңойгон сайын, Аллах Тааланын буйруктарын аткаруу милдети бар экендигин дагы айтты.

Дагы бир «Вакф-э-Нау» коомчулукта мыйзамсыз баңги заттардын кеңири жайылып кеткендиги жана аларды колдонуу менен жаштардын жашоосуна кандайча олуттуу зыян келтирилип жаткандыгы жөнүндө сөз кылган.

Буга жооп кылып, Ал Азирети мыйзамсыз баңги заттарды колдонуу дүйнө жүзү боюнча өтө чоң социалдык көйгөй экендигин айтты. Ал баңги заттарды саткан картелдерди жана сатуучуларды адеп-ахлаксыздык деп катуу айыптап, алар дүйнө жүзү боюнча коомчулуктарды бузуп жатышат деп билдирди. Ал Азирети азыркы учурда баңгизат сатуучулардын жаш балдарды мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн качыр катары колдонуп, өздөрүнүн кылмыштарынын торуна илип кетишкен учурлары болгонуна байланыштуу өзүнүн нааразычылыгын жана коркунучун билдирди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Баңги заттарды колдонуу дүйнө жүзүндө кеңири жайылган жана аны ири мафия көзөмөлдөп турат, ал тургай алар мектеп окуучуларын баңгизаттарын сатуу үчүн колдонушат. Алар аларга бир аз баңги затын бекер сунушташат жана алар көз каранды болуп калышканда, алардан: «Макул, биз силерге дагы баңги затын акысыз беребиз, эгерде силер аны өзүңөрдүн классташ студенттериңердин же башкалардын арасында биз үчүн сатсаңар», – деп сурашат. Ошентип, коомчулук азыр толугу менен бузулган. Коомчулукта эч адеп-ахлак жок калган. Алар өз балдары жана улуттун балдары менен эмне кылып жатышкандыктары менен иши жок».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Демек, биз өтө сергек болушубуз керек жана ата-энелер кылдаттык менен көз салып, балдарына жаман компаниянын (айлана-чөйрө) зыяндуулугу жөнүндө айтып турушу керек, эң башкысы, балдарыңар мындай кооптуу адаттарга эч качан аралашпасын деп дуба кылгыла. Андан тышкары, эгер балдардын өмүрүн кыйган мындай иш-аракеттерге катышкан адам жөнүндө билсеңер, анда тиешелүү адамдарга каршы чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга кабарлагыла. Ата-энелер балдарына жана алардын күнүмдүк иш-аракеттерине өтө кылдат жана сергек болуп, андан кийин алар үчүн дуба кылышы керек».

Жолугушуу аяктайын деп калганда, «Вакф-э-Нау» мүчөлөрүнүн бири Ал Азиретиден: «Адамдын руханий абалы эч качан төмөндөбөшүн же артка кетпеши үчүн эмне кылуу керек?» – деп сурады.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Тынымсыз Истигфаар кылуу, башкача айтканда, Аллах Тааланын кечиримдүүлүгүн суроо керек. Аллахтан жардамын суроо керек. Андан жардам сурап, Ага жалбаруу керек. Ага бир жолу руханий даражага жеткениӊизден кийин, артка кайтпооңуз үчүн жалынып дуба кылыӊыз. Беш убак намазды үзгүлтүксүз окуп туруңуз, анткени Аллах Таала күнүмдүк намаз адамды дүйнөдөгү, материалисттик коомчулуктун зыяндуу таасиринен сактоонун эң мыкты булагы деп айткан. Жана сизге жаман ой келген сайын, ар дайым Алла Таала сизди көрүп турарын жана сиздин ар бир ишиңизди жана кыймыл-аракетиңизди Ал көрүп турганын унутпаӊыз».

Share via