Ата-энеге жакшы мамиле кылуу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ата-энеге жакшы мамиле кылуу

Алла Таала Курани Каримде мындай деп айткан:

Bani Israeel 25

«вах-физ ла-хумаа жанаа-хаз-зулли минар-рахмати ва кур-Раббир-хам-хумаа ка-маа Рабба-яний сагийраа».

Ал экөөсүнө мээримдүүлүк менен кичипейилдик канатын калкала жана айт: «Эй, Раббим! Ал экөөсү мени кичине чагыман тарбиялап, камкордук кылгандыктары сыяктуу Сен дагы аларга мээримдүү бол!» (17:25)

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Анын мурду топурак болсун, анын мурду топурак болсун. Ушул сөздөрдү үч жолу кайталаган. Тагыраак айтканда, мына ошондой адам катуу жемеге ылайыктуу жана бактысыз адам. Адамдар: «Кайсы адам?» – деп сурашкан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Картайып калган ата-энесин учуратып, анан аларга кызмат кылып, бейишке кире албаган адам», – деп жооп берген. («Муслим» Китаабул-Бирри вас-Силах)

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Ата-энеге кызмат кылуу өтө эле салмактуу амал. Хадистерде мындай деп кезигет: эки адам өтө эле бактысыз. Бири – рамазан айын учураткан жана рамазан келип да кетти, бирок анын күнөөлөрү кечирилген эмес; экинчиси – ата-энесин кезиктирген жана ата-энеси өтүп кетти, бирок анын күнөөлөрү кечирилген эмес.

Бала ата-энесинин көлөкөсүндө болгон кезде анын бардык кайгы-капаларын ата-энеси көтөрүшөт. Адам баласы өзү дүйнөлүк маселелерге киришкенде гана ата-энесинин кадырына жетет. Алла Таала Курани Каримде энени жогору койгон, анткени эне баласы үчүн өтө көп кыйналат. Бала кандай гана жугуштуу ооруга чалдыккан болбосун, мейли оспа болсун, холера болсун, чума болсун, энеси аны таштай албайт.

Бир жолу кызыбыз холера менен ооруп калган, апасы анын кусундусун же ж.б.ны өз колуна алчу эле. Эне бардык кыйынчылыктарда баласына шерик болот. Бул табигый сүйүү жана мээримдүүлүк. Бир дагы башка мээримдүүлүктү ага салыштырып болбойт. Алла Таала Курани Каримде ошого эле ишаарат кылган:

An-Nahal 91

«инналлааха я’муру бил-адли вал-ихсаани ва ийтааи-зил-кур-баа»[1]. («Малфузаат» 4-том, 289-бет)

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айткан:

«Андан кийин ата-эне турат, алар ушундай зат: адам баласы өмүр бою алар кылган мээримдүүлүктөрүнө жооп кайтара албайт. Ошондуктан, Алла Таала бизге буйрук кылган: алар силерге кандай гана мамиле жасашпасын, мейли катуу мамиледе болсун, мейли жумшак, силер ар кандай жагдайда аларга жумшак мамиле кылууңар жана мээримдүү болууңар керек.

Алардын силерге жакпаган кайсы бир сөзүнө «уфф» (атаганат) – деп да айтпашыңар керек. Сабырдуулук менен ар бир нерсеге чыдашыңар керек. Ар дайым аларга жумшак көңүл жана мээримдүү болушуңар керек, анткени балалык чагыңарда алар силер үчүн жасаган курмандыктарына жооп кайтара албайсыңар. Ушуларды айткан соң Алла Таала алар үчүн төмөндөгүдөй дуба сурагыла деп айткан:

Bani Israeel 25-2

«Раббир-хам-хумаа ка-маа Рабба-яний сагийраа».

 «Эй, Раббим! Ал экөөсү мени кичине чагыман тарбиялап, камкордук кылгандыктары сыяктуу Сен дагы аларга мээримдүү бол!» (17:25)». («Хутбаат-э-Масрур» 4-том, 518-бет)

Алла Таала бардыгыбызга ата-энелердин акы-укуктарын аткарууга күч-кубат берсин! Аамийн.

[1] Албетте, Алла адилеттүүлүккө, жакшылык кылууга жана тууган-туушкандарга кылына турган кайрымдуулук сыяктуу кайрымдуулук кылууга буюрат. (16:91)

Share via