Таза Жамаатты түзүү жана насаат сөздөр • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Таза Жамаатты түзүү жана насаат сөздөр

Намаз ибадат сыйынуу

(1)

«Эй, менин Жамаатыма мүчө болуп кирген досторум! Кудай Таала бизге да, силерге да Анын Өзү ыраазы боло турган амалдарды жасоо мүмкүнчүлүгүн тартууласын. Бүгүн силер азсыңар жана төмөн көз менен караласыңар. Ошондой эле илгерттен бери улантылып келе жаткан Алланын Сүннөтү боюнча силерге сыноо мезгили туш келди. Силердин адашып калууңар үчүн ар тараптан аракет кылынат. Силер ар кандай ыкмада азап чектирилесиңер жана ар түрдүү (орой) сөздөрдү угасыңар. Тили же колу менен силерге азап бере турган ар бир адам: «Мен Исламды колдоп жатамын», – деп ойлойт. Ошондой эле ар кандай ыкмада сыноодон өткөрүлүүңөр үчүн бир аз асмандык сыноолорго да туш келесиңер. Демек, эми угуп алгыла: куру логика менен иш алууңар, маскаранын каршысында маскара кылууңар же тилдөөнүн каршысында орой сөздөр менен жооп кайтарууңар – силердин жеңүүңөр жана утууңар жолу эмес. Анткени, эгер силер ушул эле жолдорду тандасаңар, анда силердин жүрөктөрүңөр ташка айланат, силерде болгону (куру) кептер эле калат: аларды Кудай Таала жек көрөт жана аларга жийиркенүү назары менен карайт. Ошондуктан, өзүңөргө бири адамдардын, экинчиси Кудайдын эки каргышын чогултуп албагыла». («Руханий хазааин», 3-том, «Изаалау аухаам», 546-547-бет)

(2)

«Кудай Таала силерди текке кетирет деп эч ойлобогула. Силер жерге себилген Кудай Тааланын Колундагы үрөнсүңөр. Кудай Таала мындай дейт: бул үрөн өнүгөт жана гүлдөйт. Ар тараптан анын бутактары чыгат жана байтүп даракка айланат. Демек, Кудай Тааланын сөзүнө ыйман келтире турган жана арадагы туш келген сыноолордон коркпой турган киши – куттуу. Анткени, Кудай Таала: «Ким өз Байъат[1] убадасында чынчыл, ал эми ким жалганчы» экенин билип, силерди сыноосу үчүн сыноолордун келүүсү да зарыл. Кандайдыр бир сыноодон өтпөй калган бирөө Кудай Таалага кенедей да зыян жеткире албайт жана бактысыздык аны тозокко чейин алып барат. Эгер ал төрөлбөгөндө, бул ага жакшыраак болмок. Бирок акырына чейин сабыр кыла турган бардык адамдарга кырсык зилзалалары туш келет, кырсык шамалдары үйлөйт жана коомдор аларды маскара кылат, ошондой эле дүйнө аларга жек көрүүчүлүк менен мамиле жасайт. Акыр аягында алар жеңишке жетишет жана береке эшиктери аларга ачылат. Кудай Таала мага өз Жамаатыма мындай деп айтуумду буюрган: ыйман келтиргендер – эгер алардын ыйманы дүйнө аралашуусунан оолак болуп, эки жүздүүлүк же жүрөксүздүккө булганбаган болсо, ал ыйман баш ийүүнүн эч бир даражасынан куру болбосо, анда ошондой адамдар Алла Тааланын сүйкүмдүү пенделери. Алла Таала: «Ошол эле адамдардын кадамы чыныгы кадам», – деп айтат». («Руханий хазааин», 20-том, «Ал-Васият», 309-бет)

(3)

«Акысыздыкта өжөрлөнүп, чындыкты өлтүрбөгүлө. Акыйкатты кабыл ала бергиле, мейли бир жаш баладан болсун. Эгер каршылашыңар акыйкаттын үстүндө болсо, дароо өзүңөрдөгү куру логиканы таштагыла. Акыйкаттын үстүндө туруктуу болгула жана чын күбөлүктү бергиле. Карагыла, Алла Таала Курани Каримде мындай дейт: «Фаж-тани-бур-рижса минал-аусааний важ-тани-буу каулаз-зуур»[2]. Тагыраак айтканда, буттардын ыпыластыгынан сактангыла, жалгандан дагы сактангыла (22:31), ал дагы буттан кем (күнөө) эмес. Силерди акыйкат жолунан бургузган ар бир нерсе – бул силердин жолуңардагы бут. Чын күбөлүктү бергиле, мейли силердин аталарыңар же бир туугандарыңар же досторуңарга каршы болсун. Кандайдыр бир кастыгыңар дагы силерди адилеттүүлүктөн тоспосун. Өз ара ичи тардык, кине, көрө албастык, кастык жана жек көрүүчүлүктү таштап, ынтымактуу болгула. Курани Каримдин улуу буйругу экөө гана: бири, Алла Тааланын Тавхийди, Аны сүйүү жана Ага баш ийүү; экинчиси, бир туугандарга жана жалпы адамзатка боорукер болуу». («Руханий хазааин», 3-том, «Изаалау Аухаам», 550-бет)

(4)

«Чынчыл болгула. Чынчыл болгула: Ал (Кудай) жүрөктөрүңөр кандай экенин көрүп турат. Адамзат Аны алдап коюусу мүмкүнбү? Анын алдында айла-амалдар дагы жардам бере алабы?» («Руханий хазааин», 3-том, «Изаалау Аухаам», 549-бет)

(5)

«Эй, өзүңөрдү менин Жамаатым деп билген бардык адамдар! Чындыгында, силер такыба жолдорунан жүргөнүңөрдө гана асманда менин Жамаатым деп эсептелесиңер. Ошондуктан, силер Кудай Тааланы көрүп турганыңардай, беш маал намазыңарды ушунчалык кооптонуу жана берилүү менен аткаргыла. Орозоңорду Кудай Таала үчүн чыныгы ыкылас менен орундаткыла. Зекет парзы болгон ар бир киши зекет берсин, ажылык парзы болгон жана эч кандай тоскоолдук болбогон киши ажылыкка барсын. Жакшылыкты бапестөө менен жасагыла жана жамандыкты жийиркенүү менен таштагыла. Билип койгула, такыбалыктан куру болгон эч бир амал Кудай таалага чейин жетпейт. Ар бир жакшылыктын тамыры – такыба. Кайсы амалда ушул тамыр текке кетпесе, ал амал да текке кетпейт. Илгерки момундар сыноодон өткөрүлгөнү сыяктуу эле түрдүү кайгы-капа жана кырсык-балээлер аркылуу силер да сөзсүз сыноодон өткөрүлөсүңөр. Ошондуктан, сак болгула! Адашып калбагыла. Эгер силер асман менен бекем алакада болсоңор, жер силерге кенедей да зыян келтире албайт. Качан өзүңөргө зыян келтирсеңер, ал душмандын колунан эмес, өз колдоруңардан гана келтиресиңер. Эгер силердин жердеги бардык ызаатыңар кетип калса да, Кудай Таала силерге асманда бир түбөлүктүү сый-урмат тартуулайт. Ошондуктан, силер Аны эч таштабагыла. Силер сөзсүз азап чектирилесиңер жана бир топ үмүт-тилектериңерден куру калтырыласыңар. Демек, ошондой жагдайларда эч кайгырбагыла, себеби силердин Кудайыңар: «Силер Анын жолунда туруктуусуңарбы, жокпу?» – деп силерди сынайт. Эгер силер: «Асманда периштелер дагы бизге мактоо-алкоолор айтсын», – деп кааласаңар, анда келтек да жеп, ыраазы болгула; сөгүнүүлөрдү да угуп, шүгүр кылгыла; ийгиликсиздерди көргүлө, бирок алакаңарды үзбөгүлө. Силер Кудай Тааланын акыркы Жамаатысыңар, ошондуктан жетилүү жагынан өзүнүн туу чокусуна жеткен жакшы амалдарды көрсөткүлө». («Руханий хазааин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 15-бет)

(6)

«Эгер: «Асманда Кудай Таала бизге ыраазы болсун», – деп кааласаңар, анда бир курсактан чыккан эки бир тууган сыяктуу өз ара ошондой болгула. Араңарда өз тууганынын көптөгөн күнөөлөрүн кечире турган бирөө гана – эң улук адам. Ал эми өжөрлүк кылып, кечирбеген бирөө – бактысыз. Аны менен менин эч кандай алакам жок. Кудайдын каргышынан сак болгула. Ал Ыйык жана Намыстуу. Бузуку адам Кудайга жакын боло албайт. Текебер киши Ага жакындай албайт. Заалим Ага жакын боло албайт. Кыянатчы бирөө Ага жакындай албайт. Анын аты үчүн намыстуу болбогон бирөө Ага жакын боло албайт. Иттер, кумурскалар жана жоорулардай өздөрүн дүйнөгө таштагандар жана дүйнөдөн эле канааттангандар Ага жакын боло алышпайт. Ар бир таза эмес көз Андан алыс. Ар бир таза эмес жүрөк Андан бейкабар. Ал үчүн отко түшкөн бирөө оттон куткарылат. Ал үчүн ыйлаган бирөө акыры күлөт. Ал үчүн дүйнөдөн ажыраган бирөө Аны кезиктирет. Ал дагы силерге дос болсун үчүн силер чын жүрөктөн, бүтүн ыкылас менен жана толук берилүү менен Ага дос болгула. Силерге дагы асманда ырайым кылынсын үчүн силер өз кол астыңардагыларга, аялдарыңарга жана карапайым туугандарыңарга ырайым кылгыла. Ал дагы силердики болсун үчүн силер чын жүрөктөн Аныкы болгула». («Руханий хазааин» 19-том, «Кашти-э-Нух», 12-13-бет)

(7)

«Мен өз Жамаатыма насаат кыламын: текеберликтен сактангыла, себеби текеберлик биздин Кудуреттүү Кудайыбыздын назарында өтө жийиркеничтүү нерсе. Бирок, мүмкүн силер текеберлик эмне экенин түшүнбөйсүңөр. Ошондуктан, мен аркылуу түшүнүп алгыла, мен Кудай Тааланын Руху менен сүйлөймүн.

Өзүнүн бир тууганын: «Мен андан билимдүүрөөкмүн же акылдуураакмын, же өнөрлүүрөөкмүн», – деп кемсинте турган ар бир адам текебер, анткени ал акыл жана илимдин булагы Кудай Таала экенин билбей, өзүн өйдө деп ойлойт. Кудай Таала аны акылдан азгырып, ал кемсинтип жүргөн тууганына андан жакшыраак акыл, илим-билим жана өнөр тартуулоого Кудуреттүү эмеспи? Өзүнүн кандайдыр бир мал-мүлк же салтанатын элестетип, өзүнүн бир тууганын кемсинтсе, ал да текебер адам, анткени ал ошол салтанатты Кудай Таала гана ага тартуулаганын унутуп калды. Ал сокур жана Кудай Тааланын ага балээ-кырсык келтирип, бир көз ирмемде эле аны «Асфалус-Саафилийн[3]ге» айландырып, ал кемсинтип жүргөн бир тууганына андан жакшыраак мал-мүлк тартуулоосуна Кудуреттүү экенин билбейт. Ошондой эле өзүнүн ден-соолугунун чыңдыгына текеберленип, же өзүнүн сулуулугу, жамалы, күч-кубатына мактанып, шылдың-маскаралап өз тууганын чакырган жана анын денелик кемчиликтерин адамдарга кеп кылган бирөө да текебер адам. Ал бир көз ирмемде эле ага денелик кемчилик берип, аны тууганынан жаманыраак кылуучу жана кемсинтилген тууганынын жөндөмдүүлүктөрү кем жана куру-бекер болбошу үчүн бир убакытка чейин ага береке берүүчү Кудайдан кабарсыз». («Руханий хазааин», 18-том, «Нузуулул-Масийх», 402-бет)

(8)

«Карасанатайлык бир катуу илдет. Жанар тоо чөптөрдү күйгүзгөн сыяктуу эле ал ыйманды бат эле күйгүзүп салат. Ким Кудайдын элчилерине карата жаман ойго барса, Кудай ага душман болуп кетет жана аны менен согушканы туруп калат. Ал Өзүнүн жакындары үчүн ушунчалык зор намысты көргөзөт: анын мисалы башка эч кимде кезиктирилбейт. Мага ар түрдүү чабуулдар жасалганда, Кудайдын ошол эле намыстуулугу мен үчүн жаркырады». («Руханий хазааин», 20-том, «Аль-Васият», 317-бет, түшүндүрмө)

(9)

«Мен чындыкты айтамын: жаман ойго баруу – бул абдан жаман балээ-кырсык. Ал адамзаттын ыйманын талкалап салат жана чынчылдык менен акыйкаттан алыстатып коёт жана досторду душмандарга айландырып жиберет. Чынчылдардын өзгөчөлүктөрүнө ээ болуу үчүн адамзат жаман ойго баруудан абдан этият болушу керек. Эгер кимдир бирөө жөнүндө кандайдыр бир жаман ой пайда болсо, көп-көп кечирим суроосу керек, ошондой эле ушул күнөө жана анын артынан келе жаткан жаман натыйжаларынан сактануу үчүн Кудай Тааладан дуба сурап туруусу зарыл. Муну жөн гана нерсе деп билбеш керек. Бул – абдан коркунучтуу илдет. Андан адам баласы бат эле жок болуп кетет». («Малфузаат», 1-том, 372-бет)

(10)

«Силер дагы камкордук жана өзүңөрдү тазалоо жолу менен Ыйык Рухтан үлүш алышыңар керек, анткени Ыйык Рухсуз чыныгы такыба насип болбойт. Напси каалоолорун бүтүндөй таштап, Кудайдын ыраазычылыгы үчүн баарынан тар болгон жолду тандагыла. Дүйнө көңүл ачуучулуктарына берилбегиле, алар Кудайдан алыстатат. Кудай Таала үчүн ачуу-оор жашоодо жашагыла. Кайсы кайгы-капа аркасынан Кудай ыраазы болсо, ал Кудай Тааланы нааразы кыла турган рахаттан жакшыраак. Кайсы жеңилүү ызаасынан Кудай Таала ыраазы болсо, ал Кудай Тааланын ачуусун келтирүүчү жеңиштен абзелирээк. Кудайдын каарына жакындата турган сүйүүнү таштагыла. Эгер силер чын жүрөктөн Аны көздөй келсеңер, анда ар бир жолдо Ал силерге жардам берет жана эч бир душман силерге зыян келтире албайт». («Руханий хазааин», 20-том, «Аль-Васият», 307-бет)

(11)

«Либаасут-Такваа[4] Курани Каримдин сөзү. Бул төмөндөгүдөй нерсеге ишаарат кылат: руханий сулуулук жана руханий зыйнат-байлык такыбадан гана пайда болот. Такыба – бул адамзат Кудай Тааланын бардык аманаттарын жана ыйман убадаларын орундатсын, ошондой эле колдон келишинче адамдардын бардык аманаттарын жана келишимдерин дагы орундатсын. Тагыраак айтканда, колдон келишинче анын эң майда жактарын дагы аткарсын». («Руханий хазааин», 21-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», 5-бөлүк, 210-бет)


[1] Баш ийүүгө сөз берүү же убада кылуу.

[2] (فَاجْتَنِبُوا الرِّجْسَ مِنَ الْأَوْثَانِ وَاجْتَنِبُوا قَوْلَ الزُّورِ} (الحج 31}

[3] Тозоктун эң түбү.

[4] Такыба кийим.

Share via