13-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ата-энеге жакшылык кылуу

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адам баласынын өзүнүн туугандарына жакшы мамиле кылуусуна өтө баса белгилеп насаат кылган. Тууган-туушкандарга жакшы мамиле кылууда баарынан да мурда ата-эненин аты келет. Курани Карим ата-энеге баш ийүүгө жана аларга жакшы мамиле кылууга аябай баса белгилеп насаат кылган. Азирети Абдулла ибн Масъуд (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан мындай деп сураган:

Аййул-амали ахаббу илаллаахи

Аййул-амали ахаббу илаллаахи

?Алла Тааланын назарында эң жагымдуу амал кайсы

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп жооп берген:

ассалаату алаа вактихаа

ассалаату алаа вактихаа

намазды өз убагында аткаруу Алла Тааланын назарында эң жагымдуу. Азирети Абдулла ибн Масъуд (разияллааху анху): «Андан кийин кайсы?» – деп сураган.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп жооп берген:

биррул-ваалидайни

биррул-ваалидайни

ата-энеге жакшылык кылуу (же жакшы мамиле кылуу). («Бухарий», Китааб Муваакийтус-Салаат, Баабу фазлис-Салаати ли-вактихаа, 527-хадис)

Ушул хадисте эки түрдүү акы-укуктан сөз кылынган. Ислам таалими мына ушул эки түрдүү акы-укуктун тегерегинде айланат: бири – Алла Тааланын акы-укуктары; экинчиси – пенделердин акы-укуктары. Алла Тааланын акы-укуктарын аткарууда баарынан да маанилүүрөөк – бул ата-эненин акы-укуктарын аткаруу, алардын сөздөрүнө кулак салуу, аларга кызмат кылуу, аларга жакшы мамиле кылуу, айрыкча энеге кызмат кылууга жана анын сөздөрүнө кулак салууга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өтө баса белгилеп насаат кылган.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

Ал-жаннату тахта акдаамил-уммахаати

Ал-жаннату тахта акдаамил-уммахаати

бейиш энелердин таман астында. («Канзул-уммаал», Китаабун-никах, ал-баабус-саамин фий биррил-ваалидайинил-умм, 16-бөлүк, 192-бет, 4543-хадис)

Тагыраак айтканда, эгер бирөө бейишке кирүүнү кааласа, ал киши энеге кызмат кылуу, анын сөздөрүнө кулак салуу жана ага жакшы мамлие кылуу жолу менен өзүнө бейиш жолун ачсын.

Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын насааттарына кулак салып, намазды өз убагында аткарууга жана ата-энеге жакшылык кылууга бардыгыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)