Вахий жана аян • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз

(1)

«Кудай Таала Өзүнүн пенделеринин бирөөсүнө дуба сураган соң же өзүнөн-өзү кандайдыр бир кайыптагы нерседен кабар кылмакчы болгондо, кокусунан ага кандайдыр бир эсинен тануучулук жана үргүлөө келтирет, натыйжада ал өзүн бүтүндөй жоготот жана кимдир бирөө сууга чөгүп, суу астына кирип кеткендей эстен танып, өзүн жоготуу жана үргүлөөгө чөгүп кетет. Кыскасы, үргүлөөгө абдан окшош болгон ушул чөмүлүүдөн кийин пенде тышка чыкканда, ал өзүнүн кулагында кандайдыр бир зуулдаган үн чыкканын байкайт. Анан ал зуулдаган үн бир аз токтогондо, кокусунан ал өз ичинен кандайдыр бир жагымдуу, назик жана жылуу Сөздү сезет. Үргүлөөнүн ушул чөмүлүүсү абдан таң каларлык нерсе: анын жагымдуулуктарын баяндоо үчүн сөздөр жетишпейт. Мына ушул ахвалдан Маърифаттын бир дайрасы адамзатка ачылат. Себеби, кайра-кайра дуба сураган учурда Кудай таала ушул чөмүлүү жана үргүлөө ахвалын Өз пендесине келтирип, кандайдыр бир пакиза жана таттуу Сөз анын ар бир дубасы үчүн ага жооп берет жана ар бир суроо берген учурда, адамзат колунан келиши мүмкүн эмес акыйкаттарды ага ачат. Мына ушул нерсе анын дагы көбүрөөк Маърифаты жана жетик Ирфаан[1]ына себепкер болуп калат. Пенденин дуба кылуусу жана Кудай Тааланын кудайдык нуру менен ар бир дубага жооп кайтаруусу – бул төмөнкүдөй нерсе: ушул дүйнөнүн өзүндө эле пенде өз Кудайын көрүп алгандай болот жана эки дүйнө ал үчүн айырмасы жок бирдей болуп калат». («Руханий хазаайин», 1-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», түшүндүрмөнүн түшүндүрмөсү, №1, 260-262-бет)

(2)

«Вахий-аяндын бешинчи формасы ушундай нерсе: адамзаттын жүрөгү менен анын эч кандай алакасы жок. Тескерисинче, тышкы гана бир үн келет. Бул – парданын аркасында туруп, бир адамдын сүйлөгөн сөзүнө окшош бир үн угулгандай сезилет. Бирок ушул үн абдан жагымдуу, кооз жана бир кыйла тез болот. Жүрөк андан кандайдыр бир лаззат алат. Адамзат бир аз чөмүлүүдө болгон учурда капысынан ушул үн келет. Үндү угуп: «Бул кайдан келди, ким мени менен сүйлөштү?» – деп ал таң калат. Таң калган адам сыяктуу алды-артына элеңдеп карайт. Анан кандайдыр бир периште үн салганын байкап алат. Ушул тышкы үн көбүнчө адам баласы кандайдыр бир маселеде абдан ойлонуп, чөгүп кеткен учурда сүйүнүч катары келет». («Руханий хазаайин», 1-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», түшүндүрмөнүн түшүндүрмөсү, 287-бет)

(3)

«Мыйзам ушундай: кимдир бирөөдө бир аз нур болсо, ага гана дагы көбүрөөк нур тартуу кылынат, колунда эч нерсеси болбогон бирөөгө эч нерсе берилбейт. Көзүндө нур бар адам гана күн нурунан пайда алат, көздөр нурунан куру бирөө күн нурунан да куру калат. Табият нуру аз берилген бирөөгө экинчи нур дагы аз гана берилет. Табият нуру мол берилген бирөөгө гана экинчи нур да мол берилет». («Руханий хазаайин», 1-том, «Бараахийн-э-Ахмадия», сыноска, 195-196-бет)

(4)

«Кудай Таала Өзүнүн ажайып ааламын үчкө бөлүп койгон: 1) Көздөр, кулактар жана башка ачык сезимдер жана сырткы аспаптар аркылуу сезиле турган көрүнөө аалам; 2) Акыл жана ой жүгүртүү менен гана билине турган ички-көмүскө аалам; 3) Ушунчалык назик, байкалбас жана ойдон тышта жаткан тээ тереңде жаткан аалам. Аз гана адамдар андан кабардар. Ал болгону – кайып аалам. Акылдар кандайдыр бир элестен башка ага жете албайт. Ал ааламга Кашф[2], Вахий[3] жана аяндан башка бир дагы жол менен жетүүгө болбойт. Алла Тааланын төмөнкүдөй сүннөт-адаты ачык-даана далилденген: жогоруда кеп кылынган ушул эки ааламды изилдөө үчүн Кудай таала адамзатка ар түрдүү сезимдерди жана күч-кубаттарды тартуулагандай эле ушул үчүнчү ааламды билүү үчүн дагы Ал Жоомарт Кудай адамзатка бир жол-жорукту тартуу кылган. Ал жол-жобо вахий, аян жана Кашф. Ал эч бир доордо бүтүндөй жабык жана бек бойдон кала албайт, тескерисинче, анын шарттарын орундаткандар дайыма ага ээ болушкан жана дайыма ээ болуп турушат». («Руханий хазаайин», 2-том, «Сурьма Чашм-э-Аария», түшүндүрмө, 127-128-бет)


[1] Нукура руханий илим-билимдер.

[2] Кашф – бул ушундай руханий тажрыйба: анда кимдир бирөө уйку менен ойгоонун ортосундагыдай ахвалда болуп, Алла Тааладан аян алат. Кашф тажрыйбасына ээ болгондор Ахли Кашф (Кашф ээлери) деп аталышат.

[3] Алла Таала тарабынан пайгамбарлар жана олуяларга бериле турган аян.

Share via