Көп аялдуулук жана аялдардын ортосунда теӊ мамиле кылуу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Көп аялдуулук жана аялдардын ортосунда теӊ мамиле кылуу

Мырза Гулам Ахмад

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай дейт: «Биринчи аялдын көӊүлүнө карап, ушунчалык даражада анын көӊүлүн алуу керек, эгерде бир эркек киши экинчи жолу үйлөнүү муктаждыгын сезип жатса, бирок ал экинчи жолу үйлөнүүсүнөн улам биринчи аялынын катуу жабыркагандыгын жана көӊүлү калгандыгын көрсө, ошондо эч кандай күнөөгө кабылбай, шариятка таандык эч бир муктаждыгы да жабыр тартпаса, анда эгер сабыр кыла алса, (сабыр кылсын) жана ал мурунку аялынын көӊүлүн алуу үчүн өз муктаждыктарын курмандыкка чалып, бир гана аялга чектелсе, анда эч кандай көйгөй жок жана ага экинчи жолу үйлөнбөөсү туура болот».

Дагы мындай дейт:

«Алла Таала тарабынан билгенибиздин баарын эч жан тартпай билдиребиз. Ыйык Курандын бирден көп аял алууга берген уруксатынын максат-мүдөөсү – силер өз жаныӊарды такыба кармаганыңар үчүн жана башка максаттар, мисалы, такыба балалуу болуу, жакындарыңарга кам көрүү жана алардын укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн сооп алышыңар керек. Муктаждыктарыӊар жагынан бир, эки, үч же төрт аялга чейин үйлөнүүгө уруксат берилген, бирок эгер алардын ортосунда адилеттүүлүк мамиле кыла албасаңар, анда бул баш ийбөөчүлүк болот жана сооптун ордуна азап аласыӊар, анткени силер бир күнөөдөн жийиркенип, башка күнөөлөргө аттандыӊар. Бирөөнүн көӊүлүн калтыруу оор күнөө болуп саналат жана кыздардын ортосундагы мамилелер абдан назик болот».

(Малфузаат, VII том, 64-65-беттер, 1984-жылда басылган нуска)

Ошо сыяктуу эле, дагы бир жолу Убадаланган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай дейт:

«Өзүңөр багып-тарбиялап жаткан жетим кыздарга үйлөнүүӊөр күнөө эмес, бирок эгер силер алар жетим болушканынан улам, биздин напсибиз аларга акысыздык кылышы мүмкүн деп байкасаңар, анда силер ата-энеси жана туугандары бар, силерге моюн суна турган жана силер коркуп турган аялдардан теӊ мамиле кылуу шарты менен бирден төрткө чейин алсаӊар болот, бирок эгер теӊ мамиле кыла албасаңар, анда муктаждык келип чыкса дагы, бирөө менен эле чектелгиле».

(Ислам принциптеринин философиясы – Руханий казыналар, 10-том, 337-бет)

Share via