Алла жолунда сарптоо • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Яжуж Мажуж

Алла жолунда сарптоо

Азирети Муъааз (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

«Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мени бир аймакка аким дайындап жатып, мындай деп насаат кылды: сен Китеп ээлеринин бир коомуна бара жатасың. Аларды эң алгач Шахаадат келимесине (Алладан башка кудай жок жана мен Алланын Пайгамбарымын) чакыргын, эгер алар ушул нерсеге макул болсо, анда Алла таала аларга күнү-түнү беш маал намазды парыз кылганын айтып бергин. Эгер алар бул нерсеге да макул болсо, анда Алла таала аларга садага парыз кылганын айткын. Ал (садага) байлардан алынып кедей-муктаждарга берилет. Эгер алар ушуга да макул болсо, анда алардын эң жакшы мал-мүлктөрүнөн колдоруңду тыйып тургун жана өзүнө акысыздык кылынган бирөөнүн терс дубасынан сактангын, себеби өзүнө акысыздык кылынган бирөө жана Кудайдын ортосунда эч кандай тоскоолдук болбойт».

Алла жолунда сарптоо

Азирети Хурайим бин Фаатик (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Кимде-ким бир нерсени Алла жолунда сарп кылса, ага сыйлык катары Алла таала жети жүз эсе көбүрөөк сооп берет».

Алла жолунда сарптоо

Азирети Анас (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

«Мединалык ансаардын арасында Азирети Абу Талха (разияллааху анху) Ансаарий абдан бай адам болчу. Анын курма бактары бар болгон. Анын эң жакшысы – «Бейрухаа» аттуу бак болчу. Аны Азирети Абу Талха (разияллааху анху) абдан жактырчу жана ал Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мечитинин маңдайында жакын жерде болчу. Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) көпчүлүк учурда ушул бакка барып, анын таттуу жана жагымдуу суусунан ичип турчу. «Силер өзүңөр жакшы көргөн нерселерден сарптамайынча, эч жакшылыкка жетише албайсыңар» деген аят түшкөндө, Азирети Абу Талха (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, мындай айтты: «Эй, Алланын Пайгамбары! Сизге баланча маанидеги аят түшкөн. Менин мал-мүлкүмдөн мага эң жакканы – «Бейрухаа» багы. Мен аны Алла жолунда садага кыламын жана Алла таала ушул жакшылыгымды кабыл кылып, менин акыреттеги жыйналган жакшылыктарыма кошот деген үмүттөмүн. Сиз муну каалагандай пайдалансаңыз болот». Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай айтты: «Азамат! Азамат! Бул – абдан жакшы жана баалуу мал-мүлк. Абдан пайдалуу. Мен сенин айтканыңды уктум. Мен ушул бакты тууган-туушкандарыңа берип кой деп сунуш кылам. Ошентип, Азирети Талха (разияллааху анху) ошол бакты жакын туугандарына жана агаларынын балдарына бөлүштүрүп берди».

Алла жолунда сарптоо

             Азирети Адий бин Хаатим (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Мейли жарым курма берип болсо да, оттон сактангыла».

Алла жолунда сарптоо

Азирети Айша (разияллааху анхаа) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Жоомарт Аллага жакын болот, адамдарга да жакын болот, бейишке да жакын болот жана тозоктон алыс болот. Ал эми сараң Алла тааладан алыс болот, адамдардан да алыс болот, бейиштен да алыс болот, бирок тозокко жакын болот. Сабатсыз жоомарт-айкөл ибадат кылуучу сараңдан көрө Алла таалага жагымдуураак болот».

Алла жолунда сарптоо

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп рабаят кылат:

«Бир киши Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дан: Эй, Алланын Пайгамбары! Сыйлык-сооп жагынан кайсы садага эң чоң садага эсептелет?» – деп сурады. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ден соолугуң сак болуп, өзүң да муктаж болгон, кедей болуп каламын деп корккон, бай-дөөлөттү болоюн деп каалаган, мөөнөт бербеген, (тактап айтканда, өлүмдү күтүп отура бербей) анан ушул мал-мүлктү баланча жерге сарп кыламын жана ушул мал-мүлкүм баланча мураскериме насип этет деп ойлогон учурда берген садагаң – сыйлык-сооп жагынан эң чоң садага».

Share via