Баш сөз • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

Бул – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын[1] алдын ала кабарларына ылайык келген Масийхи Мавъуд[2] жана Махдийи Маъхуд[3] Азирети Мырза Гулам Ахмад Кадияний (алайхиссалаам)ды[4] таануу жана аны кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берген Алланын бизге карата мээримдүүлүгү жана берешендиги. Фал-хамду лиллаахи ъалаа заалик.[5] Ал (алайхиссалаам) Алла Таала тарабынан Байъат[6] алууга буюрулганда, ал Байъат кыла тургандар үчүн 1889-жылы 12-январь күнү жарыяланган «Такмийли таблийг»[7] жарыясында он Байъат шартын белгиледи. Хузур (алайхиссалаам)дын Жамаатына кире турган ар бир киши ошол шарттарга амал кылууга убада берет. Ошол шарттарды кеңири билүү жана аларга амал кылууга аракеттенүү баарыбыз үчүн өтө зарыл.

Амийрул-Муминийн[8] – Азирети Мырза Масрур Ахмад Халифатул-Масийхил-Хаамис[9] аййадахуллааху таъала бинасрихил ъазиз[10] бизге багыт берүү үчүн жана жеңил түшүндүрүү үчүн ар түрдүү кайрылуусунда жана жума кутбаларында Курани Карим, Пайгамбар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистери жана Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын сөздөрүнүн негизинде ошол Байъат шарттарын абдан жеткиликтүү жана кеңири чечмелеген. Аны ХузурАБА[11] 2003-жылы 27-июлда Жалса Салаанадагы[12] соңку кайрылуусунда баштаган. Анда он Байъат шарттарынан алгач үчөөнү кеңири баяндаган. Ал эми 2003-жылы 24-август күнү Германиядагы Жалса Салаанада ХузурАБА өзүнүн соңку кайрылуусунда төртүнчү, бешинчи жана алтынчы Байъат шартын кеңири чагылдырды. Анан 29-август күнү Германиядагы Франкфурт шаарына караштуу Шеврт Хаале шаарындагы жума кутбасында жетинчи жана сегизинчи Байъат шартын кеңири баяндап берди. Тогузунчу шартты 2003-жылы 12-сентябрь күнү Лондон шаарындагы «Фазл» мечитинде берген кутбасында, онунчу Байъат шартын Лондондогу «Фазл» мечитинде 2003-жылы 19-сентябрь күнү окуган кутбасында кеңири баяндап берди.

Бул китеп 2004-жылы алгачкы ирет урду тилинде Англияда басылган. Мына ушул басылышта ХузурАБАдин ошол темага тиешелүү 2003-жылдын 26-сентябрында Лондондогу «Фазл» мечитинде, 2003-жылдын 10-октябрында Лондон шаарындагы «Байтул-Футух» мечитинде, анан 2003-жылы 17-октябрь күнү Лондондогу «Фазл» мечитинде окуган үч кутбасы да кошулду. Ушул кутбаларда ХузурАБА Азирети Масийхи МавъудАСдын Байъатына кошулган ыйыктарда жүз берген таза руханий өзгөрүүлөрдү айкындап көрсөттү.

Айрым жайларда ХузурАБАдин уруксаты жана көрсөтмөлөрү боюнча аз гана өзгөртүүлөр киргизилди. Ал эми бул китепчедеги бардык түшүндүрмөлөр (сноска) котормочу тарабынан берилди.

Ушул кайрылуулар жана кутбаларды кайрадан карап чыккан соң, окурмандардын пайдасы үчүн китеп катары басмадан чыгаруу бактысыга ээ болуудабыз. Алла Тааладан мына ушул шарттарды туура түшүнүүгө жана аларга жакшы амал кылууга күч-кубат берүүсүн суранабыз. Ошондой эле Азирети Масийхи МавъудАС арзуу кылгандай, биздин чыныгы жана нукура Ахмадий болуубузга да Алла Таала мүмкүнчүлүк берсин. Аамийн!

Ушул китепчеде Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын «Малфузаатынан»[13] айрым үзүндүлөр келтирилип, ал жерде «жаңы басылыш» деген сөз жазылган эмес. Ошондой жерлерде 1984-жылы Англияда басылган «Руханий хазаайин» менен «Малфузаат» көздөлгөн. «Жаңы басылыш» дегендин мааниси – беш томдон турган «Малфузааттын» басылышы.

МУНИР-УД-ДИН ШАМС

Эдишнал ВакилутТасниф

Лондон

[1] «Саллаллааху алайхи ва саллам» (ага Алла Тааланын тынчтыгы жана ырайымы болсун) дегендин кыскартмасы.

[2] «Убада кылынган Масийх».

[3] «Убада кылынган Махдий»

[4] «Алайхиссалаам» (ага тынчтык болсун) дегендин кыскартмасы.

[5] Бул үчүн бардык мактоо-алкоо Алла Таалага гана таандык.

[6] «Ант берүү, убада кылуу жана сөз берүү».

[7] «Даъват-үгүттүн толукталгандыгы».

[8] «Момун-мусулмандардын Жетекчиси».

[9] Азирети Масийхи МавъудАСдын бешинчи Халифасы.

[10] «Алла Таала Өзүнүн жеңүүчү жардамы менен аны колдосун.

[11] «Аййадахуллааху таъала би насрихил ъазиз» дегендин кыскартмасы.

[12] Жылдык Жыйын.

[13] Азирети Мырза Гулам АхмадАСдын сөздөрүнүн жыйындысы «Малфузаат» деп аталат.

Share via