Көп аялдуулуктун даанышмандуулугу жана ичкиликтин зыяны
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Көп аялдуулуктун даанышмандуулугу жана ичкиликтин зыяны

Бирден көп аялга үйлөнүү уруксаты

Мырза Худа Бахш Сахиб Малир Котладан келген болчу. Ал кишиден ал жердеги Жалсанын ахвалы жөнүндө сурай берген. Анын айтымында, бир адам Ислам дининде төрт аял алуу буйругу өтө жаман жана ал бардык адеп-ахлаксыздыктардын башаты деп сын-пикир билдирген.

Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«(Ислам) төрт аял алууга буйрук берген эмес, төрт аял алууга уруксат берген. Бул сөзсүз түрдө төрттү алуу шарт дегенди билдирбейт. Курандын максат-мүдөөсү бул: адамдардын муктаждыктары ар башка болгондуктан, бирден төрткө чейин (алууга) уруксат берилген. Өзү сын-пикирин билдирип, анан Ислам динин тутунгандыгын билдирген адамдар өз ишениминин кандайча сакталып жаткандыгын мен билбейм. Алар Исламга каршы сын-пикир билдиришпейби. Алар мыйзам чыгарып жатканда, мыйзам чыгаруучу эмнелерди эске алуу маанилүү экендигин байкашпайт. Мисалы, бир кишинин аялы бар, бирок ал пес оорусу же сифилис менен ооруган же көзү көрбөсө, же балалуу боло албай жатса, жана башка ушул сыяктуу ооруларга чалдыккан болсо, анда ал эмне кылышы керек? Ошол эле аялга ыраазы болушу керекпи? Ушундай кыйынчылыктардын учурунда алар кандай чараларды сунушташат? Же ал кандайдыр бир тентектик, ойноштук жана ж.б.у.с. иштерге кирип кеткен болсо, эми бул күйөөсүнүн ар-намысы ошого эле өзүнүн абийирдүү аялы деген наамды ыйгарууга уруксат береби? Алар Исламга каршы сын-пикир билдирип жатышканында, эмнеге сокур болуп калышын Кудай гана билет. Адамдын муктаждыктарын кандыра албаган дин деген эмне болгон дин экендигин түшүнө албай жатабыз. Эми жогоруда эскерилген жагдайларда христиан дини эмнени сунуш кылат?

Ыйык Куран ар бир адам муктаждыгы үчүн мыйзам сунуш кылат

Курандын улуулугу мындан дагы далилденет: ал буга чейин мыйзам чыгарбаган бир дагы адам муктаждыгы жок. Азыр Англияда дагы ушундай кыйынчылыктардан улам, көп аял алуу жана ажырашуу болуп атат. Жакында эле бир Лорд жөнүндө жазылган, ал башка аял алып, акыры ал жазаланган, бирок ал Америкага кетип калган.

Эркектин бирден көп аял алышы муктаждыгы жаралып жатабы же жокпу деп кылдаттык менен карап көрүңүздөр. Мындай муктаждыктар туулса, бирок аларга даба жок болсо, анда ушул эле кемчиликти оӊдоо үчүн Ыйык Куран сыяктуу толук китеп жөнөтүлгөн».

Шарап жана шарап печеньеси

Ошол эле учурда, алкоголь жөнүндө сөз башталды. Кимдир бирөө эй, Азирети! Азыр шарап печеньеси да ойлоп табылды деп айтты. Ал Азирети мындай деп айткан:

«Ичкилик – уяттуулуктун, жөнөкөйлүктүн, аруулуктун жана абийирдүүлүктүн эң жаман душманы. Ал адамдын баркын кудум иттер, мышыктар, эшектер сыяктуу жоготуп салат. Ага берилген адам алардыкына окшош болуп кетет. Эми печенье деген балээ дүйнөгө жайылып кетсе, анда ага мурда жасалбаган миңдеген башка күнөөлөр дагы кошулуп кетет. Илгери айрымдарды ар-намыс жана абийирдүүлүк эле (арак ичтүүдөн) токтотуп койчу. Эми печеньени алып, чөнтөгүнө салып кетет. Кеп мындай, Дажжал дүйнөнү адеп-ахлаксыздык жана күнөөлөр менен толтуруу үчүн болгон күч-аракетин аяган жок, бирок андан ары Алланын колунда, Ал Өзу каалаганын кылат. Исламдын эмне деген улуулугу байкалат, бир хадисте мындай деп кезигет: бир адам Исламга каршы сын-пикир билдирген, андан шараптын жыты келген. Ага: «Сен арак ичип, Исламга каршы сын-пикир билдиресиӊби?» – деп жаза берүүгө буйрулган. Бирок азыр эч бир чек жок. Ичкилик ичишет, ойноштук кылышат, кыскасы, (адамдар) жасабаган жамандыгы калбай калды, бирок ошондо дагы Исламга каршы сын-пикир айтууга даяр турушат».

(Малфузаат, 5-том 130-132-беттер. 1984-жыл басылышы)

Share via