Ой-ниет жана амалдар жөнүндө • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Ой-ниет жана амалдар жөнүндө

Пайгамбар хадистери

Хадис ой-ниет

Хамийдий Суфяндан, Суфян аль-Ансаарийден, ал Мухаммад бин Ибраахиймден, ал Алакама бин Ваккаас аль-Лайсийден, ал Умар бин аль-Хаттаабдан мындай деп укканын рабаят этет: «Ал минбар[1]да туруп, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дан мындай деп укканын айтып берди: бардык амалдар ниетке барып такалат. Ар бир адамга анын ниетине жараша гана сыйлык берилет. Ошентип, кимде-ким Алла таала жана Пайгамбар үчүн хижрат[2] кылса, анын хижраты Алла таала жана Пайгамбар үчүн эсептелет. Кимде-ким дүйнөлүк максатына жетүү үчүн хижрат кылса, анын хижраты дүйнөлүк максатына таандык болот. Эгер кимдир бирөө бир аялга үйлөнүү максатында хижрат кылса, анын хижраты ал көздөгөн нерсеге таандык эсептелет.

Хадис ой-ниет

Азирети Абдулла бин Амар бин аль-Аас (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Кимдин тилинен жана колунан башка мусулмандар аман болсо, ал чыныгы мусулман. Ошондой эле Алла таала тыюу салган нерсени таштаган бирөө гана чыныгы мухаажир[3]».


[1] Мечиттеги имам кутба берүүчү жай.
[2] «Көчүү» дегенди билдирет.
[3] «Көчмөн» дегенди билдирет.

Share via