Алла Таала • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз

(1)

«Биздин бейиш – биздин Кудайыбыз. Биздин эң жогорку даражалуу лаззаттарыбыз биздин Кудайыбызда. Анткени, биз Аны көрдүк жана ар бир сулуулукту Андан таптык. Жан берүү жолу менен болсо да, ушул дөөлөт-байлыкты алуу керек жана бүт баарын курман кылууга туура келсе да, ушул берметти сатып алуу зарыл. Эй, куру калгандар! Ошол булакты көздөй чуркагыла: ал силерди сугарат. Ал жашоо булагы: ал силерди сактайт. Мен эмне кылайын жана кандайча ушул куш кабарды жүрөктөргө киргизейин. Адамдардын угушу үчүн: «Бул – силердин Кудайыңар», – деп кайсы барабан менен базарларда жар салайын жана адамдардын кулактары ачылып, угуулары үчүн кайсы даары менен дарылайын. Эгер силер Кудайдыкы болсоңор, анда Кудай, албетте, силер менен экенин билгиле». («Руханий хазааин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 21-22-бет)

(2)

«Эй, угуучулар уккула! Кудай Таала силерден эмнени талап кылат? Муну эле каалайт: жалгыз Алланыкы болгула. Жерде дагы, асманда дагы Ага эч кимди шерик кылбагыла. Биздин Кудайбыз – мурда Тирүү болгондой, азыр да Тирүү. Мурда сүйлөгөндөй, азыр да сүйлөйт. Мурда уккандай, азыр да угат. «Азыркы доордо Ал угат, бирок сүйлөбөйт» деген ой куру-негизсиз. Жок, андай эмес, Ал угат жана сүйлөйт. Анын бардык сыпаттары эзелки жана түбөлүктүү. Эч бир сыпаты бекер кылынган эмес жана эч качан бекер кылынбайт. Ал – Жалгыз, Анын эч кандай шериги жок; Анын эч кандай уулу да жок; аялы да жок. Ал теңдеши жок (Кудай), Анын окшошу да жок… Анын эч сыпатташы да жок. Анын бардык күч-кудурети жетиштүү. Ал алыс болгону менен жакын жана жакын болгону менен алыс… Ал баарынан жогору, бирок Анын астында дагы бирөө бар деп айтууга болбойт. Ал Арштын үстүндө, бирок Ал жер жүзүндө жок деп айтууга болбойт. Ал бардык жеткилең сыпаттардын Жыйындысы жана бардык чыныгы мактоо-алкоолордун Күзгүсү. Ал бардык касиеттердин Булагы. Ал бардык күч-кубаттардын Жыйындысы. Ал бардык береке-куттардын Борбору. Ар бир нерсе Ага гана кайтат. Ал ар бир падышачылыктын Ээси. Ал ар бир жетиктикке Ээ, ошондой эле ар бир кемчилик жана алсыздыктан Таза. Ал төмөнкү нерсеге өзгөчөлөнүп турат: жердегилер да, асмандагылар да Ага гана сыйынуулары лаазым». («Руханий хазаайин», 20-том, «Аль-Васият», 309-310-бет)

Share via