Жаңы Жамаат түзүүнүн себеби
Эми, мен Ахмадиятты бир аз окуган, ошондой эле Ахмадийлердин Алла Тааланын бир экенине, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын пайгамбарлыгына ишенгендигине, Курани Карим жана хадисти кабыл алгандыгына, намаз окугандыгына, орозо туткандыгына, ажылык сапарга барарына, зекет беришине, кыяматта кайрадан тирилүү жана эсеп-кысап берүүгө, ошондой эле жаза-соопко ыйман келтиргендигине ынанган, бирок: «Эгер Ахмадийлер башка мусулмандар сыяктуу мусулман болсо, анда жаңы бир Жамаат түзүүнүн эмне кажети бар эле?» – деп таң кала турган адамдарга кайрылууну эп көрдүм.
Демек, алар Ахмадийлердин ишеними жана амалына каршы эмес, жаңы бир Жамаат түзүүсүнө каршы. Чындыгында, башка мусулмандар менен Ахмадийлер арасында эч кандай айырма жок болсо, алардын башкалардан айырмаланышынын себеби эмнеде? Эч кандай карама-каршылык болбосо, анда башка бир «мечит» куруунун максаты эмне?
Ушул суроого эки түрдүү жооп берсе болот: бири – акыл жагынан, экинчиси – руханий жактан. Буга акыл жагынан мындай жооп берсе болот: «жамаат» жалгыз гана сандардын эсептелиниши эмес. Миң, жүз миң же миллиондогон кишилер «жамаат» деп аталышпайт. Тактап айтканда, биргелешип иштөөгө чечим кылып, бир эреже-тартип менен ишмердүүлүк көрсөтүп жаткан кишилердин тобун «жамаат», – дейт. Мындай кишилер беш-алты болсо да, «жамаат» болот, тескерисинче миллиондогон чаржайыт, багытсыз адамдар «жамаат» эмес.
Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Меккеде өз пайгамбарлыгын жарыялаганда, биринчи күнү болгону төрт киши гана ага ыйман келтиришкен, өзү болсо бешинчиси болгон. Бар жогу беш кишиден турганына карабай, алар «жамаат» болушкан. Ал эми, Меккедеги сегиз-он миң киши дагы «жамаат» эмес эле, жалпы Арабстан калкы да «жамаат» эмес эле. Анткени, алар биргелешип иштөөгө келишпеген жана кандайдыр бир уставга ээ болушкан эмес. Кыскасы, бул түрдөгү суроо берүүдөн мурда бир нерсеге көңүл бурсак, азыр мусулмандардын деги бир «жамааты» барбы? Ааламдагы мусулмандар баардык маселелерде өз ара биргелешип иштөөгө чечим кылышканбы? Алардын кандайдыр бир биргеликтеги уставы барбы?
Эми, боорукерлик маселесине келсек, мусулмандардын дилдеринде бир-бирлерине карата боорукерлик туйгулары бар, деп ишенем, бирок ал дагы бардык мусулмандарда бирдей эмес. Айрымдардын дилдеринде бар болсо, кээ бирлеринин дилдеринде мындай туйгу жок. Кала берсе, ар түрдүү келишпестиктерди бир жактуу кыла турган эч кандай мекеме же уюм да жок. Майда-барат келишпестик «жамаат» арасында болушу мүмкүн, а түгүл пайгамбарлардын тирүүсүндөгү «жамаатта» да болушу мүмкүн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жашаган доордо кез-кезде «Ансарлар» менен «Мухаажирлер» арасында, кээде башка айрым уруулар ортосунда талаш-тартыштар чыгып турган, бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) чечим чыгаргандан кийин бүт карама-каршылыктарга чекит коюлду. Кудум ушундай халифалык доорундо да келишпестик чыгып турган. Андай жагдайда халифалар чечим чыгаргандан кийин ага чек коюшкан. Халифалык өткөндөн кийин да чамасы жетимиш жылдай мусулмандар бир өкмөттүн колунда болушкан. Каерде болбосун, жалгыз системага моюн сунушкан. Бул система жакшы-жаманына карабай, ар кандай абалда мусулмандарды өз ара бир жип менен байлап турган. Андан кийин талаш-тартыштар чыгып, мусулмандар эки бөлүккө бөлүнүп кетишкен. Испания мусулмандары бир бөлүккө, дүйнөнүн калган тарабындагы мусулмандар экинчи бөлүккө ажырашкан. Бул дагы талаш-тартыш болгон, бирок чектелген даражадагы талаш-тартыш эле. Ушуга карабастан, дүйнөдөгү көпчүлүк мусулмандар баары тең бир башкаруу астында жашоону улантышкан. Бирок арадан дагы үч жүз жыл өткөндөн кийин, бул башкаруу кемирилип, бардык мусулмандар арасында карама-каршылык чыгып, алардын арасы чаржайыт ахвалга жеткен. Бул тууралуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деген:
«хай-рул-ку-руу-ни кар-ний сум-малла-зий-на я-луу-на-хум сум-малла-зий-на я-луу-на-хум сумма яф-шул-ка-зи-ба»,
эң жакшы кылым меники, андан кийин экинчи кылымда жашаган кишилер жана алардан өтүп үчүнчү кылымда жашагандар болот. Андан соң дүйнөдөн акыйкат жоголот, зулумдук-зордук жана талаш-тартыш өкүм сүрө баштайт.
Чынында ушундай болду. Бул талаш-тартыш арбый берип, соңку үч кылымда мусулмандар өз күч-кубатын бүтүндөй жоготуп коюшту. Өткөн доорлордо бүткүл Европа ар бир мусулман падышасынан чочулап турар эле. Азыр болсо, Европа жана Америкадагы күчтөрдүн бири менен күрөшүүгө батынгандар бүтүн Ислам ааламынан табылбайт. Палестинада жөөттөрдүн кичинекей өкмөтү түзүлгөн. Сирия, Ирак, Ливан, Сауд Арабиясы, Египет жана Палестинанын баардык аскерлери ага каршы күрөшүүдө, бирок чындыгында БУУ тарабынан жөөттөргө бөлүнүп берилгенден да көп аймактар азыр жөөттөрдүн колунда. Туура, жөөттөрдүн мамлекетине Америка жана Англия жардам беришүүдө. Бирок, кеп мындай: качандыр бир мезгилде мусулмандардын ар бир өкмөтү бүтүн Европадан артыкчылык кылган, эмичи, Европанын айрым мамлекеттери бүткүл мусулмандардан да күчтүү.
Кыскача айтканда, «жамаат» деген түшүнүк боюнча азыр мусулмандардын бир дагы «жамааты» жок, бирок мусулмандардын өкмөттөрү бар. Алардын эң чоңусу Пакистан өкмөтү Алла Тааланын ырайымы менен эми гана түзүлдү[1]. Бирок Ислам дини – бул Пакистанга гана таандык эмес, Ислам дини – Египетке, Сирияга же Иранга гана да таандык эмес. Ислам – Афганистан же Сауд Арабиясына гана таандык эмес жана алардын гана наамы эсептелбейт. «Ислам» бардык мусулмандарды бириктирген «биримдик чынжырынын» наамы. Азыр болсо ааламда мындай эч бир система жок. Пакистан Афганистанга боорукер, Афганистан Пакистанга кайрымдуу. Бирок, Пакистан Афганистандын ар бир сөзүнө кулак салууга даяр эмес, керек болсо Афганистан дагы Пакистандын ар бир сөзүнө кулак салууга даяр эмес. Экөө тең өз алдынча саясат жүргүзөт, ички иштерин өз билгенинче башкарат. Калктын ахвалы да ушундай. Афганистан эли өзүнчө азат жана эркин, Пакистан эли да өзүнчө азат жана эркин. Египет эли өзүнчө азат жана эркин. Буларды бир сапка тизе турган эч нерсе жок. Кыскасы, азыр мусулмандар бар, мусулмандардын өкмөттөрү да бар жана алардын айрымдары Алла Тааланын ырайымы менен күч алууда, бирок баары бир мусулмандар бир «жамаат» эмес.
Маселен: эгер Пакистандын Аскер деңиз флоту күчтүү ахвалга жетип, бүтүн Инди океанында өкүмчүлүк кыла баштаса, анын кургактагы аскерлери күчтөнүп кетип, Индия блогуна коркунуч келтире баштаса, анын экономикалык кубаты дүркүрөп өсүп, дүйнө базарларын ээлеп алса, күч-кудурети, а түгүл Американын күч-кудуретинен да ашып кетсе, анда Иран, Сирия, Палестина жана Мисир өзүн Пакистанга кошууга бел байлашабы? Албетте, жок. Алар Пакистандын дараметин гана кабыл алышат, ага боорукерлик көрсөтөт, бирок ал себептен өздөрүн басынтууга эч ыраазы болушпайт.
Кыскасы, Алла Тааланын ырайымы менен мусулмандардын саясий ахвалы жакшырып баратат жана жаңы-жаңы Ислам өкмөттөрү түзүлүүдө. Бирок, ушуга карабастан, бүт дүйнөдөгү мусулмандарды бир Ислам жамааты, деп атоого болбойт. Анткени, алар ар кыл өз алдынча саясат жүргүзөт жана бөлөк-бөлөк өкмөттөргө ээ. Булардын баардыгынын добушун бир жайга топтой турган эч бир күч жок.
Чындыгында, Ислам өзүнүн бүткүл дүйнөлүк дин экенине жарчы. Ислам – бул Арабстан мусулмандарынын, Ислам – Иран мусулмандарынын, Ислам – Афганистан мусулмандарынын гана наамы эмес. Ааламдагы ар бир мамлекеттин мусулмандары Ислам атынан топтолгондо, ушул бардык тайпаларды чогултуу милдетин аткара турган жамаат гана Ислам жамааты деп аталуу укугуна ээ болот. Ошондой жамаат дүйнөдө болмоюнча, биз айтууга аргасыз болгон нерсе, бүт мусулмандардын өкмөттөрү жана саясаты болсо да, азыр алардын эч кандай жамааты жок. Кудум ушундай биргеликтеги устав-программа туурасында да суроо туулат. Ааламдагы баардык мусулмандарды бириктире турган эч кандай тартип-система жок болгондуктан, мусулмандардын биргеликтеги эч бир саясий, маданий, диний устав-эрежеси да жок. Айрым жайларда мусулмандардын Ислам душмандарына каршы жекеме-жеке күрөшүүсү башка нерсе, ошондой эле биригип, бир тартип-система астында чар тараптан душман чабуулун байкап, ага каршы күрөшүүгө умтулуусу – бул бүтүндөй башка нерсе. Кыскасы, устав-эреже тарабынан да мусулмандар эч кандай жамаат эмес. Мына ушундай шартта эгер бир жамаат түзүлүп, жогорудагы эки максатты алдына койсо, ага карата бул жаңы жамаат болуп калды, деп эч качан каршылык билдирүү мүмкүн эмес. Керек болсо, илгери эч бир жамаат жок эле, эми бир жамаат түзүлдү, дешибиз керек. Мен: «Жалгыз бир намаз, бир Кыбыла, бир Куран жана бир Пайгамбар болушуна карабастан, Ахмадийлер эмне үчүн өзүнчө бир жамаат түзүп алышты?» – деп шектенген досторго төмөндөгүдөй жоопту айтамын: алар Исламды кайтадан бир жамаатка бириктирүү убакыты келдиби же жокпу жана бул ишти баштоо үчүн дагы канча убакыт күтүү керек? деген нерсеге көңүл буруулары керек жана ушуну ойлоолору зарыл. Египет өкмөтү өз-өзүнчө иштеп жатат, Иран өкмөтү өз ордунда өз ишин кылып жатат жана Афганистан өкмөтү өз жайында өз ишин жасап жатат, ошондой эле башка Ислам мамлекеттери өз-өзүнчө иштерин кылууда. Бирок, алардын бар болгонуна карабастан кандайдыр бир боштук, бир кемчилик бар. Мына ушул боштукту, кемчиликти толуктоо үчүн Ахмадия Жамааты түзүлгөн.
Түркия халифалыгына түрктөрдүн өздөрү түбүнө жеткенден кийин Египеттин айрым уламалары (айрым сырдаш кишилердин сөздөрүнө караганда Египет падышасынын ишараты менен) бир жаңы халифалык түзүүгө аракет кылышкан. Бул аракеттин максаты Египет шахын мусулмандардын халифасы, деп жарыялап, Египетти башка мусулман мамлекеттеринен артык коюу эле. Сауд Арабиясы ага каршылык көрсөтүп: «Бул кыймыл англичандардын демилгеси менен башталган, эгерде бир киши халифалыкка татыктуу болсо, ал Сауд Арабиясынын падышасы», – деп үгүт жүргүзүүгө киришкен. «Халифалык» тууралуу сөз кылсак, ал албетте бардык мусулмандарды бирге бириктире турган нерсе, бирок «халифалык» сөзү кандайдыр бир падышалык бийлик менен байланыша баштаганда, башка падышалар дароо: «Биздин өкмөтүбүзгө доо кетет», – деп түшүнө башташкан, натыйжада бул пайдалуу кыймыл текке кетти. Эгерде мына ушул аракет эл ичинде ишке ашса жана анын артында диний рух бар болсо, анда саясий атандашуу анын жолунда тоскоол боло албайт. Жалгыз жамааттык атандашуучулук гана ага тоскоол болот. Саясий атандашуу себебинен ушул кыймыл өзүнө жардам бере турган өкмөт бар болгон мамлекетте гана чектелип калат. Бирок, жамааттык карама-каршылык шартында ошол кыймыл эч бир мамлекетте чектелбейт, тескерисинче ал ар бир мамлекетке жетип барып, тамырын жайып таркалат. А түгүл Ислам өкүмчүлүк кылбаган мамлекеттерде да ал ийгиликке жетишет. Анткени, ал саясатка кийлигишпегендиктен башында мамлекеттер ага каршылык кылбайт. Кыскасы, Ахмадияттын тарыхы буга күбө. Ахмадият мусулмандар ортосунда биримдикти ишке ашырууну көздөгөн эле. Ал падышачылыкка кызыккан эмес, ал бийликке умтулган эмес. Англичандар кээде өз мамлекетинде Ахмадиятка ар кыл кысым да көрсөткөн, бирок ал диний жамаат болгондуктан, аны менен ачык күрөшүүнү туура көрүшбөдү. Афганистанда молдолордон коркуп, айрым падышалар кысым көрсөтүшкөн, бирок атайын жолугушууларда айласы жоктугун айтып, кыжаалат болгондуктарын билдиришкен. Дал ушундай эле, башка Ислам мамлекеттеринде да калк (бул кыймылга) каршылык көрсөткөн. Молдолор да каршы чыгышкан, алардан коркуп, кээде мамлекет да тоскоолдук кылган. Бирок бир да мамлекет: «Бул кыймыл биздин бийлигибизди төңкөрүү максатында түзүлгөн», – деп ойлогон эмес. Алардын ушул пикири абдан туура. Ахмадияттын саясат менен эч кандай алакасы жок. Ахмадияттын максаты мусулмандарды бириктирип, Ислам душмандарына каршы адеп-ахлак жана руханий куралдар менен күрөшүүлөрү үчүн алардын диний ахвалын жакшыртуу жана аларды бир жип аркылуу бир-бири менен байланыштыруу болуп эсептелет. Ахмадияттын үгүтчүлөрү-дааватчылары мына ушул милдетти түшүнгөндөн кийин Америкага кетишти. Бул жерде алар азиялыктарга канчалык каршылык көрсөтүшсө, Ахмадия үгүтчүлөрү-дааватчыларына да ошончолук каршылык көрсөтүштү. Бирок, диний аракет маселесинде алар каршылык кылышпады. Голландия өкмөтү Индонезияда да так ошондой ыкманы колдонду. Өкмөт жетекчилери саясий жактан биз тараптан эч кандай каршылык сезишпесе да, артыбыздан жашыруун күзөтүүлөрдү жүргүзүштү, тоскоолдук да кылышты, бирок ачыктан-ачык Ахмадиятка каршы күрөшүүгө эч кандай зарылдык таба алышпады. Ошентип, алар туура иш кылышты. Кандай болсо да, биз алардын динине каршы үгүт жүргүзгөнүбүздөн улам, алар тарабынан эч бир боорукерликке үмүт кылган эмеспиз. Бирок, биз алардын саясатына да эч кийлигишпедик, ушул себептен алар дагы биз менен түзмө-түз каршылашуу боюнча акысыз болушкан. Мунун натыйжасында, азыр Ахмадия жамааты дээрлик ар бир мамлекетте бар: Индия, Афганистан, Иран, Ирак, Сирия, Палестина, Египет, Италия, Үвейцария, Германия, Англия, Америка Кошмо Штаттары, Индонезия, Малайзия, Чыгыш жана Батыш Африка мамлекеттери, Эфиопия, Аргентина, кыскасы ар бир мамлекеттин калкынын калың катмарында аздыр-көптүр жамаатыбыз бар. Бирок, бул айрым индиялыктар мусулман болуп калышты, дегендик эмес.
Алар өтө берилип, өз жашоосун Ислам кызматы үчүн багыштаган өрнөктүү адамдар. Бир англиялык лейтенант өмүрүн (динге) арнап, азыркы күндө Англияда үгүтчү-дааватчы болуп иштөөдө. Үзгүлтүксүз намаз окуйт, ичимдик жана ушул сыяктуу нерселерге жакын жолобойт. Өз мээнети менен акча таап, китепчелерди бастырууда жана чогулуштарды уюштурууда. Биз ага арзыбаган акча төлөйбүз, а түгүл англиялык бир короочу андан көп айлык алат. Дал ушундай эле германиялык аскердик кызматтагы бир адам өз жашоосун динге багыштаган. Ал тынымсыз аракеттерден кийин Германиядан четке чыгууга мүмкүнчүлүк алды. Ал Үвейцарияга барып, ал жерде виза күтүп жатканынан кабар келди. Бул жигиттин жүрөгү Исламга кызмат кылуу үчүн эргүүгө толуп, ошол үчүн Ислам таалимин толук үйрөнүп, бир чет мамлекетке барып, Исламды жайылтуу үчүн Пакистанга келүүдө.
Германиялык дагы бир жазуучу жигит жана анын окумуштуу жубайы өз жашоолорун ушул ишке багыштоо ниетинде шыктанышып, жакын арада Ислам таалимдерин үйрөнүү үчүн Пакистанга келишет.
Ошондой эле, Голландияда жашоочу бир жигит да өз жашоосун Исламга арноого бел байлаган жана тез арада кандайдыр бир мамлекетке барып, Исламды жайылта баштайт. Туура, Ахмадия жамааты азырынча аз санда, бирок ал аркылуу Ислам жамааты түзүлүп жатканына карагыла. Ар бир мамлекетте азбы-көппү мусулмандар бул кыймылга кошулуп, бүт дүйнөлүк биригүүгө негиз салышууда жана ар кыл саясатчылар азбы-көппү ушул аракетке кошулууда. Мындай кыймылдар алгач азчылыктан башталат, ошентип кеңейе берип, бир убакытта толук күч-кубатка ээ болот жана кыска мөөнөттүн ичинде ынтымак жана биримдик уругун эгүүгө жетишет. Акыйкатта, саясий күч үчүн саясий жамааттар, диний жана адеп-ахлактуу күч үчүн диний жана адеп-ахлактуу жамааттар керек болот. Ахмадия жамааты саясаттан ошол үчүн оолак турат, болбосо өз ишин толук аткара албайт.
[1] Эскертүү: Бул китепче 1948-жылы жазылган.