Ата-энелерди сыйлоо
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:
«Бир киши Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип: «Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Адамдардын арасынан менин жакшылыгыма эң акылуу ким?» – деп сурады. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Энең!» – деп жооп берди. Ал: «Андан кийин ким?» – деп сурады. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Энең!» – деп айтты. Ал кайрадан: «Андан кийин ким?» – деп сурады. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Энең!» – деп жооп берди. Ал төртүнчү жол: «Андан кийин ким?» – деп сурады. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Энеңден кийин атаң сенин жакшылыгыңа эң акылуу. Андан кийин башкалар өздөрүнүн даражаларына жараша», – деп жооп кылды».
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Анын мурду топурак болсун. (Бул сөздөрдү үч жолу кайталады). Тагыраак айтканда, картайып калган ата-энелерин учуратып, анан аларга кызмат кылып бейишке кире албаган адам катуу жемеге ылайыктуу жана бактысыз адам».