Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
Ислам таалими адам жашоосунун бир дагы тармагын чала жана кемчиликтүү калтырбаган абдан көркөм таалим. Ошондуктан, бизден Алла Тааланын ошол мээримдүүлүктөрү ушул Сүйүктүү Пайгамбар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га түшкөн таалимди жашообузда пайдаланып ага амал кылууну талап кылат. Биз – Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы ашыгы жана кулу – ушул доордогу Имамдын Жамаатына мүчө болгондор жана мүчө болгонбуз деп айткандар баарынан көбүрөөк жоопкербиз. Алла Таала Өзүнүн ибадатына жана укуктарын орундатууга көңүлүбүздү каратканы менен бирге пенделер укугун орундатууга көңүлүбүздү каратып, ар түрдүү тууган-туушкан жана байланыштардын укуктарын орундатууга да буюрган. Ушул маселенин олуттуулугу айынан Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) Байъат шарттарынын тогузунчу шартында Алла Тааланын макулугуна боорукер болуу жана алардын укуктарын орундатууга чакырган.