Намаздын шарттары жана адептери

Азирет Усман (разияллааху анху) бин Аффаан бир жолу суу алдырды. Алгач үч жолу колдорун жууду. Анан оң колуна суу алып, оозун чайкады жана мурдун тазалады. Анан үч жолу бетин жууду. Андан кийин чыканактарга чейин колдорун жууду. Анан башына Масх тартты. Андан кийин үч жолу томуктарга чейин буттарын жууду. Ошентип, дааратты бүткөн соң Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын айтып берди: «Кимде-ким мен даарат алгандай даарат алса, анан азгырыктардан сактанып, жалынып-жалбарып эки рекет намаз окуса, анын мурунку күнөөлөрү кечирилип жиберилет».
Азирети Абу Хурайра (разияллааху )анху Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят кылат:
«Кайсы нерсе менен Алла таала күнөөлөрдү жууп салып, даражаларды жогорулатаарын силерге айтып берейинби? Сахаабалар: «Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Сөзсүз айтып бериңиз», – деп айтышты. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) айтты: «Көңүл барбаса да, жакшылап даарат алуу, мечитке алыстан басып баруу жана бир намаздан кийин экинчи намазды күтүү. Бул дагы бир түрдүү Рибаат. Тагыраак айтканда, бул нерсе чек араларды коргогондой».
Азирети Айша (разияллааху анхаа) мындай деп рабаят этет:
«Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) Такбийр (Аллааху акбар) деп намазды баштоочу. Анан «Фаатиха» сүрөөсүн окучу. Рукуга барганда, башын жогору көтөрчү эмес, ылдый да кылчу эмес, тескерисинче аркасын түз кылчу. Рукудан тик туруп, анан Саждага барчу. Саждадан башын көтөргөн соң, толук отуруп, анан экинчи Саждага барчу. Анан экинчи Рекеттен кийин Ташаххудга отурганда, оң бутун тик кармачу. Ал эми сол бутун жаткырчу. Ошентип, отуруп Ташаххудду окучу. Шайтан сыяктуу отуруу, тактап айтканда, согончокторго отурууга тыюу салчу, Ошондой эле Саждада күчүк отурганда буттарын сунган сыяктуу колдорун жерге коюп созууга да тыюу салчу. Аягында (Ассалааму алайкум ва рахматуллаах) деп намазды бүтүрчү».
Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Мен Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дан Алла тааланын алдында эң жагымдуу амал кайсы экендигин сурадым. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Өз убагында намаз окуу», – деп айтты. Мен андан кийин кайсы экенин сурадым. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ата-энелерге жакшы мамиле кылуу», – деп айтты. Мен андан кийин кайсы экенин сурадым. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Алла таала жолунда жихад кылуу», – деп айтты».
Азирети Амар бин Шуңайиб (разияллааху анху) атасынан, атасы өз атасынан мындай рабаят этет:
«Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам): «Силердин балдарыңар жетиге киргенде, аларды намаз окууга буюргула. Анан онго киргенде, намаз окубагандыктары үчүн аларга эскертүү бергиле жана ушул жашта алардын төшөктөрүн бөлүп койгула», – деп айтты».
Азирети Фаатиматуз-Захраа (разияллааху анхаа) мындай деп рабаят этет: «Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мечитке кирээрде төмөнкү дубаны окучу: «Алланын аты менен, Алланын Элчисине тынчтык болсун! Эй, Раббим! Менин күнөөлөрүмдү кечиргин жана Өз рахмат эшиктериңди мага ачып койгун».
Ошондой эле мечиттен чыгаарда төмөнкү дубаны суроочу: «Алланын аты менен, Алланын элчисине тынчтык болсун! Эй, Раббим! Менин күнөөлөрүмдү кечиргин жана Өз берешендик эшиктериңди мага ачып койгун».