Ажылык • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз

Ажылык

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир кайрылуусунда мындай деп айтканын рабаят этет:

«Эй, адамдар! Алла таала силерге ажылыкты парыз кылды. Ошондуктан, силер ажылык кылгыла. Ошондо, бир адам: «Эй, Алланын Пайгамбары! Ар жылы ажылыкка баруу зарылбы?» – деп сурады. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) унчукпады. Ал үч жолу суроосун кайталады. Ошондо, ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай жооп берди: «Эгер мен: «Ооба!» – деп жооп бергенимде, ар бир адамга ар жылы ажылык парыз болуп кетмек. Ал эми силер ошондой кыла албайсыңар». Анан мындай айтты: «Мен качанкыга чейин силерди таштасам, ошол кезге чейин силер дагы мени таштап тургула. Керексиз нерселер жөнүндө суроого ач көздөнбөгүлө. Анткени силерден мурунку адамдар өз пайгамбарларына абдан көп суроо берчү. Анан алар буларга кылган насааттарга каршы чыгып, жок болуп кетчү. Мен өзүм силерге кандайдыр бир буйрук бергенимде, күчүңөргө жараша аны аткаргыла, эгер кандайдыр бир нерседен кайтарсам, аны таштагыла».

Ажылык

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Кимде-ким Алла таала үчүн ажылык кылса, анан орой сөз сүйлөбөсө жана күнөө иш кылбаса, анда ал аны энеси жаңы төрөгөн күнүндөй таза жана аруу болуп кайтат».

Share via