Адал жана арам • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Ахмадия Махдий Ислам рамазан орозо кечирим такыба ыйман ишеним жакшылык

Адал жана арам

Абу Саълаба Хушаний Журсум бин Наашир (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

«Алла таала айрым парыздарды белгилеген, силер аларды текке кетирбегиле. Ал айрым чек араларды белгилеген, алардан ашпагыла. Ал айрым нерселерди арам деп айткан, аларга жакын барбагыла. Ал кээ бир нерселерди баяндоодо унутуу жолу менен эмес, тескерисинче мээримдүүлүк жана ырайымдуулук жолу менен сүкүт сактады, ошондуктан аларды «чукуп» жүрбөгүлө».

Адал жана арам

Азирети Нуъмаан бин Башийр (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уккан:

«Арам жана адал – даана-ачык. Алардын ортосунда көпчүлүк адамдар билбеген айрым шектүү нерселер бар. Ошентип, шектүү нерселерден абайлагандар өз динин жана аброюн коргошту. Ал эми шектүү нерселерге кабылган бирөө арам нерсеге жолугушу же кылмыш иш кылуусу мүмкүн. Анын мисалы тыюу салынган аймакка жакын жерде өз малын оттотуп жүргөн чабанга окшош. Анын малы ошол аймакка кирип кетүүсү толук ыктымал. Карагыла, ар бир падышанын эл кирүүгө тыюу салынган кандайдыр бир корголгон аймагы болот. Билип койгула, Алла тааланын корголгон аймагы – Анын арам кылынган нерселери. Кулак салгыла, адамзаттын денесинде бир эт бөлүгү бар. Ал бөлүк сак жана аман болгондо, бардык дене сак жана чың турат. Ал бузулганда жана ооруп калганда, бүткүл дене ооруп, алсырайт. Жакшылап билгиле, ал эт бөлүгү – адамдын жүрөгү».

Share via