«Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы

«Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү

Мен окуп берген жогорудагы аятта аялдардан төмөнкүдөй иштерге Байъат убадасын алууга басым жасалган: Ширк кылышпайт, уурулук кылышпайт, зынаа кылышпайт, балдарын өлтүрүшпөйт, балдардын тарбиясына көңүл бурушат, эч кимге жалаа жабышпайт жана Маъруф иштерде баш ийбестик кылышпайт. Эми бул жерде Алла Таала тарабынан дайындалган пайгамбар дагы Маъруф эмес иштерге чакыруусу мүмкүнбү? деген суроо туулат. Эгер пайгамбар ошондой кылса, анда Халифалар дагы ошондой Маъруф эмес иштерге чакыруулары – табигый иш. Бул маселе жөнүндө айкын болсун! Пайгамбар эч качан ошондой иштерге буюра албайт. Пайгамбар Маъруфту эле сүйлөйт. Андан башка бир нерсе айтуусу эч мүмкүн эмес. Ошол үчүн Курани Каримдин бир нече жерлеринде ушундай буюрулган: Алла жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бардык буйруктарын орундаткыла, аларга амал кылгыла. Эч бир жерде Маъруф болгондорго эле баш ийгиле деп жазылган эмес. Ошондой болсо да, анда эмнеге эки башка буйрук кезигет? деген суроо туулат. Чындыгында, бул эки башка буйрук эмес. Алар (муну) түшүнүүдө жаңылышыптыр. Мен илгери айтып өткөндөй пайгамбардын берген ар бир буйругу Маъруф болот. Пайгамбар эч качан Алла Тааланын амирине каршы, шарияттын буйруктарына каршы чыга албайт. Ал ошол эле ишке дайындалган го. Ал өзүнө буюрулган иштерге каршы чыгуусу мүмкүнбү? Бул силер үчүн сүйүнүч: силер пайгамбарга ыйман келтирип, Маамурду кабыл алып, анын Жамаатына кирип, өзүңөрдү коргоп алдыңар, силер коргоого алындыңар. Силер үчүн эми эч бир Маъруф эмес буйрук жок. Кандай буйрук болбосун, Алла Тааланын назарында жагымдуу.

Муну чечмелеп жатып Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Биз Маъруф эмес деп билген иштерге баш ийбейбиз», – деп Маъруф боюнча баш ийүүнү туура эмес түшүнүп, катага жол коюшту. Бул сөз Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үчүн дагы мындай деп колдонулган: «Валаа йаъсийнака фий маъруфин». («Ал-Мумтахина» сүрөөсү: 13). Ошондой адамдар Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кемчиликтеринин да кандайдыр бир тизмесин түзүп алышкан беле? Ошондой эле Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) дагы Байъат шарттарында «Маъруф боюнча баш ийүү» сөздөрүн жазган. Мында кандайдыр бир сыр бар. Мен араңарда бирөөңөр туурасында такыр жаман ойго барбаймын. Мен араңардан бирөөңөр өз ичинен алданып калбашы үчүн ушул нерселерди айкын кылып көрсөттүм». (1909-жылы, 15-октябрда окулган Орозо айт кутбасы, «Хутбаат-э-Нур», 420-421-беттер)

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) «йаъмурухум бил маъруфту» чечмелеп жатып мындай деп жазат:

«Бул Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) акылга каршы болбогон иштерге чакырат жана акыл дагы тыюу салган иштерден кайтарат. Таза нерселерди адал кылат жана таза эмести арам деп айтат. Коомдор басылып калган жүктөрдү баштарынан алып салат. Алардын моюндарынан түзөлүүгө болбой калган моюнтуруктардан куткарат. Демек, ага ыйман келтирип, өздөрүнүн катышуусу менен аны колдоп, ага жардам кыла турган, аны менен бирге түшүрүлгөн нурду ээрчий тургандар дүйнө жана акыреттеги кыйынчылыктардан кутулушат». («Руханий хазаайин», 21-том, «Бараахийн-э-Ахмадия Хисса Панжжум», 420-бет)

Пайгамбар Алла Тааланын амирлерин ээрчиген соң акылга сыйа турган буйруктарды гана берет. Жаманчылыктардан кайтарат, жакшылыктарга чакырат жана алардан чегине албайт. Ошондой эле пайгамбардын ишин улантыш үчүн момундар жамааты аркылуу Алла Таала тарабынан дайындала турган Халифа дагы ошол таалимдеги Алла Таала пайгамбар аркылуу бизге жеткирген буйруктарды гана жүргүзөт. Ушул доордо Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдын ала кабарларына жараша Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) аларды кеңирирээк бизге айтып берди. Эми азыр Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдын ала кабарларына ылайыктуу Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) аркылуу Жамаатта Хилаафат системасы орношуп калды жана ИншааАллаах кыяматка чейин туруктуу болот. Анда шарият жана акылга жараша эле чечим чыгарылат. Мындан ары да ИншааАллаах болуп турат. Мына ошол эле чечимдер Маъруф чечимдер. Эгер кандайдыр бир мезгилде учурлук Халифанын колунан жаңылыштык менен же түшүнбөөчүлүктөн кандайдыр бир зыян жетүү ыктымалы бар бир чечим чыкса, Алла Таала Өзү ушундай бир чара көрөт: андан жаман натыйжа чыгууга жол бербейт жана ИншааАллаах чыкпайт.

Бул жөнүндө Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Жеке маселелерде учурлук Халифа жаңылышка жол коюшу мүмкүн. Бирок Жамааттын руханий жана физикалык өсүп-өнүгүүсүнө тиешелүү маселелеринде эгер ал жаңылыштык кетирсе да, Алла Таала Өз Жамаатын коргойт жана кандай болбосун, ага ошол катадан кабардар кылып коёт. Суфилердин термини боюнча ал Исмати Суграа деп аталат. Тагыраак айтканда, пайгамбарларга Исмати Кубраа насип болот, ал эми Халифаларга Исмати Суграа насип болот. Алла Таала алардын колунан Жамааттын набыт болушуна себепкер болушу мүмкүн болгон кандайдыр бир олуттуу жаңылышка жол бербейт. Алардын чечимдеринде кичине же арзыбаган жаңылыштар жүз бериши мүмкүн, бирок соңку натыйжа төмөнкүдөй болот: Ислам жеңишке ээ болот жана алардын каршылаштары жеңилишет. Тактап айтканда, аларга Исмати Суграа насип болгондуктан, алардын көз карашы Алла Тааланын көз карашы болот. Шексиз, алардын өздөрү сүйлөшөт, алардын тилдери кыймыл-аракетке келет, алардын колдору иштейт, алардын мээлери иштейт, бирок булардын баарынын аркасында Алла Тааланын колу турат. Алар арзыбаган каталарга жол коюулары мүмкүн, кээде алардын кеңешчилери дагы аларга туура эмес кеңештерди берүүлөрү мүмкүн, бирок алар ушул тоскоолдуктардан өтүп ийгиликке жетишет. Баардык алкактар биригип, чынжыр болот, ал мыкты болот. Ушунчалык бекем болот: эч бир күч аны үзө албайт». («Тафсийр-э-Кабийр», 6-том, 376-377-беттер)

Дагы Курани Каримде мындай деп кезигет:وَاَقۡسَمُوۡا بِاللّٰہِ جَہۡدَ اَیۡمَانِہِمۡ لَئِنۡ اَمَرۡتَہُمۡ لَیَخۡرُجُنَّ ؕ قُلۡ لَّا تُقۡسِمُوۡا ۚ طَاعَۃٌ مَّعۡرُوۡفَۃٌ ؕ اِنَّ اللّٰہَ خَبِیۡرٌۢ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَКотормосу: Алар: «Эгер сен бизге буюрсаң, биз албетте, чыгабыз», – деп Алла наамынан бекем касам ичишти. Айткын: «Касам ичпегиле! (Эреже боюнча) баш ийгиле!» Албетте, Алла кылып жаткан амалдарыңардан дайыма кабардар. («Ан-Нур» сүрөөсү: 54)

Ушул аяттан мурунку аяттарда дагы баш ийүүчүлүк темасы улантылууда. Момундар дайыма ушундай айтышат: биз уктук, баш ийдик жана кабыл алдык. Ушул такыбалык аркасынан алар Алла Тааланын жакындары болушат жана ийгиликке жетишишет. Ошентип, ушул аятта момундар сыяктуу «уктук жана баш ийдик» деген үлгүнү көрсөткүлө. «Биз ушундай кылабыз, биз тигиндей кылабыз» деген өңдүү касам ичпегиле деп дагы айтылган.

Азирети Муслих Мавъуд (разияллааху анху) мунун чечмесинде мындай айтат: эки жүздүүлөр дагы абдан чоң билдирүү жасашат го. Чындыгында, иш жүзүндө баш ийүү керек, эки жүздүүлөр сыяктуу көбүртүп сүйлөбөш керек. Бул жерде Алла Таала ошондойлорго айтып жатат: баш ийүүчүлүктүн белгилүү ыкмасында баш ийүүчүлүк эреже боюнча баш ийгиле. Силер суроо узатып жаткан маселеңер боюнча пайгамбар силерге шариятка каршы жана акылга каршы буйрук береби? Буга мисал келтирейин: Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай дейт: менин Байъатыма кирдиңер, мага ыйман келтирдиңер, эми беш маал намазга көнгүлө, жалган сүйлөбөгүлө, текеберликтен оолак болгула, адамдардын укуктарын тепсебегиле, өз ара ынтымактуу жашагыла. Бул – Маъруф боюнча баш ийүүчүлүккө кирет. Эгер кимдир бирөө ушул иштерди жасабай: «Биз касам ичебиз: сиз бизге эмнени буюрсаңыз, биз аны орундатабыз жана кабыл кылабыз», – деп айтып жүрсө, анда бул Маъруф боюнча баш ийүүчүлүккө кирбейт.

Ошондой эле Халифалар тарабынан дагы кээде руханий өсүп-өнүгүү үчүн айрым бир чакырыктар айтылат. Мисалга, мечиттерди абат кылуу туурасында, намаздарды орундатуу туурасында, бала-чаканы тарбиялоо туурасында, өзүнүн адеп-ахлактарын жогорулатуу, сабырдуулукка үйрөтүү туурасында, даъват жүргүзүү туурасында, же ар түрдүү финансылык чакырыктар өңдүү… Мына ушуларга баш ийүү зарыл. Башкача айтканда, ушулар гана Маъруф боюнча баш ийүүчүлүккө кирет. Кыскасы, пайгамбар же кандайдыр бир халифа силерге Алла Тааланын амирлерине каршы жана акылга каршы буйрук кылбайт. Силерге: «Отко киргиле же деңизге киргиле», – деп айтпайт го. Өткөн кутбада Амирдин «отко киргиле» дегенин айткан бир хадисти баяндаган элем. Анын дагы бир рабаятын кезиктирдик, ал кененирээк айкындайт:

Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) мындай деп рабаят эткен: Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир казат үчүн Алкама бин Мужаззирди жөнөттү. Ал өз казатынын белгилүү жайына жеткенде же али жолдо болгондо аскерлердин бир бөлүгү андан уруксат сурады. Ошондо, ал киши аларга уруксат берип, Абдулла бин Хузаафа бин Кайс Ас-Сахмийди жетекчи кылып дайындады. Мен ошол казатка баргандардын арасында болчумун. Алар али жолдо болчу, алар жылынуу же тамак бышыруу үчүн от жагышты. Ошондо Абдулла (Амир дайындалган эле. Анын мүнөзү кызык болчу): «Мени угуп, баш ийүү силерге парзбы?» – деп сурады. Алар: «Албетте, ошондой», – деп жооп беришти. Ошондо Абдулла бин Хузаафа (разияллааху анху): «Мен силерге буюрган ар бир буйрукту орундатасыңарбы?» – деп сурады. Алар: «Ооба, биз орундатабыз», – деп жооп беришти.

Ошондо Абдулла бин Хузаафа (разияллааху анху): «Отко киргиле!» – деп силерге буйрук беремин. Ошондо, кээ бир адамдар туруп, отко кирүүгө даярдана башташты. Анан Абдулла алардын чынында отко кирүүгө даяр болгонун көрүп: «Өзүңөрдү (отко киргизүүдөн) тыйгыла», – деп айтты. (Адамдардын даяр болгонун көрүп, кайра өзү тыйды).

Анан биз ушул казаттан кайтканыбызда, сахаабалар ошол окуяны Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га айтып беришти. Ошондо Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Жетекчилер арасынан силерди Алла Таалага баш ийбестик кылууга буюрган бирөөгө баш ийбегиле!» – деп айтты. («Сунан ибни Маажа», Китаабул-Жихаад, Бааб ли Итааъати фий маъсиятиллаах)

Айкын болсун, пайгамбар же учурлук Халифа эч качан тамаша катары дагы ошондой сөздү айталбайт. Ошол үчүн Алла Таала мындай айтат: эгер Амир тарабынан кандайдыр бир ачык-айкын буйрукка каршылык көрсөтүлгөнүн көрсөңөр, анда Алла Таала жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га кайрылгыла. Эми ушул доордо Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дан кийин Хилаафати Раашида орношуп калды, силер учурлук Халифага жеткиле. Анын чечими ИншааАллаах дайыма Маъруф болот. Алла жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын амирлерине ылайыктуу болот. Мен мурун айтып өткөндөй, силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма Маъруф чечимдердин астындасыңар. ИншааАллаах! Силер үчүн бир дагы Маъруф эмес чечим жок.

Share via