Күнөө • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз ибадат сыйынуу

«Чындыгында, күнөө ушундай уу: ал адамзат Кудай Таалага баш ийүү, берилип Кудай Тааланы сүйүү жана берилип Кудай Тааланы эскерүүдөн куру жана бош калган учурда пайда болот. Мисалга, кандайдыр бир бак-дарак жерден суурулуп, сууну тарта албай калган учурда, күндөн-күнгө кургай баштайт жана анын бардык жашылдыгы жок болуп кетет. Жүрөгү Кудай Тааланын сүйүүсүнөн куру болгон адамдын ахвалы дагы ошондой болот. Демек, кургаган сыяктуу күнөө аны жеңип алат. Ошентип, Кудайдын табият мыйзамдарында ушул кургоону төмөнкү үч ыкмада дарылоого болот: 1) Сүйүү; 2) Истигфаар[1]. Мунун мааниси – басуу жана жабуу каалоосу. Себеби, бак-дарактын тамыры топуракта бекем турганда, ал бак-дарак көгөрүп туруу үмүтүндө болот; 3) Үчүнчү дарылоосу – тобо. Тагыраак айтканда, жашоо суусун тартуу үчүн берилип Кудай жакка бурулуу, өзүн Ага жакындатуу жана жакшы-такыба амалдар аркылуу өзүн күнөө көшөгөсүнүн аркасынан чыгаруу. Тек гана тил менен эмес, тескерисинче эң жетик жакшы-такыба амалдар менен тобо кылуу. Бардык жакшы-такыба иштер тобону толукташ үчүн болот». («Руханий хазааин», 12-том, «Сираажуддин аттуу христиандын төрт суроосуна жооп», 328-бет)


[1] Өз күнөөлөрү үчүн Алла Тааладан кечирим суроо.

Share via