Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Голландиянын Нунспит шаарында жума кутбасын окуду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Голландиянын Нунспит шаарында жума кутбасын окуду

Азирети Мырза Масрур Ахмад өзүн реформалап-оңдоо жана МТАнын кут-берекелери жөнүндө сүйлөдү

2015-жылдын 9-октябрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Голландиянын Нунспит шаарында жайгашкан «Байтун-Нур» аттуу мечитте өзүнүн жумалык жума кутбасын окуду.

2015-10-09-Friday-Sermon-002

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши мындай деди: ар бир Ахмадий мусулман үзгүлтүксүз моралдык жана руханий өсүп-өнүгүү үчүн аракет жасоосу керек жана коомчулукта тынчтыктын туусун көтөрүүдө үлгү болууга аракет кылуусу зарыл.

Учурлук Халифа мындай деди: Голландияда жашаган Ахмадий мусулмандардын көбү Пакистандан болушат жана өз мекенинде алар кабылган диний каршылыктын айынан Голландияда отурукташууга уруксат берилген. Ошондуктан, Ахмадиянын чыныгы таалимдерин ээрчүүгө алар көбүрөөк милдеттүү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Убада кылынган Мессия (алайхиссалаам) мындай деп айткан: Ахмадий мусулмандар тек куру сөздөр же билдирүүлөр менен эле чектелбестен, тескерисинче алар берген байъаттын (анттын) чыныгы максат-мүдөөлөрүн аткаруулары керек. Ал киши мындай деди: эгерде алар туура-таза өзгөрүүлөрдү жаратышпаса, анда алар менен башкалардын ортосунда эч кандай айырма болбойт».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: Убада кылынган Мессия (алайхиссалаам) Ахмадий мусулмандардын көңүлдөрүн жеке өзү Исламдын чыныгы таалимдеринин негизинде өзүн тарбиялоого, анын тынчтык таалимдерин бүткүл дүйнөгө жайылтууга бургузган. Ошондуктан, бардык Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн дини жөнүндө чыныгы илим-билимге жана түшүнүккө ээ болуулары зарыл.

Ал киши мындай деди: Голландиянын жарандары жергиликтүү Ахмадий мусулмандардын жүрүм-турумдарына көз салышат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жакында мен Алмере шаарында жаңы мечитке алгачкы ташын койгонумда, кыскача кайрылууну дагы жасадым. Андан кийин голландиялык бир аял мындай деп өз ой-пикирин айтты: Учурлук Халифанын сөздөрү тынчтыкты гана таратат жана мактоо-алкоого татыктуу, жергиликтүү Ахмадий мусулмандар дагы өздөрүнүн руханий жетекчиси айткан сөздөрүнө канчалык амал кылаарын али байкоо керек. Ошондуктан, жергиликтүү адамдар ушул жерде жашаган Ахмадий мусулмандарга көз салып турушат, ошон үчүн силер үзгүлтүксүз өзүңөрдүн моралдык жана руханий стандарттарыңарды текшерип турууңар керек».

Ал киши МТА Интернейшналдын маанилүүлүгү жөнүндө дагы сүйлөп, мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү ар аптада Учурлук Халифанын жума кутбасын көрүүгө өзгөчө аракет жасоолору керек.

Ал киши мындай деди: МТА жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандарды бириктирүүчү каражат жана Жамаат мүчөлөрү үчүн Халифанын кабарын угуунун бир куралы.

Азирети Мырза Масрур Ахмад Голландияга 3 жылдан кийин иш сапары менен келип жатат. Учурлук иш сапарынын аралыгында ал киши Голландиянын Улуттук Парламентинде өзгөчө бир кайрылууну жасады жана Алмере шаарында «Байтул-Аафиййат» аттуу мечитке алгачкы ташын койду.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Чектеш темалардын мазмуну
Share via