Балдарыңарды Аллага баш ийүүчү адам кылууга аракет кылгыла
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Балдарыңарды Алла Таалага баш ийүүчү адам кылууга аракет кылгыла

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү, Убада кылынган Масийх жана Махдий, Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалам) мындай деп насаат кылат:

«Дагы бир нерсе, адамдар балалуу болушун эңсешет жана балалуу да болушат, бирок балдарды тарбиялап, аларды жакшы, адептүү жана Алла Таалага баш ийүүчү инсан кылууга күч-аракет жасап жана кабатыр болуп жаткандыгы эч качан байкалбайт. Алар үчүн эч качан дуба кылышпайт жана таалим-тарбия деңгээлин да карашпайт.

Менин өзүмдүн абалым – досторум, балдарым жана аялым үчүн дуба кылбаган бир дагы намазым жок. Өз балдарына жаман адаттарды үйрөткөн ата-энелер көп. Башында, алар (балдары) жаман иштерди кылууну үйрөнө башташканда, аларга эскертүү беришпейт. Натыйжада, алар барган сайын тайманбас жана баатыр болуп калышат…

… адамдар балалуу болушун каалашат, бирок алардын дин кызматчысы болушу үчүн эмес, дүйнөдө өздөрүнүн кандайдыр бир мураскору болушу үчүн (каалашат). Анан балалуу болушканда, алардын тарбиясына кам көрүшпөйт. Алардын акыйдасын (ишенимин) да реформалап-оӊдошпойт, алардын адеп-ахлакттары да оңдолбойт. Билип койгула, жакын туугандардын мамилелерин түшүнбөгөн адамдын ишеними (ыйманы) туура боло албайт. Ал андан (ыймандан) куру-жалак калгандан кийин, башка жакшылыктарды андан күтүү мүмкүнбү? Алла Таала Ыйык Куранда балдарга болгон каалоону мындайча баяндаган: رَبَّنَا ہَبۡ لَنَا مِنۡ اَزۡوَاجِنَا وَ ذُرِّیّٰتِنَا قُرَّۃَ اَعۡیُنٍ وَّ اجۡعَلۡنَا لِلۡمُتَّقِیۡنَ اِمَامًا (الفرقان:75)Башкача айтканда, Алла Таала бизге өмүрлүк жарларыбыз жана балдарыбыздан көздөр кубанычын тартууласын. Алар адеп-ахлаксыздык жана бузукулук өмүр сүрбөй, тескерисинче, Ибаадур-Рахмаан (Мээримдүү Кудайдын пенделери) жашоосу менен жашап, Кудайды ар бир нерседен жогору коюучу болушканда гана ошол (көздөр кубанычы) насип этилиши мүмкүн. Мындан кийин ачык-айкын айтат:وَّ اجۡعَلۡنَا لِلۡمُتَّقِیۡنَ اِمَامًاЭгер балдары такыба жана ыймандуу болушса, анда ошондо гана алардын имамы болот. Башкача айтканда, бул такыба болуу үчүн да бир дуба болуп эсептелинет.

(Малфузаат, 1-том, 562-563-бет, 1988-жылдагы нуска)

Аял жана балдар үчүн дуба суроого баса белгилеп насаат

Ыйык Куранда Алла Таала төмөндөгүдөй дубаны үйрөткөн: اَصْلِحْ لِیْ فِیْ ذُرِّیَّتِیْ (الاحقاف: 16)Менин аялым менен балдарымды да оӊдогун («Ал-Ахкааф» сүрөөсү 46:16). Адам өзүндө таза өзгөрүүлөрдү жаратуу жана дуба кылуу менен бирге өз балдары жана жубайы үчүн да дуба сурап туруусу керек, анткени көпчүлүк фитна-сыноолорго адам өзүнүн балдарынан улам кабылат, андан дагы көпчүлүк өзүнүн жубайынан улам».

(Малфузаат, 5-том, 456-457-беттер, 1988-жылдагы нуска)

Share via