Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)

Намаз ибадат сыйынуу

(1)

«Инсанга, тагыраак айтканда, жеткилең-кемел инсанга тартууланган эң жогорку даражалуу нур периштелерде да болгон эмес, жылдыздарда да болгон эмес, айда да болгон эмес, күндө да болгон эмес, ал жер жүзүндөгү деңиздер жана дарыяларда да болгон эмес, ал асыл таш, жакут, зумруд, алмаз жана берметте да болгон эмес. Кыскасы, ал жердеги жана асмандагы эч нерседе болгон эмес, тек гана инсанда, тактап айтканда, кемел инсанда болгон: анын эң толук, эң жетик, эң жогору жана эң бийик үлгүсү – биздин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз, Саййиду Мавлаа[1], Саййидуль-Анбия[2], Саййидуль-Ахйаа[3] Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам). Ошентип, ал нур ушул инсанга берилди жана анын түсүнө кирген бардык инсандарга да даражаларына жараша берилди. Тагыраак айтканда, өз амалдары жагынан бир аз ага окшогондорго да берилди…. Ошондой эле ушул эң бийик, эң жеткилең жана эң кемел салтанаттуулук Жолбашчыбыз, Жетекчибиз, Башкаруучубуз, Уммий[4] Пайгамбарыбыз, эң чынчыл жана чынчылдыгы тастыкталган Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)да кезигет. («Руханий хазаайин», 5-том, «Аайна Камаалаат-э-Ислам», 160-162-бет)

(2)

«Мен дайыма таң каламын: ушул Мухаммад ысымдуу араб Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) (ага миңдеген салаваат жана тынчтык болсун) – кандай жогорку даражалуу Пайгамбар! Анын бийик мартабасынын чегин билүүгө болбойт жана анын күчтүү ыйык таасирлерин өлчөө адамзат колунан келбейт. Өкүнүчтүүсү, аны кандай тааныш керек болсо, анын мартабасы ошондой таанылган жок. Дүйнөдөн жоголуп кеткен Тавхийдди кайрадан дүйнөгө алып келген балбан – ошол. Ал чексиз даражада Кудай Тааланы сүйгөн жана чексиз даражада адамзатка боорукер болуп анын жаны азап тартты. Ошондуктан, анын жүрөк ахвалынан кабардар болгон, Кудай аны бардык пайгамбарлардан, ошондой эле алгачкылардын жана акыркылардын баарынан жогору кылды жана анын тилектерин анын тирүү кезинде эле орундатты». («Руханий хазаайин», 22-том, «Хакийкатуль-Вахий», 118-119-бет)

(3)

«Биздин Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык пайгамбарлардын аттарын өз ичине камтыган. Себеби, ал – ар кандай жеткилеңдиктин жыйындысы болгон ыйык инсан. Ошентип, ал Муса да, Иса да, Адам да, Ибраахийм да, Юсуф да жана Яькууб да (болгон). Ушуга ишаарат кылып, Алла Таала: «Фа-би худаа-хум муктадих[5]» – деп айтты. Тагыраак айтканда, эй, Пайгамбар! Сен ар бир пайгамбар өзгөчө ээлеген ар түрдүү хидаяттарды өзүңө жыйнап ал. Ошентип, мындан бардык пайгамбарлардын бийиктиктери Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)да бар экендиги далилденди. Чындыгында, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын аты ушуга гана ишаарат кылат. Анткени, Мухаммад «өтө көп макталган» дегенди билдирет. Демек, бардык пайгамбарлардын ар түрдүү жеткилеңдикти жана өзгөчө сыпаттары Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)да чогулгандан кийин гана «өтө көп макталган» деп эсептелиши мүмкүн». («Руханий хазаайин», 5-том, «Аайна Камаалаат-э-Ислам», 343-бет)

(4)

«Бардык пайгамбарлардын арасында эң жетик, толук таалим берүүчү, эң жогорку даражалуу, ыйык жана даанышмандыктан турган таалим келтирүүчү жана өзүнүн жашоосу аркылуу инсандык жеткилеңдиктер боюнча эң жакшы үлгүлөрдү көрсөтүүчү Пайгамбар тек гана Жетекчибиз жана Жолбашчыбыз Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам) экендиги мага түшүндүрүлүп берилди». («Руханий хазаайин», 17-том, «Арбаъийн № 1», 345-бет)

(5)

«Биз ынсап менен назар салганыбызда, бүткүл пайгамбарчылык чынжырында эң жогорку мартабалуу айкөл Пайгамбар, тирүү Пайгамбар жана Кудай Тааланын эң сүйүктүү Пайгамбары тек гана бир айкөл – пайгамбарлар жетекчиси, элчилер сыймыгы, бардык пайгамбарлар таажысы Мухаммад Мустафаа жана Ахмад Мужтабаа (саллаллааху алайхи ва саллам) экендигин билебиз». («Руханий хазаайин», 12-том, «Сирааж-э-Мунийр», 82-бет)

(6)

«Аравиядай ээн талаалуу өлкөдө абдан кызыктуу бир окуя жүз берди: миллиондогон өлүктөр бир канча күндөр ичинде тирилди, кылымдардан бери бузулуп келгендер Кудай түсүнө киришти, көзү сокурлар көрө башташты жана дудуктар Кудай сөздөрүн сүйлөй башташты. Кокусунан дүйнөдө ушундай бир ыңкылап жүз берди: мындан илгери эч бир көз да көргөн эмес, эч бир кулак да уккан эмес. Анын эмне экенин билесиңерби? Бул – Алла Таалага берилген бир инсан[6]дын караңгы түндөрдө сураган дубалары гана болчу: ал (дубалар) дүйнөдө бир дүрбөлөң салды жана ушул Уммий колунан келиши мүмкүн эмес көрүнгөн таң калаарлык иштерди кылып көрсөттү. Аллаахумма салли ва саллим ва баарик алайхи ва аалихи би адади хаммихи ва гаммихи ва хузнихи ли хаазихил уммати ва анзил алайхи анваара рахматика илал абади[7]». («Руханий хазаайин», 6-том, «Баркаатуд-Дуъаа», 10-11-бет)

(7)

«Эми, бардык адамдар үчүн Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)дан башка эч бир пайгамбар жана шапаатчы жок. Ошондуктан, силер асманда кутулгандар сабына жазылышыңар үчүн ушул улуу мартабалуу Пайгамбарды чын жүрөктөн сүйүүгө жана эч бир жагынан башка бирөөнү андан жогору койбоого аракеттенгиле. Эсиңиздерде болсун, кутулуу өлүмдөн кийин бериле турган нерсе эмес, тескерисинче ушул дүйнөдө гана өз жарыгын көрсөткөн нерсе гана – чыныгы кутулуу. Кутулган ким? Ошол – Кудай Тааланын бар экендигине, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Аны менен бардык макулуктун ортосунда шапаатчы экендигине, ошондой эле асмандын астында мартаба жагынан ага тең башка эч бир пайгамбар жок экендигине жана Куранга тең башка эч бир китеп жок экендигине ишенген адам. Бирөөнүн түбөлүккө жашаарын Кудай Таала каалаган эмес, бирок ушул улуу урматтуу Пайгамбар түбөлүккө тирүү». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 13-14-бет)

(8)

«Хаатамуль-Анбия Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)дын окуяларына назар салсак, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүрөгү таза, ичи ак, Кудай Таала үчүн жанын курман кылуучу, адамдардан эч нерсени күтбөөчү жана Кудай Таалага гана тобокел кылуучу экендиги даана, айкын жана так көрүнөт. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Кудай Тааланын эркине жана каалоосуна курман болуп, өзүн жок кылып: «Тавхийд тарапка даьват жүргүзүүнүн айынан башыма эмне деген балээ-кырсыктар түшүшү мүмкүн жана мушриктер колунан эмне деген жапа чегип, азап тартышым мүмкүн», – деген нерсеге да көңүл буруп кооптонгон эмес». («Руханий хазаайин», 1-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», 111-бет)

(9)

«Бул таң калаарлык нерсе эмеспи: ар бир коом финансылык, аскердик жана илим-билим жагынан толук кудуретке ээ болгон бир учурда бир кедей, күчсүз, жардамчысы жок, Уммий, жетим, жалгыз жана алсыз (инсан) ушунчалык жарык таалим алып келди: ал чечкиндүү далилдер жана ачык-айкын фактылар менен баарынын оозун жапты жана мен-мен деген даанышмандар жана философтордун одоно каталарын оңдоду. Ал өзүнүн күчсүздүгү жана алсыздыгына карабастан, ушунчалык зор кудуреттүүлүктү да көрсөттү: падышаларды тактылардан түшүрүп, ошол тактыларга карапайымдарды чыгарды. Эгер бул Кудайдын колдоосу эмес болсо, анда бул эмне? Алла тааланын колдоосу болбой туруп акылдуулук, илим-билим, күч-кубат жана кудуреттүүлүк боюнча бүткүл дүйнөнүн үстүнөн жеңишке чыгуу мүмкүнбү?» («Руханий хазаайин», 1-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», 119-бет)

(10)

«Миңдеген коркунучтуу учурлар жана миллиондогон душмандар, каршылаштар жана коркутуучулардын бар болгондугуна карабастан, Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын пайгамбарчылык билдирүүсүнө бекем туруп, башынан акырына чейин туруктуктуулук берүүсүнө көңүл бурушубуз керек. Жылдар бою кырсыктарга кабылды жана ийгиликтен бүтүндөй үмүтсүз кыла турган жана күндөн-күнгө күчөй берген кыйынчылыктарга кирептер болду. Ошол азаптарга сабыр кылуу аркасынан кандайдыр бир дүйнөлүк максат-мүдөөгө жетүүнү ойго келтирүү да болбогон иш болчу. Тескерисинче, пайгамбарчылык билдирүүсүнөн кийин илгерки жамаат-тайпасын да колдон кетирди жана бир айткан сөзү сүйлөөрү менен миллиондогон бөлүнүүлөрдү сатып алды жана миңдеген балээ-кырсыктарды өзүнө чакырып алды. Эл-журттан сүргүнгө айдалды. Өлтүрүлүш үчүн куугунтукталышты. Үй-жай жана мал-мүлк талкаланып, жок болду. Кайра-кайра уу берилди. Боорукер-мээримдүүлөр мээримсиз болуп калышты. Достор душмандык кыла башташты. Кыскасы, бир узак мезгилге чейин ушундай азаптарды чегүүгө аргасыз болду: кандайдыр бир айлакер жана алдамчы аларга туруштук бере албайт болчу». («Руханий хазаайин», 1-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», 108-бет)

(11)

«Эй, Алла! Мустафаа саллаллааху алайхи ва салламга Сенин чексиз тынчтык жана мээримиң болсун,

Ал аркылуу гана биз Сенин Нуруңду алдык.

Менин жаным дайыма Мухаммад саллаллааху алайхи ва салламдын жанына байланышкан,

Биз ушул сүйүүгө жык толгон кесени жүрөгүбүзгө ичирдик.

Мен бүткүл ааламда андан жакшыраак бирөөнү көрбөдүм,

Шексиз, биз жүрөгүбүздү башкалар чеңгээлинен куткарып алдык.

Сенин жүрүш-турушуңда Кудайдын Нуру көрүнөт,

Сени тапкан соң гана Аны таптык.

Эй, Алла! Сени кармап алган соң ар бир чеңгээлден кутулуп калабыз,

Шексиз, биз башыбызды Сенин босогоңо ийдик.

Эй, Сүйүктүүм! Сенин Жалгыздыгыңа касам!

Мен Сени сүйгөндүктөн өзүмдү да эсимен чыгардым.

Аллага касам! Башка бардык издер менин жүрөгүмөн өчүп кетти,

Качандан бери Сенин Изиңди жүрөгүбүзгө жайгаштырдык.

Эй, пайгамбарлардын эң жакшысы! Сен аркылуу гана биз эң жакшы үммөт болдук,

Сен алгалай бергениң үчүн гана биз да алга бастык.

Адамдар тургай, бардык периштелер дагы,

Биз сага айткан мактоо-алкоолорду гана айтышат».

(«Руханий хазаайин», 5-том, «Аайна Камаалаат-э-Ислам», 225-226-бет)

(12)

«Эгер мен өзүмдүн Жетекчим жана Жолбашчым, пайгамбарлардын сыймыгы, макулуктун эң жакшысы – Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жолдорун жолдобогонумда, ушул Нээмат[8]ка ээ болбойт элем. Ошондуктан, мен ээ болгон нерселердин баарына ошол ээрчүүдөн улам ээ болдум. Мен өзүмдөгү чыныгы жана жетик билимден билемин: ушул Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчибей туруп, эч бир адам Кудай Таалага жете албайт жана жетик Маърифат[9]тан да үлүш алалбайт. Мен ушул жерде Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чын жүрөктөн, толук ыкылас менен ээрчүүдөн кийин жүрөктө пайда боло турган өзгөрүүлөрдөн эң алгач эмне пайда болоорун да айтып кетейин. Билип койгула, ал – таза жүрөк. Тагыраак айтканда, жүрөктөн дүйнө сүйүүсү чыгып кетет, жүрөк кандайдыр бир түбөлүк жана түгөнбөс лаззатка ачка болуп калат. Анан ошол Калби Салийм[10] аркасынан Алла Тааланын кандайдыр бир тунук жана жеткилең сүйүүсү насип болот. Ошол баардык нээматтар Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчүү аркасынан мурас катары берилет». («Руханий хазаайин», 22-том, «Хакийкатуль-Вахий», 64-65-бет)

(13)

«Ал – биздин жолбашчыбыз, бардык нур андан гана келген,

Анын аты – Мухаммад саллаллааху алайхи ва саллам, ал менин эң сүйүктүүм.

Бардык пайгамбарлар – таза, бири-биринен жакшыраак,

Бирок Кудай тарабынан ал – макулуктун эң жакшысы жогорураак.

Мурункулардын баарынан жакшы, жакшылык боюнча айга окшош,

Ар бир назар ага түшүүдө, ал караңгылыктарды кетирүүчү – толгон ай.

Мурункулар жарым жолдо калышты, ал жээкке алып чыкты,

Мен жанымды ага курман кылайын, ал жалгыз жетекчи.

Ал түбөлүк жана Эң Сүйүктүү Кудайдан,

Биз Андан ушул эле жетекчи-жолбашчыны көрдүк.

Бүгүн ал дин падышасы жана пайгамбарлар таажысы,

Ал – ыйык жана ишенимдүү, анын мактоо-алкоосу – ошол.

Анын көзү алысты көрөт, анын жүрөгү Кудайга жакын,

Анын колдорунда дин чырагы бар, жарыктын булагы – ушул.

Диндеги эң оор жана татаал сырларды ал зат ачып берди,

Дөөлөт-байлыкты берүүчү жалгыз падыша – ошол.

Мен ошол нурга курман болоюн, мен аныкы болуп калдым,

Ал гана, мен эч нерсе эмесмин, акыйкат чечим – ошол».

(«Руханий хазаайин», 20-том, «Кадиян Кэ Аария Авур Хам», 456-бет)

(14)

«Ошондой эле Азирети Даауд (алайхиссалаам) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуктугун жана бийиктигин моюнга алып, 44-Забурда мындай деп баяндаган: 3) Сен адам баласынын эң сулуусу; оозуңдан мээрим төгүлүп турат; ошондуктан Кудай Сени түбөлүк алкаган. 4) Өз кылычыңды белиңе байла. Кубаттуулугуң, сулуулугуң, даңкың менен белиңди бекем буу. 5) Жана ушул жасалгалуу сөөлөтүңдө чындыктын, момундуктун жана адилеттиктин урматы үчүн Өз арабаңа ыкчам отур». («Руханий хазаайин», 2-том, «Сурьма Чашм-э-Аария», түшүндүрмө, 281-282-бет)


[1] Биздин Жетекчибиз жана Жолбашчыбыз.

[2] Пайгамбарлардын Жолбашчысы.

[3] Тирүүлөрдүн Жетекчиси.

[4] Кат-сабатты тааныбаган.

[5] {فَبِهُدَاهُمُ اقْتَدِهْ} Котормосу: Ошондуктан, (Алла Өзү аларга тартуулаган), алардын туура жолун ээрчигин. («Ал-Анъаам» сүрөөсү: 91)

[6] Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам).

[7] Эй, Алла! Ага жана анын тукумдарына тынчтык жана берек жолдогун… анын жүрөгүндө бул үммөткө карата болгон камкордук, кайгы-капа жана армандарчалык мээримдүүлүк жана берекелерди (жөнөткүн). Ошондой эле Өзүңдүн мээримдүүлүк нурларыңды эзелге чейин ага түшүрүп тургун.

[8] Алла Тааладан вахий-аян алуу жана Анын өзгөчө мээримдүүлүгүнө татыктуу болуу.

[9] Нукура руханий илим-билимдер.

[10] Таза жана тунук жүрөк.

Share via