Аялзаты өз күйөөсүнүн үйү жана анын балдарына көзөмөлчү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Аялзаты өз күйөөсүнүн үйү жана анын балдарына көзөмөлчү

мечитте окулган жума кутбасы

Аялдар башкаларга көрсөтүү үчүн жасанып-жасалгаланышпасын

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айтат:

«Бүгүн мен Алла Тааланын «Маалкият» (кожоюндук) сапаты жагынан кээ бир хадистерди айтып берем. Бир рабаятта Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анхумаа)нын мындай деп айткандыгы кезигет: «Мен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан төмөндөгүдөй айтканын уккам: араңардагы ар бир адам көзөмөлчү болот жана ал өзүнүн кол алдындагылары тууралуу суракка тартылат. Имам көзөмөлчү болот, ал өзүнүн кол алдындагылары үчүн жооп берет. Адам өзүнүн үй-бүлөсүнө көзөмөлчү болот, андан анын кол алдындагылары тууралуу сурак кылынат. Аялзаты өз күйөөсүнүн үйүнө көзөмөлчү болот, андан өзүнүн кол астындагылары тууралуу сурак кылынат. Бир кызматкер өз ээсинин мал-мүлкүнө көзөмөлчү болот, андан анын кол астындагылары жөнүндө сурак кылынат». («Бухарий», Китаабул-Истикрааз ва адаауд-Диваан. Баабул-Абду Рааъин фий маали саййидихий валаа яъмалу иллаа би-изнихий, 2409-хадис)

Жогорудагы хадисте төрт адамга насаат кылынган: биринчиси, имам. Ал өзүнүн кол алдындагыларына көңүл бурсун; экинчиси, үйдүн ээси. Ал өз жубайы жана балдарына, эгерде ал өз үй-бүлөөсүнүн жетекчиси болсо, анда ага (үй-бүлөөгө) көңүл бурсун; үчүнчүсү, аялзаты. Ал өз күйөөсүнүн үйү жана балдарына көзөмөлчү болот, ал аларга көңүл бурсун; төртүнчүсү, өз ээсинин мал-мүлкүнө көзөмөлчү болгон кызматчы. Анан аягында мындай деп айткан: өздөрүнө ушул жоопкерчилик жүктөлгөн бардык адамдар билип коюшсун, бүт баарынын Ээси, силерге ушул жоопкерчиликтерди жүктөгөн жер менен асмандын Ээси ошол милдеттер туура аткарылганбы же жокпу деп силерден ушул жоопкерчиликтер тууралуу сурайт. Ал Сыйлык жана Жаза Күнүнүн Ээси сыйлык жана жаза тууралуу өкүм чыгарган күнү ал баардык адамдар жооп беришет. Ошондуктан, бул кандайдыр бир жөнөкөй нерсе эмес. Сыйлык жана жазага ишенген ар бир адамдын жүрөгү титиреп кетет.

… анан аялзатына ал өз күйөөсүнүн үйүнө, анын абийирине, анын мал-мүлкүнө жана анын балдарына туура көзөмөлдүк кылсын деп айтылган. Анын жүрүм-туруму жана жашоо таризи ушундай болсун, ага айып тагууга эч ким «эр жүрөктүк» кылбасын. Өз күйөөсүнүн мал-мүлкүн туура жерге сарптасын. Кээ бир аялдар жөн жерден мал-мүлктү коротууга же өздөрүнүн жасалгаларына же кереги жок нерселерге коротууга көнгөн болушат, алар андан сак болуулары керек. Балдарына ушундай ыкмада таалим-тарбия беришсин, алар (балдары) Жамаат менен байланышуу жана Халифат менен байланышууну зарылдыгын сезишсин, өз жоопкерчиликтерин сезишсин, окуп-билим алуу зарылдыгын сезишсин, эң мыкты адеп-ахлактарды көрсөтүү керектигин сезишсин, натыйжада күйөөсү менин жоктугумда (анткени күйөөсү көпчүлүк учурларда өз жумуштарына байланыштуу үйлөрүндө жок болот) өз жоопкерчиликтерин туура аткарбай жатат деп эч качан арызданбасын. Ал тургай, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) анын күйөөсүнүн арыздануусу же жаза берсе да, ал арзыбаган нерсе, ал ушул дүйнөдө эле бүтөт, бирок билип койгула, силер Сыйлык жана Жаза Күнү дагы суракка тартыласыңар деп айткан. Ошондо кандай мамиле кылынаарын Алла билет. Алла Таала ар бир адамга ырайым кылсын». (Жума кутбасы, 6-апрель, 2007-жыл)

Англиядагы Жалса Саланага аба-ырайы бузулгандыгына карабай, катышкан аялдар жөнүндө Хузур-э-Анвар мындай деп айтат:

«Кудум ошондой Канададан келген Канада Жамаатынын Амири Сахиб да мага аба-ырайы бузулгандыктан аз адамдар келишет деген ойдо элем, бирок кудум мурункудай адамдар бар экенин байкадым деп жазган. Аялдар дагы өздөрүнүн жаш балдарын коляскаларга салып, кетип баратышканын көргөнбүз, алардын жанынан өтүп бара жаткан жеңил машиналар аларга лай жана кир суу чачырап жаткандыгына карабай, Алла Тааланын берешендиги менен Жалсанын программаларына катышышкан. Мага да бирөө аялдар келишпейт, өтө эле аз келишет деп айткан, мен ага өздөрүнүн жасалга боюмдарын жана кийим-кечелерин көрсөтүү үчүн гана катыша турган аялдар келишпейт, калгандардын баары Алла Тааланын берешендиги менен катышышат деп жооп берген элем». (Жума кутбасы, 3-август, 2007-жыл)

٭…٭…٭

Share via