Өсүп-өнүгүүнүн ачкычы кандай? Мусулмандардын ийгиликке жетиши.
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Адамдын өсүп-өнүгүүсү жана гүлдөөсү

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:

«Адамдар өсүп-өнүгүүнү каалашат, бирок өсүп-өнүгүү кандай болоорун билишпейт. Дүйнөкорлор Европаны тууроо өсүп-өнүгүүгө алып келет деп түшүнүп алышкан. Бирок мен прогресс ар дайым адилеттүүлүктөн келип чыгат деп айтам. Аллах Таала буга үлгү көрсөткөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) жана анын жамаатынын мисалын карагыла. Өсүп-өнүгүү кудум мурун бологондой эле болот. Илгери болгон өсүп-өнүгүү реформа, такыбалык жана адилеттүүлүк менен болгондугу – бул бүтүндөй чындык. Алар Аллах Тааланын ыраазычылыгын издеп, Анын буйруктарын аткарышкан. Азыр деле качан гана өсүп-өнүгүү болбосун, ошондой эле жол менен болот.

Саййид Ахмад Хан мырза коомум, коомум деп айтчу. Бирок тилекке каршы, ал бир уулун дагы оңдой алган эмес. Бул нерсе кандайдыр бир билдирүү жасоо башка, ал эми анын чындыгын көрсөтүү башка нерсе экендигин далилдейт. Так ушул нерсени Аллах Таала Ыйык Куранда үйрөткөн. Мусулмандар Ыйык Куранды толук карманып, аны аткарышмайынча, эч өсүп-өнүгө алышпайт. Алар Ыйык Курандан канчалык алыстаган сайын, өсүп-өнүгүү баскычтарынан жана жолдорунан ошончолук алыстап жаткан болушат. Ыйык Куранга амал кылуу гана прогресстин жана туура жолдун себепчиси. Аллах Таала соода, дыйканчылык жана тиричиликтин адал болгон жолдорунан тыюу салган эмес, бирок ооба, аны түпкү максат деп эсептебей, диндин кызматкери катары ойлошу керек. Зекет дагы диндин кызматчысы болушу керек дегенди билдирет.

Билип койгула, прогресстин чыныгы жолу ушул гана. Улут Аллах Тааланы кадам таштап, жүрөктөрүн тазаламайынча, бул эл эч качан өнүгүп-өсө албайт. Англис тилин окуп-үйрөнүү, англис кийимин кийүү, спирт ичимдиктерин ичүү жана адеп-ахлаксыздыкка берилүү прогресске алып келет деген ой бүтүндөй жаӊылыштык. Бул кыйроонун жолу. Нух (алайхиссалам)дын убагында жашаган адамдардын тиричилиги жана жыргалчылык шарттары болгон эмес беле? Алар англис тилин гана окуп-үйрөнүшкөн беле? Ошол сыяктуу эле, Лут (алайхиссалам)дын доорунда алар да жан багышкан. Ушул сыяктуу эле, бул доордо да кээ бир жашоо булактары бар, алардын бири – жашоо булагы деп эсептелген тил, бирок ал тил Аллах Тааланын тили. Аны Аллах Таала билимдин жана таанып-билүүнүн ачкычы кылган. Качан адам бейкалыс пикирден арылып, Ыйык Куранга акылдуулук менен карап, физикалык жана руханий каршылыктардан алыс болуп, дубалар менен алектенип турса, ошондо гана өсүп-өнүгүү болот». (Малфузаат, 8-том, 29-30-бет, 1984-жылы басылган нумка)

Share via