Алсыздарга мээримдүү болуу

«Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Көпчүлүк адамдар бар: алардын чачтары чачкын жана чаң баскан болот. Тагыраак айтканда, карапайым-жөнөкөй көрүнөт жана босоголордон түртүлүп чыгарылат. Бирок, эгер алар Алла Таалага тобокел кылып: «Тигиндей болсун», – деп касам ичишсе, анда Алла Таала ошондой кылып коёт».
Азирети Абу Дардаа (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дан мындай деп укканын рабаят этет:
«Мени алсыздардын арасынан издегиле. Тактап айтканда, мен алар менен бирге турамын. Силер аларга жардам берип, менин ыраазылыгыма татыктуу боло аласыңар. Чынында эле алсыздар жана кедейлер аркасынан гана силерге ырыскы берилет жана силерге көмөк көрсөтүлөт».