Байъаттын максат-мүдөөлөрү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

Ошол жерде 1888-жылы 4-март күнү бир жарыясында Байъаттын максат-мүдөөлөрүн түшүндүрүп жатып, мындай деп жазган: «Такыбалардын ушундай чоң тайпасы дүйнөгө өзүнүн жакшы таасирин тийгизсин жана алардын ынтымактуулугу Ислам үчүн береке, бийиктик жана жакшы натыйжалар куралы болсун үчүн ушул Байъат алуунун максаты – бул такыбалар тайпасын пайда кылуу, тагыраак айтканда, такыба жашоосун кечире турган адамдар жамаатын чогултуу. Ошондой эле алар ынтымактуулуктун берекеси менен Исламдын ыйык, таза кызматтарына тезирээк салым кошсун. Алар жалкоо, сараң жана пайдасыз мусулман болбосун. Алар өзүнүн бөлүнүү жана ынтымаксыздыгы айынан Исламга чоң зыян келтирген жана анын сулуу жүзүн өзүнүн баш ийбестиктери себебинен булгаган адамдар сыяктуу болбосун. Ошондой эле Исламдын керектөөлөрүнөн бүтүндөй кабарсыз болгон бейкабар дербиштер жана көз ачыктар сыяктуу да болушпасын. Анткени алар өз туугандарына да боорукер эмес, адамзаттын жакшылыгы үчүн да аларда эч кандай шыктануу жок. Жок, алар коомго ушунчалык боорукер болуулары керек: алар кедейлерге баш паанек болсун жана жетимдерге аталардай болсун. Ислам кызматтарын аткаруу үчүн алар берилген ашыктардай курман болууга даяр турсун. Алардын жалпы берекелери дүйнөдө таралуусу үчүн аракеттенүүлөрү лаазым. Кудайга болгон сүйүү жана Кудайдын пенделерине карата боорукерликтен турган таза булак ар бир жүрөктөн чыгып, бир жерге чогулуп, бир дарыя катары акканы көрүнүп турушу керек… Дүйнөгө Илахий махабат, чыныгы тобо, тазалык, нукура жакшылык, тынчтык, жаратмандык жана адамзатка болгон боорукерликти таркатып жиберүү үчүн Кудай Таала Өзүнүн жүзүн ачыкка чыгаруу жана Өз кудуретин көрсөтүп, аны өнүктүрүү максатында ушул тайпаны чыгарган. Ошентип, бул тайпа Анын өзгөчө тайпасы болот. Ал Зат[1] аларды Өзүнүн Руху менен колдойт жана аларды ыплас жашоодон тазартат. Ошондой эле алардын жашоосун таза өзгөрүү менен өзгөртөт. Ал Өзүнүн таза алдын-ала кабарларында убада бергендей, ушул тайпаны абдан көбөйтөт жана миңдеген чынчылдарды ага киргизет. Ал Өзү аны сугарат жана өстүрөт. А түгүл алардын арбындыгы жана берекеси көздөргө ажайып-таң калыштуу болуп көрүнөт. Алар өйдө коюлган чырак сыяктуу дүйнөнүн төрт тарабына өз жарыгын чачышат жана Ислам берекелери үчүн үлгү болушат. Ал (Алла) ушул Жамаатты толук бойдон ээрчигендерге ар түрдүү береке боюнча башка жамааттардын үстүнөн жеңиш насип кылат. Ошондой эле дайыма Алла Таалага жакын жана Анын жардамына татыктуу адамдар кыямат күнүнө чейин ушул Жамааттан пайда болушат. Ал Улук Алла ушуну эле каалаган. Ал Кудуреттүү, Ал Өзү каалаганын кылат. Ар бир күч-кубат жана кудурет Ага гана таандык». («Мажмуъа-э-иштихаараат», 1-том, 196-198-бет)

Ушул эле Иштихаарда[2] ал (алайхиссалаам): «Байъат кыла тургандар 20-марттан кийин Лудхияна шаарына барсын», – деп насаат кылган.

[1] Кудай Таала.

[2][2] «Жарыя» же «кулактандыруу».

Share via