Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу Халифа-э-Раашиди Азирети Али бин Абу Таалиб (разияллаху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу мартабалуу Халифа-э-Раашиди Азирети Али бин Абу Таалиб (разияллаху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

мечитте окулган жума кутбасы

Жабрайил (алайхиссалам) Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында Али (разияллааху анху)ну мактаганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Али менден жана мен Алиденмин», деп айткан, ошондо Жабрайил (алайхиссалам) мен силердин экөөңөрдөнмүн деп айткан

9-хижра жылынын Ражаб айында болгон «Табук» согушунун учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллаху анху)ну Мединада өз милдетин аткаруучу кылып дайындаган

Алжирия жана Пакистандагы Ахмадийлер дуушар болгон ыңгайсыз ахвалга байланыштуу өзгөчө дубага чакырык

Рабвахтын туругуну урматтуу Мухаммад Абдулла мырзанын уулу урматтуу Рашийд Ахмад мырзанын эскерилүүсү жана гайып жаназа намазы

2020-жылдын 11-декабрында, башкача айтканда, 1399-хижра жылынын 11-Фатх күнү Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала бинасрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 11-декабрь күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала бинасрихилазиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасы Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Раана Атаур-Рахийм мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосунмындай деп айткан:

Азирети Али (разияллааху анху) тууралуу сөз болуп жаткан. Бүгүнкү жана кийинки бир нече кутбаларда дагы ушул эле тема уланат. «Ухуд» согушунда Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) шейит болгондон кийин Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) желекти Азирети Али (разияллааху анху)га тапшырган. Ал (разияллааху анху) мушриктердин желегин көтөрүп келген Талха бин Абу Талха баш болгон каапырлардын бир топ аскерлерин өлтүргөн. Жабрайил (алайхиссалам) Азирети Али (разияллаху анху)ну Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында мактаганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Али менден жана мен Алиденмин деп айткан. Ошондо, Жабрайил (алайхиссалам) мен сиздердин экөөңүздөрдөнмүн деген. Азирети Али (разияллааху анху) «Ухуд» согушунда Сүйүктүү Пайгамарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды шейит болгондордун арасында таппай, эми салгылашып жатып шейит болом деп чечтим. Ошентип, мен каапырларга ушунчалык катуу чабуул жасадым, алар качып кетишти жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды алардын арасында турганын көрдүм деп айтат. «Ухуд» согушунда Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) жарадар болгондо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жараатын тазалоо бактысы Азирети Фатима менен Азирети Али (разияллаху анхумаа)га насип этилген. Бир рабаят боюнча «Ухуд» согушунда Азирети Али (разияллааху анху) 16 жаракат алган.

5-хижранын Шаввал айында болгон «Ахзаб» согушунда Икрама бин Абу Жахл жана башка мушриктер траншеядан өтүп, ыр окуп беттешүүгө чакырык жасашканда, Азирети Али (разияллааху анху) аларга жооп кайтарган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллаху анху)га өз кылычын берип жана өз чалмасын кийгизгенден кийин аны ак бата менен жөнөткөн. Азирети Али (разияллааху анху) өзүнүн эрдиги үчүн миң жоокерге тең деп эсептелинген атаандашы Амар бин Абди Вудду өлтүргөндө, анын шериктери артка бурулуп, качып кетишкен. Каапырлар Амар бин Абди Вуддун сөөгү үчүн он миң дирхам төлөөгө даяр болушкан. Бирок, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) аны алып кеткиле, биз өлгөндөрдүн баасын жеп-ичкен адамдардан эмеспиз деп айткан.

Худайбиядагы тынчтык келишими түзүлгөн маалда каапырлар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аты менен жазылган «Расулуллаах» (Алланын Элчиси) сөзүнө каршы чыгышканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)га муну чийип сал дегенде, Азирети Али (разияллааху анху) буга ыңгайсыздыгын билдирген. Ошондо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал сөздү өзү чийип салган.

7-хижра жылынын Мухаррам жана Сафар айларында болгон «Хайбар» согушунда «Хайбардын» башчысы Мархаб өз кылычын булгалап, өтө текеберленген бойдон чыккан. Азирети Салма бин Акваанын агасы Амир ага каршы күрөшүүгө чыккан, бирок өз кылычынан жаракат алып шейит болуп калган. Айрым сахаабалар Амирдин өз кылычынан жаракат алып, өлгөнүн көрүп, ал жасаган иштердин баары текке кетти деп күмөн санашкан. Бирок, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Амирге эки эсе сыйлык бар экендигин айткан. «Хайбар» согушунун учурунда Азирети Али (разияллааху анху)нун көздөрү ооруп калганына байланыштуу, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) шилекейин сүйкөгөндө, анын (көздөрү) айыгып кеткен. Ал (разияллааху анху) өтө тайманбастык жана жигердүүлүк менен согушуп жатып, Мархабды өлтүргөн.

«Хайбар» согушунан сөз кылып, Азирети Убада кылынган Реформатор (разияллааху анху) мындай деп айткан: Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га ушул шаардын жеңиши Азирети Али (разияллааху анху)нун колунан болоорун алдын ала айтып койгон болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эртең менен мен бүгүн Исламдын желегин Кудай, Анын Элчиси жана мусулмандар сүйүшкөн адамга тапшырам деп жарыялаган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ислам желегин Азирети Али (разияллааху анху)га тапшырган жана Алла Таала ал (разияллааху анху)нун колунан мусулмандарга жеңиш тартуулаган. Ошол эле согушта Азирети Али (разияллааху анху) бир жөөт генералы менен согушуп жатып, көкүрөгүнө чыгып отурган. Ал (разияллааху анху) моюнун кесейин деп жатканда, ал жөөт анын бетине түкүрүп салган. Ушундан кийин Азирети Али (разияллааху анху) жөөттү өлтүрбөй койгон. Себеби суралганда, ал (разияллааху анху) мен сени менен Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн согушуп жаткам. Бирок, сен бетиме түкүргөнүңдө, ачуум келди, эми сени өлтүрсөм, анда бул өлтүргөнүм Кудай үчүн эмес, тескерисинче, өз непсим үчүн болушу ыктымал деп ойлодум деген.

«Ат-Тооба» сүрөөсү түшкөндө, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)ну Ажылык Амири[1] кылып жиберген болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га бул сүрөөнү Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)га жөнөтүп коюңуз деген сунуш түшкөндө, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бул милдетти менин атыман үй-бүлөмдөгүлөрдөн бирөө гана аткаруусу керек деп айткан. Ошентип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)ну ушул куттуу аманатты ажылыкка барган зыяратчыларга жеткирүү максаты менен жөнөткөн. Ушул ажылыкта Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) ажылыкка байланыштуу адамдардын иштерин көзөмөлдөгөн жана курмандык чалуу күнү келгенде, Азирети Али (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын билдирүүсүн элге жеткирген.

Мекке жеңишине чейин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Зубайр, Микдад бин Асвад жана Али (разияллааху анхум)ду Хатиб бин Аби Балтанын меккелик мушриктердин атына жазган катын төө минип алып бара жаткан аялдын аркасына жөнөткөн. Ал үч сахааба аябай ылдамдык менен барып, аялга жетип барышкан жана катты алып Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)га кайтып келишкен. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Хаатиб бин Аби Балтаадан бул иш-аракетинин себебин сураганда, ал мен бул ишти кандайдыр бир каапырлык же динден кайткандан улам жасаган жокмун. Мен меккеликтерге кандайдыр бир жакшылык кылып, натыйжада алар да мага көӊүл бураар деген үмүт менен бул аракетти кылдым деп айткан.

Мекке жеңишинин учурунда Азирети Али (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан ажылык учурунда адамдарга суу ичирүү менен кошо «хижааба», башкача айтканда, Каабаны ачып-жабуу кызматтарын өзүнө тапшырууну суранган. Ошондо Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) Усман бин Талханы чакыртып алып, ачкычтарды ага тапшырып, эй, Усман! Мына бул сенин ачкычың деп айткан, анан Азирети Али (разияллааху анху)га кайрылып, мен өзүңөргө жакшы жана берекелүү боло турган нерселерди гана берем жана өзүңөр жооптуу болгуңар келген нерсени силерге бербейм деп айткан.

8-хижра жылынын Шаввал айында болгон «Хунайн» согушунда Мухажирлер[2]дин желеги Азирети Али (разияллааху анху)нун жанында болгон. Согуштун жүрүшүндө, согуш кызыганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тегерегинде калган бир нече сахаабалардын арасында Азирети Али (разияллааху анху) да болгон.

«Бану Тай» Сариясы[3]на Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)нун жетекчилиги астында 150 кишини жиберген. Азирети Али (разияллааху анху) Бану Хаатимге кол салып, алардын Фалас деген бутун талкалап жиберген. Ал (разияллааху анху) ушул Сариядан көптөгөн олжолор жана туткундар менен кайткан.

9-хижра жылынын Ражаб айында болгон «Табук» согушунун учурунда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)ну өз милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Азирети Али (разияллааху анху): «Сиз мени балдар жана аялдардын арасында калтырып кетип жатасызбы?» – дегенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мени менен сенин ордуң Харуундун Муса (алайхимассалам) менен болгон абалына окшош экенине кубанбайсыңбы? Бирок, менден кийин пайгамбар жок деп айткан.

Хижранын 10-жылы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Али (разияллааху анху)ну Йемен элине Ислам динине чакыруу максаты менен жөнөткөн. Азирети Али (разияллааху анху)дан мурун Азирети Халид бин Валийд (разияллааху анху) да жиберилген болчу. Бирок Йемендегилер баш тартышкан. Азирети Али (разияллааху анху) Йемен элине Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын катын окуп бергенде, Хамдаан элинин баары бир эле күндө Исламды кабыл алган.

Азирети Али (разияллааху анху)нун айтымында, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) мени Йеменге казы кылып жөнөткөндө, мен жашмын жана Казаа (диний сот) иштери жөнүндө эч кандай билимим деле жок деп айтканмын. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) албетте, Алла Таала сенин жүрөгүңдү туура жолго багыттап, тилиңди туруктуу кылат. Демек, эки урушкан адам сенин алдыңда отурушканда, эки тараптын тең сөзүн укпастан чечим чыгарба деп айткан.

Азирети Амар бин Шаас Асламий мындай деп айтып берет: Йемендеги сапарда мен Азирети Али (разияллааху анху)нун шериги болгом. Сапар аралыгында мен Азирети Али (разияллааху анху)дан катаалдыкты сезип, кайтып келгенден кийин мечитте бул жөнүндө арызданып-даттандым. Бул маселе Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)га чейин жеткен. Бир күнү мечитке кирсем, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам) мени тике карап, эй, Амар! Аллага касам, сен мени капа кылдың деген. Мен эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Сизди капа кылуудан Алланын паанасын сурайм дегенимде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алини капа кылган бирөө мени капа кылгандай болот деп айткан.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаалаа би-насрихил-азиз) Азирети Али (разияллааху анху) жөнүндөгү сөз кийинки кутбаларда дагы уланат деп айткандан кийин Алжирия жана Пакистандагы Ахмадийлер үчүн дуба кылууга чакырып, өткөн жума кутбасында Алжирия жөнүндө сөз болгон эмес болчу. Ал жерде дагы Ахмадийлер өтө оор каршылыкка туш болууда. Кээ бир Ахмадийлер (Алланын жолунда) туткундукка да алынган. Алар үчүн да Алла Таала алардын абалын жеңилдетсин деп дуба кылгыла. Ошондой эле Пакистандагы Ахмадийлер үчүн дагы кырдаал өтө оор болууда. Ошондуктан, эгер лидерлери менен молдолордун бешенесине акыл-эсти тутуу жазылбаган болсо, анда Алла Таала тез арада аларды кармоо чараларын көрсүн. Амийн

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаалаа) кутбанын аягында Рабвахтын тургуну урматтуу Мухаммад Абдулла мырзанын уулу урматтуу Рашийд Ахмад мырзаны эскерип, гайып жаназа намазын окутаарын жарыялады. Маркум 28-октябрь күнү 76 жаш курагында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.

Ал Араб Бөлүмүн[4]дө иштеп келе жаткан миссионерибиз урматтуу Тахир Надийм мырзанын атасы болгон. Маркум аябай такыба, ыймандуу, кичи пейил, меймандос жана башкаларга боорукер адам эле. Анын артында аялынан тышкары, үч кызы жана эки уулу калды. Хузур-э-Анвар Алла Таала маркумду кечирип, ага ырайымдуу мамиле кылсын деп дуба кылды.

٭…٭…٭

[1] Ажы башы.

[2]  Меккеден Мединага көчүп кеткен сахаабалар.

[3] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү кезинде болгон, бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү катышпаган согуштун аталышы.

[4] Лондондо Жамаатыбыздын штаб-квартирасында араб өлкөлөрүндөгү Ахмадия Мусулман Жамааты үчүн түзүлгөн кеңсе.

Share via