Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

Анан ошол экинчи шартта эле «мен чыккынчылык жолдорунун баарынан сактанып турамын» деген убада да бар. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:وَ قٰتِلُوۡہُمۡ حَتّٰی لَا تَکُوۡنَ فِتۡنَۃٌ وَّ یَکُوۡنَ الدِّیۡنُ لِلّٰہِТактап айтканда, алардын чыккынчылыгы жок болуп, диндин бардык тоскоолдуктары жок болуп жана бийлик Алланын динине гана таандык болгонго чейин алар менен алышкыла. Дагы мындай деп айтты:قُلۡ قِتَالٌ فِیۡہِ کَبِیۡرٌ ؕ وَ صَدٌّ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ کُفۡرٌۢ بِہٖ وَ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ ٭ وَ اِخۡرَاجُ اَہۡلِہٖ مِنۡہُ اَکۡبَرُ عِنۡدَ اللّٰہِ ۚ وَ الۡفِتۡنَۃُ اَکۡبَرُ مِنَ الۡقَتۡلِ ؕ وَ لَا یَزَالُوۡنَ یُقَاتِلُوۡنَکُمۡ حَتّٰی یَرُدُّوۡکُمۡ عَنۡ دِیۡنِکُمۡ اِنِ اسۡتَطَاعُوۡاТагыраак айтканда, Ыйык шаарда өлтүрүү – бул күнөө, бирок Алла Тааланын жолунан тосуу, каапыр болуу жана Алла Тааланын жакшы пенделерин Харам мечитинен кубалоо – бул абдан чоң күнөө. Ошондой эле чыккынчылыкты таркатуу, тагыраак айтканда, тынчтыкты бузуу – бул өлтүрүүдөн да чоң (күнөө)». («Руханий хазаайин», 6-том, «Жанг-э-Мукаддас», 255-бет)

Дагы мындай деп айтат:

«Ошентип, мен өзүм күбөмүн: акыркы күндөрү көптөгөн наадан жана чагымчы хиндулар менен айрым мусулмандар өкмөткө каршы чыккынчылык «жытын» тарата турган иш-аракеттерди жасашат. Ошондуктан, кайсы бир мезгилде алардын табияттарында чыккынчылык пайда болуп калбасын деп мен шек санаймын. Ошол үчүн Пенжаб[1] жана Хиндистандагы ар кайсы жайларда таралган, Кудай Тааланын берешендиги менен миллиондогон сандагы өз Жамаатыма[2] мүчө болгондорго болжолу жыйырма алты жылдан бери оозеки жана жазуу жолу менен аларга эскертип келген таалимди жакшылап эске тутуусуна баса белгилеп насаат кыламын. Тактап айтканда, алар ушул бийликке баш ийүүлөрү керек, себеби ал бизге жакшылык кылган бийлик… Демек, билгиле, жакшылап билгиле, ушул бийликтин каршысында кандайдыр бир чыккынчылыктан турган ойго ээ болгон бирөө менин Жамаатымда тура албайт. Менимче, эзүүчү-заалимдердин чеңгээлинен бизди куткарган жана көлөкөсүндө Жамаатыбыз өсүп-өнүгүп жаткан бийликтин жакшылыгына ыраазычылыгыбызды билдирбөө – бул абдан чоң пастык. Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:ہَلۡ جَزَآءُ الۡاِحۡسَانِ اِلَّا الۡاِحۡسَانُТагыраак айтканда, жакшылыктын куну – жакшылык гана. Хадис Шарифте да: «Ким адамзатка шүгүрчүлүк кылбаса, ал Алла Таалага да шүгүрчүлүк кылбайт», – деп айтылган. Ойлоп көргүлөчү, эгер силер ушул бийликтин көлөкөсүнөн чыгып кетсеңер, анда силердин турагыңар кайда болот? Деги, силерди өз паанасына ала турган бийликтин атын айткылачы? Ар бир мусулман өкмөтү силерди жок кылуу үчүн каарданып-кекенип отурат, анткени алардын назарында силер каапыр жана Муртад[3] деп аталгансыңар. Ошондуктан, силер Кудай Таала тартуулаган ушул нээматтын кадырына жеткиле… Эми жөндөн-жөн «кандайдыр бир канкор Махдий келип, христиан падышаларды кармап алат» деген өңдүү ишеничтерди таратуу – бул жасалма эле маселелер болуп, бизге каршы болгон мусулмандардын жүрөгүн карартып жана таш боор кылды. Дагы ошондой ишеничтерге ээ болгондор – коркунучтуу адамдар. Ошондой ишеничтер кандайдыр бир убакытта наадандардын чыккынчылыгына себепкер болушу мүмкүн, тескерисинче, сөзсүз болот. Демек, мусулмандар ошондой ишеничтерден кутулсун деп биз аракеттенүүдөбүз. Билип койгула, кайсыл динде адамдык боорукерлик болбосо, ал Алла Таала тарабынан боло албайт. Алла Таала бизге: «Силерге асмандан ырайым кылынсын үчүн силер жерге ырайым кылгыла!» – деп үйрөткөн». («Мажмуъа-э-Иштихаараат», 3-том, 582-585-бет)

_______________________________

[1] Индиянын бир штаты.

[2] Ахмадия Мусулман Жамааты.

[3] Ислам дининен кайткан адам.

Share via