Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат:
«… Мен өз Жамаатыма насаат кыламын: текеберликтен сактангыла, себеби текеберлик биздин Кудуреттүү Кудайыбыздын назарында өтө жийиркеничтүү нерсе. Бирок, силер текеберлик эмне экенин түшүнбөй калууңар мүмкүн. Ошондуктан, мен аркылуу түшүнүп алгыла, мен Алла Тааланын Руху менен сүйлөймүн.
Өзүнүн бир тууганын: «Мен андан билимдүүрөөкмүн же акылдуураакмын, же өнөрлүүрөөкмүн», – деп кемсинте турган ар бир адам текебер, анткени ал акыл жана илимдин булагы Алла Таала экенин билбей, өзүн өйдө сезет. Алла Таала анын акылын алып, ал кемсинтип жүргөн тууганына андан жакшыраак акыл, илим жана өнөр тартуулоого кудуреттүү эмеспи? Өзүнүн кандайдыр бир мал-мүлк же салтанатына чиренип, өзүнүн бир тууганын кемсинтсе, ал да текебер адам, анткени ал ошол салтанатты Алла Таала гана ага тартуулаганын унутуп калды. Ал сокур. Алла Тааланын ага балээ-кырсык келтирип, бир көз ирмемде эле аны Асфалус-Саафилийнге[1] айландырып, ал кемсинтип жүргөн бир тууганына андан жакшыраак мал-мүлк тартуулоосуна кудуреттүү экенин билбейт. Ошондой эле өзүнүн келишимдүү денесине текеберленип, же өзүнүн сулуулугу, жамалы, күч-кубатына мактанып, шылдыңдоо-маскаралоо жолу менен өз тууганын чакырган жана анын денелик кемчиликтерин адамдарга кеп кылган бирөө да текебер адам. Ал бир көз ирмемде эле ага денелик кемчилик берип, аны тууганынан жаманыраак кылуучу жана кемсинтилген тууганынын жөндөмдүүлүктөрү кем жана куру-бекер болбошу үчүн бир убакытка чейин ага береке берүүчү Кудайдан кабарсыз. Ал Өзү каалаганын кылат. Ошондой эле өз күч-кубаттарына таянып, дуба суроодо жалкоолонгон киши да текебер, анткени ал күч-кубаттар жана кудуреттүүлүктөрдүн Булагын[2] тааныбады жана өзүн өйдө сезди. Демек, эй, сүйүктүүлөр! Билбей туруп, эч бир жагынан Алла Тааланын назарында текебер болбошуңар үчүн менин ушул сөздөрүмдү эстеп тургула. Өз тууганынын туура эмес сөзүн текеберлик менен оңдой турган бирөө да текеберликтен үлүш алды. Өз тууганынын сөзүн да адептүүлүк менен угууну каалабай, жүзүн буруп алган бирөө да текеберликтен үлүш алды. Эгер кимдир бирөөнүн кедей тууганы жанында отурган болсо, бул андан жийиркенсе, ошондо да текеберликтен үлүш алды. Дуба кылган адамды маскаралаган киши да текеберликтен үлүш алды. Ошондой эле Алла Таала тарабынан дайындалган жана элчисин толук бойдон ээрчүүнү каалабаса, ал да текеберликтен үлүш алды. Алла Таала тарабынан дайындалган жана элчисинин сөздөрүнө кулак салбай турган жана анын жазууларын кунт коюп окубаган бирөө да текеберликтен үлүш алды. Демек, жок болуп кетпөөңөр үчүн жана бүтүн үй-бүлөңөр менен бирге кутулушуңар үчүн силерде кенедей да текеберлик болбосун деп аракет кылгыла, Алла Таалага ийилгиле. Дүйнөдө бирөөнү канчалык сүйүү мүмкүн болсо, Аны ошончолук сүйгүлө. Дүйнөдө адамзат бирөөдөн канчалык коркушу мүмкүн болсо, ошончолук Кудайыңардан корккула. Силерге ырайым кылынсын үчүн жүрөгү таза, ниети ак, жөнөкөй, карапайым болгула жана бирөөгө зыян келтирбегиле». («Руханий хазаайин», 18-том, «Нузуулул-Масийх», 402-403-беттер)
Ушул шартта баяндалган дагы бир нерсе: «Карапайымдык, момундук, адептүүлүк, мээримдүүлүк жана жөнөкөйлүк менен жашайт». Мурун да мен айтып кеткендей, силер өзүңөрдү (жүрөк жана мээңерди) текеберликтен бошотууга аракет кылганыңарда, бошотконуңарда, өзүңөрдө кандайдыр бир эң жогорку сыпатты, касиетти жана кулк-мүнөздү жаратууга аргасыз болосуңар, болбосо шайтан кайрадан чабуул жасайт. Анткени, ал ушул иш үчүн эле отурат, силерди жөн койбойт. Бул кулк-мүнөз – карапайымдык жана жөнөкөйлүк. Карапайым жана текебер адам чогуу жашай албайт. Текебер адамдар дайыма ошондой Рахмаан пенделери болгон карапайымдарды шылдыңдашат жана мазакташат. Ошондойлорго каршы алардыкындай мамиле кылбагыла. Тескерисинче Алла Тааланын төмөнкүдөй буйругуна амал кылгыла: Ал мындай айтты:وَعِبَادُ الرَّحۡمٰنِ الَّذِیۡنَ یَمۡشُوۡنَ عَلَی الۡاَرۡضِ ہَوۡنًا وَّاِذَا خَاطَبَہُمُ الۡجٰہِلُوۡنَ قَالُوۡا سَلٰمًاКотормосу: Жерде жөнөкөйлүк менен жүрө турган жана сабатсыздар өздөрүнө кайрылганда, (жообунда): «Салам!» – дей тургандар гана Рахмаан пенделери. («Ал-Фуркаан» сүрөөсү: 64)
Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Ким Алла үчүн бир даража ийилсе, Алла Таала анын бир даражасын жогорулатат, а түгүл ага Иллиййийнден[3] жай берет. Ким Алла Тааланын алдында бир даража текеберлик кылса, Алла Таала аны бир даража төмөндөтүп коёт, а түгүл аны Асфалус-Саафилийнге киргизип салат». («Муснад Ахмад бин Ханбал», Бакий Муснадул-Мукассирийн минас-Сахааба. Муснад Аби Саъийд Ал-Худрий)
Ошондой адамдардын жыйынынан салам айтып, туруп кеткениңерде эле силердин аманчылыгыңар жана пайдаңар бар. Себеби, ошондон эле силердин даражаңар жогорулап турат, ал эми каршылаштар өздөрүнүн ошондой сөздөрүнүн айынан Асфалус-Саафилийнге түшүп бара жатышат.
Дагы бир хадисте мындай айтылат: аны өз ара мамилелерибизде алдыбызга коюшубуз керек. Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят эткен: «Садага берүүдөн мал-дүнүйө кемибейт. Алла Тааланын пендеси кимдир бирөөнү канчалык кечирсе, Алла Таала ошончолук көп ага сый-урмат тартуулайт. Кимдир бирөө канчалык ийилсе жана карапайымдык көрсөтсө, ошончолук көп Алла Таала аны жогорулатат». («Сахих Муслим», Китаабул-Бирри вас-Силах, Бааб истихбаабил-Афва ват-Таваазиъ)
Аяз бин Химаарул-Мажаашиъий мындай рабаят эткен: Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) арабызда туруп, сүйлөп жатып мындай деп айтты: «Алла Таала мага аян кылды: силер ушундай ийилгиле: араңардагы бирөөңөр бирөөңөргө текеберленбесин жана бирөөңөр бирөөңөргө зулумдук кылбасын». («Сахих Муслим», Китаабул-Жаннах ва сифата наъиймахаа ва ахлахаа. Баабус-Сифаатуллатий йуърафу бихаа фид-Дунйаа ахлул-Жаннах ва Ахлун-Наар, 7210-хадис)
Демек, ар бир Ахмадий өз ара кечиримдүү болууга адаттануусу керек. Оо дүйнөдө да силердин даражаларыңар жогорулап турат жана Алла Таала ушул дүйнөдө да сый-урматтарыңарды арттырып турат. Алла Таала үчүн кылынган ар бир амал Алла Таала тарабынан сөзсүз сыйланат.
[1] Тозоктун эң ылдыйкы даражасы.
[2] Алла Таала.
[3] Бейиштегилер.