Ширктин ар кандай түрлөрү
Жогорудагы хадистен белгилүү болгондой, путтар, сүрөттөр жана айга сыйынып туруп, ачык Ширк[1] кылбаса да, кожо көрсүндүк жана напсинин каалоолорун ээрчүү да Ширк эсептелет. Эгер көз каранды киши өзүнүн кожосуна баш ийүүдөн көрө, ага кошамат кылган бойдон аны ээрчип жүрсө жана өз ырыскысын ага байланыштырса, анда бул да Ширктин бир түрү. Эгер кимдир бирөө: «Менин ушунчалык көп уулдарым бар. Булар чоңоюп жатышат. Иштешет, акча табышат жана мага карашат, мен эми калган өмүрүмдү жыргалчылыкта өткөрөм. Же болбосо, менин мына ошол келишкен уулдарым турганда менин атаандаштарым мени менен мелдеше алышпайт (Индия-Пакистанда, ал тургай, үчүнчү дүйнөнүн баарынын арасында атаандаштык деген ыплас салт бар)», – деп ойлосо, (бул да Ширк). Анын толук таянычы – уулдары. Эгер алар жаман балдар болуп чыкса, же кандайдыр бир кырсыкта өлүп кетишсе, же майып болуп калышса, анда ошондой кишинин баардык таяныч, тиректери бүткөнү го.
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай деп айтат:
«Лаа илааха иллаллааху», – деп тек гана тили менен айтуу жана жүрөктө миңдеген буттарды жыйноо – бул Тавхийд[2] деп аталбайт. Жок, андай эмес, ким өзүнүн иши, айла-амалы жана ички оюна Кудай Таалага көрсөткөн сый-урмат сыяктуу улуктукту ыйгарса, же Кудай Таалага таянгандан көрө, кандайдыр бир адамга таянса, же Алла Таалага таандык улуктукту өзүнө ыйгарса – мына ошондой бардык көрүнүштөрдө Алла Тааланын алдында ал буттарга сыйынуучу эсептелет. Алтын, күмүш, жез же таш ж. б.дан жасала турган жана адамдар аларга сыйына турган нерселер гана бут эмес, тескерисинче Алла Таалага ылайыктуу болгон улуктук ыйгарылган ар бир нерсе, сөз же иш-аракет Алла Тааланын назарында бут эсептелет… Билип койгула, Кудай Таала бизден талап кылган жана кутулуубузга байланыштуу болгон чыныгы Тавхийд мына ушундай: Кудай Тааланы ар бир Ширктен, мейли ал бут-идол болсун, мейли адам болсун, мейли күн болсун, мейли ай болсун, же өзүнүн жаны болсун, же өзүнүн ички ою болсун, же айла-амалы болсун, таза деп билүү жана Анын каршысында эч кимди кудуреттүү деп билбөө; эч кимди ырыскы берүүчү деп билбөө; эч кимди сый-урмат тартуулоочу жана кордоочу деп ойлобоо; эч кимди жардамчы жана колдоочу деп билбөө. Ошондой эле өз сүйүү-махабатын жана ибадат-сыйынуусун Ага гана таандык кылуу; өз үмүттөрүн Ага гана байлоо; өз жалбаруусун Ага гана таандык кылуу; өз кооптонуусун Ага гана байланыштыруу. Кыскасы, мына ушул үч өзгөчөлүксүз эч бир Тавхийд жетик-кемел боло албайт: биринчиси, зат жагынан Тавхийд. Тактап айтканда, Анын каршысында баардык бар нерселерди жок деп билүү, ошондой эле алардын баарын жок болуучу жана акыйкат эмес нерсе деп эсептөө; экинчиси, сыпаттар жагынан Тавхийд. Тагыраак айтканда, Рабубият[3] менен Улухият[4] деген сапаттарды Жаратуучудан башка эч кимге таандык кылбоо. Ошондой эле эл көзүнчө ар түрдүү кудай же пайда келтирүүчү көрүнгөндөрдүн баарын Анын колунан түзүлгөн система деп ишенүү; үчүнчүсү, өз сүйүүсү, чынчылдыгы жана тазалыгы жагынан Тавхийд. Тактап айтканда, кулчулукка таандык болгон сүйүү ж. б. өңдүү сезимдерде башка бирөөнү Кудай Таалага шерик кылбоо жана Ага гана берилүү». («Руханий хазаайин», 12-том, «Сираажуддин аттуу христиандын төрт суроосуна жооп», 349-350-бет)
Буга мен мындан илгери кыскача чечме бергенмин. Бул жөнүндө Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху) мындай дейт:
«Алла Тааладан башка бирөөнү Анын кандайдыр бир атына, иш-аракетине жана ибадат-сыйынуусуна шерик кылуу – бул Ширкке кирет. Бардык жакшы иштерди Алланын ыраазычылыгына гана карата жасоо – бул ибадат деп аталат. Жаратуучудан башка кудай жок экенине адамдар ишенишет жана өлүм менен жашоо, ошондой эле бийлик менен кудурет Анын колунда экенине да ынанышат. Буга ишенип туруп да, башка бирөөгө сажда кылышат, жалган сүйлөшөт жана Тавааф[5] кылышат. Кудай Тааланын ибадатын таштап, башкаларга сыйынышат. Кудай Тааланын орозолорун таштап, башкалардын орозолорун тутушат. Кудай Тааланын намаздарына көңүл бурбай, Алладан өзгөнүн намаздарын окушат жана алар үчүн зекет беришет. Мына ушул жалган ой-азгырыктардын тамырын кыркуу үчүн Алла Таала Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды жөнөткөн». («Хутбаат-э-Нур», 7-8-бет)
[1] Алла Таалага башкаларды шерик кылуу.
[2][2] Алла Тааланын Жалгыздыгы.
[3] «Багуучулук» дегенди билдирет. Алла Таалага таандык сыпат.
[4] «Кудайлык» дегенди билдирет. Алла Тааланын Кудай экендиги.
[5] «Айлануу» дегенди билдирет. Диний термин катары ажылык учурунда Каабанын тегерегинде айлануу.