Балага туура таалим-тарбия берүүнүн ыкмалары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Балага туура таалим-тарбия берүүнүн ыкмалары

Балдарга тарбия берүү

Балага туура таалим-тарбия берүүнүн ыкмалары

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы – Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) өзүнүн «Минхаажут-Таалибийн» (Талапкерлердин жол-жобосу) аттуу китебинде балдарга тарбия берүү ыкмалары жөнүндө кеңири сөз кылган жана тарбия берүү ыкмаларын айтып берген. Ал ыкмалар ар бир момун-мусулманга өз балдарын тарбиялоодо чоң жардам берээр деген үмүт менен силерге сунуш кылуудабыз.

Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Азыр мен тарбиянын ыкмаларын айтып берем:

  1. Бала төрөлгөндө, эң биринчи тарбия – бул азан чакыруу. Бул жөнүндө мурун да айтып бергенмин.
  2. Бала таза кармалсын. Заара жана заң дароо таза кылынсын. Кээ бир адамдар: «Бул аялдардын жумушу турбайбы?» – деп айтышы мүмкүн. Бул туп-туура. Бирок а дегенде эркектерде ошондой ой пайда болгондо гана аялдарда болот. Демек, аялдарга ушул нерселерди үйрөтүү – бул эркектердин милдети. Анткени, таза болбогон балада таза ойлор кайдан келет? Бирок, байкалып калгандай, буга такыр көңүл бурулбайт. Эгерде кайсы бир жыйында бала ажатканага баргысы келсе, аялдар аны кездемеге тосуп алып, ал кездемени колтугуна кысып алышат. Кадияндын айлана-чөйрөсүндөгү айылдардагы аялдарды байкаганбыз, алар (баланы) бут кийимине тоусп алып, аны ары-бери ыргытып жиберишет. Эгер баланын сырткы тазалыгына көңүл бурулбаса, анда ички тазалыгы кандай болот? Бирок, эгер бала сыртынан караганда таза болсо, анын таасири анын ичине болот жана анын ичи да таза болот. Анткени, булганычтын айынан пайда боло турган күнөөлөрдөн сактанып турат. Азыр медициналык жактан бул нерсе далилденип калган: балада эң биринчи күнөө булганычтын айынан гана пайда болот. Баланын уяттуу жери таза болбосо, ал кычышат. Анан ал кычышкан жерин тирмап жатып, анда кандайдыр бир кумардандыруучу жөндөмдүүлүгү бар экенин сезип алат. Эгер бала таза кармалса жана ал чоңойгон сайын ага: «Мына ушул жайларды таза кармоо үчүн жууп туруу зарыл деп айтылса, анда мүмкүн болгон даражада ал курмардуу жаманчылыктарынан сактана алат. Ушул тарбияны да биринчи күндөн эле тартып баштоо керек.
  3. Балага тамак-ашты өз убагында берүү керек. Аны менен бала жеңил каалоолорун басмырлоо адатына ээ болуп, бир топ күнөөлөрдөн сактана алат. Уурулук, талап-тоноо ж. б. көптөгөн жаманчылыктар жеңил каалоолорду басмырлабоонун натыйжасында гана пайда болот, анткени ошондой адамда кызуу кандуулуктарды тизгиндөө жөндөмдүүлүгү болбойт. Мунун себеби, бала ыйлаары менен энеси эмизип коёт. Андай кылбоо керек, тескерисинче белгиленген убагында эмизүү керек жана жашы улуу балдарга убагында тамак берүү адатын адаттандыруу керек. Аны менен төмөндөгүдөй сапаттар пайда болот:

А) өз убагын сезүү жөндөмдүүлүгү;

Б) каалоону басмырлоо;

В) ден-соолук;

Г) биргелешип иштөө адаты пайда болот. Анткени, чогуу тамактана турган мына ошондой балдарда өзүмчүлдүк жана напсилик болбойт;

Д) ысырапкерчилик деген адат болбойт. Каалаган убагында тамак иче берүүчү бала алардан айрымдарын жейт, айрымдарын текке кетирет. Бирок, эгер жечүү нерселер ага белгиленген өлчөмдө жана белгиленген убакытта берилсе, анда алардан эч нерсесин текке кетирбейт. Демек, бул ыкма аркылуу балада аз нерсени колдонуу жана ошону менен гана өз каалоосун аткаруу адаты пайда болот;

Е) ач көздүккө каршы күрөшүү адаты пайда болот. Мисалы, базар аралап бара жаткан бала бир нерсени көрүп, аны алам дейт. Эгер ал нерсе ал убакта ага сатып алынып берилбесе, анда ал өз каалоосун басмырлап алат жана чоңойгондо бир канча жолу көңүлүндө пайда боло турган ач көздүккө каршы күрөшүү адатына ээ болот.

Кудум ошондой эгерде бала үйдө турган нерселерди, мисалы айыл чарбачылык менен күн көрүүчү үй-бүлөлөрдө шекер камыш, түрп, сабиз, үйдө жасалган сахар ж.б.ны сураса, ага тамактануу маалында берилет, ага чейин күтүп тургун деп коюу керек. Аны менен анда напсиликти басуу жөндөмдүүлүгү пайда болот.

  1. Баланы белгиленген убакытта ажатканага жиберүү адаты менен адаттандыруу керек. Бул анын ден-соолугуна да пайдалуу. Бирок, мунун баарынан да чоң пайдасы бул: анын (дене) мүчөлөрүндө өз убагын аткаруу сезими пайда болуп калат. Белгиленген убагында ажатканага жиберүү менен ички органдар дагы ал убакытка көнүп калып, анан ошол эле белгиленген убакытта ажатканага барат. Европада кээ бир адамдар ажатканага баруу муктаждыгы аркылуу азыр саат баланча деп саат канча экендигин айтып коюшат, анткени белгиленген убакытта алар ажатканага баруу муктаждыгын сезишет. Демек, бала үчүн бул нерсе өтө эле зарыл. Өз убагында иштей турган балада намаз аткаруу жана орозо тутуу адаты бекемдеп калат жана улуттук (коомдук) иштерди артка жылдыруу адаты пайда болбойт. Андан тышкары орунсуз кызуу кандуулуктар жоголуп кетет, анткени орунсуз кызуу кандуулуктун бир ири себеби, мезгилсиз иштөө адаты. Айрыкча, мезгилсиз тамактануу. Мисалы, бала ойноо менен алектенген болот, энеси өз убагында тамактанууга чакырат, бирок ал келбейт. Анан ал келгенде, апасы: «Кой тур, азыр тамак ысытып берейин», – дейт, бирок курсагы катуу ачкандыктан ыйлайт жана орунсуз кызуу кандуулугун ачыкка чыгарат. Анткени, ал ачкалыкты басмырлай албаган убакытта эле тамактануу үчүн келет жана ошондон улам өтө чоң ызы-чуу салат.
  2. Ошондой эле тамак-аш кандайдыр бир өлчөмгө жараша берилсин. Андан каниет пайда болуп, ач көздүк жоголот.
  3. Ар түрдүү тамак-аш берилсин. Эт, жашылчалар жана мөмө-жемиштер берилсин, анткени тамак-аштар менен да ар түрдүү адеп-ахлактар пайда болот. Ошондуктан, ар кандай адеп-ахлактар үчүн ар кандай тамак-аштар берилүү зарыл. Ооба, балалыкта эт азыраак жана жашылчалар көбүрөөк болушу керек. Анткени, эт кызуу кандуулукту жаратат жана балалык күндөрдө кызуу кандуулук азыраак болушу керек.
  4. Бала бир аз чоңойгондо, оюн-тамаша катары андан жумуш алынуу керек. Мисалы, баланча идишти алып кел. Мына ушул нерсени тигил жерге коюп кел. Мына ушул нерсени баланча адамга берип кел. Мына ушул сыяктуу башка жумуштарды жасатуу керек. Ооба, бир аз убакытка өзүнчө ойноого да уруксат берүү керек.
  5. Баланы өзүнө ишенүүгө адаттандыруу керек. Мисалы, кайсы бир нерсе маңдайына коюп: «Азыр эмес, бир аз убакыттан кийин берилет», – деп айтуу керек, ал нерсени жашырып коюу дурус эмес, себеби ушул үлгүнү көрүп, ал да ошондой кылат жана анда уурулук адаты пайда болуп кетет.
  6. Баланы көп деле эркелетпөө керек. Кайра-кайра өбүү менен балада көптөгөн жаманчылыктар пайда болуп калат. Ал кайсы гана жыйынга барбасын, адамдар аны сүйүүсүн каалайт, муну менен анын мүнөзүндө алсыздыктар пайда болуп кетет.
  7. Ата-эне курмандык кылуулары керек. Мисалы, эгер бала ооруп калса жана кандайдыр бир нерсени жебесе, алар (ата-эне) да жебесин жана үйгө да алып келбесин, ал гана эмес, ага: «Сен жебейсиң, ошон үчүн биз да жебейбиз», – деп айтышсын. Муну менен балада дагы курмандык кылуу сапаты пайда болот.
  8. Оору маалында бала жөнүндө өтө эле этият болуу керек, анткени эр жүрөксүздүк, өзүмчүлдүк, кежирленүү, кызуу кандуулукка алдыруу сыяктуу илдеттер көбүнчө узакка созулуучу оорунун айынан пайда болот. Кээ бир адамдар башкаларды чакырып өз жанына отуруусун талап кылышат. Ал эми кээ бирөөлөр алардын жанынан өтүүчү адамга: «Көзүңдү карабайсыңбы, сокур болуп калдыңбы?» – деп айтып коюшат. Узакка созулуучу оорунун айынан ушул илдет пайда болот. Ооруп жаткан адамга тынчтык-рахат жеткирүүгө аракет кылынат, ошон үчүн ал рахаттанууну өзүнүн акысы деп ойлойт жана ар убакта тынчтык-эс алууну каалайт.
  9. Балдарга коркунучтуу жомокторду айтып бербөө керек, аны менен аларда коркоктук пайда болот жана ошондой адамдар чоңойгонда, эр жүрөктүк иштерди жасай алышпайт. Эгер балада жүрөксүздүк пайда болуп калса, ага баатырлардын жомокторун айтып берүү керек жана баатыр балдар менен ойнотуу керек.
  10. Балдарга өз досторун өзү тандоого жол бербөө керек, тескерисинче ата-энеси мүнөзү мыкты досторду тандоолору керек. Муну менен ата-энелерге да пайда тиет жана алар мүнөзү мыкты балдар кайсылар экенин карашат. Андан тышкары бири-бирине жардамдашат. Анткени, ата-эне өзү балага: «Баланча балдар менен ойногун!» – деп айтышканда, балдарынын адеп-ахлактарына жана мүнөзүнө көзөмөлдүк да кылышат.
  11. Балада жоопкерчилик сезим пайда болсун деп балага анын жашына жараша кээ бир жумуштар жүктөлсүн. Бул жөнүндө бир кыскача жомок бар, бир адамдын эки баласы болгон. Ал экөөсүн тең чакырып, алардын бирине алма берип: «Аны бөлүп, жеп алгыла!» – деди. Ал бала алманы алып жүрүп басайын дегенде, атасы: «Муну кандай бөлүшүүнү билесиңби?» – деп сурады. Ал бала: «Жок!» – деди. Атасы: «Бөлүштүргөн азыраак алсын, башкасына көбүрөөк берсин!» – деди. Бала муну угуп: «Анда ага бериңиз, ал бөлүштүрсүн!» – деди. Ал балада мурунтадан эле жаман адат пайда болгон болушу керек окшойт. Бирок ошону менен бирге ал бала эгер ушул жоопкерчилик мага жүктөлсө, анда бир тууганымды өзүмөн жогору коюшум керек деп да билчү окшойт. Футбол ж.б. оюндар ушул максатты ишке ашыруу үчүн өтө эле пайдалуу.

Бирок оюнда кандайдыр бир жаман адат пайда болбосун деп да байкоо керек. Жалпысынан, байкалгандай, ата-энелер өз баласына жан тартышат жана башка балдарды өз баласынын сөзүнө кулак салууга мажбур кылышат. Ошентип, бул нерсе баланын өжөр кылып коёт жана ал өзүнүкүн бербейт.

  1. Баланын көңүлүнө ал жакшы жана такыба бала экенин салуу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандай сонун сөздү айткан экен: «Баланы сөкпөгүлө, анткени сөккөндө, периштелер: «Ошондой болсун!» – дешет жана ал ошондой болуп калат».

Мунун мааниси: периштелер амалдардын натыйжаларын чыгарышат. Качан балага: «Сен жамансың!» – деп айтылганда, ал өз ой-кыялында «мен жаманмын» деген картаны чийип алат, анан ошондой болуп калат. Ошондуктан, баланы сөкпөө керек, тескерисинче жакшы ахлактарды үйрөтүү керек жана баланы мактоо керек.

Бүгүн эртең менен кызым акча сурап келди. Мен акча берсем, ал сол колун узатты. Мен: «Бул жакшы эмес го!» – дедим. Ал: «Туура, ката кетти, эми кайта ошондой болбойт», – деди. Ага катасын сездиргенимде, ал катасын дароо сезип алды.

  1. Балада кежирленүү адаты пайда болбошу керек. Эгер бала кайсы бир нерсеге кежирленсе, анын дабасы мындай: аны кайсы бир башка жумуш менен алаксытып, кежирленүү себебин билип-аныктап, аны кетирүү керек.
  2. Бала менен адептүүлүк менен сүйлөшүү керек. Бала туурайт, эгер аны «сен» деп чакырсаңар, ал да «сен» деп чакырат.
  3. Баланын алдында жалганчылык, текеберлик, ачуулук ж.б.ны көрсөтпөө керек, анткени ал да ушул нерселерди үйрөнүп алат. Жалпысынан, ата-эне балага жалган сүйлөөнү үйрөтүшөт. Эне баланын алдында кандайдыр бир ишти жасаган болот, бирок ата сураганда: «Мен жасаган жокмун», – деп коёт. Муну менен балада дагы жалган сүйлөө адаты пайда болуп калат. «Мен бала жок болгондо, ата-эне ушул ишти кылышсын!» – деп айтмакчы эмесмин. Жок, мен айта турган нерсе, ар убакта мына ошондой айып-кемчиликтерден сактана албай тургандар эч болбогонда, ал илдет келечек муундарын да ошол оорууга кирептер кылбасын деп балдардын алдында мына ошондой ишти жасашпасын.
  4. Баланы ар түрдүү баңги заттардан сактоо керек. баңги заттар аркылуу баланын нервдери алсырап кетет. Ошондон улам жалган сүйлөөгө да адаттанып калат жана баңги заттарды колдонуучу адам сокур бойдон бирөөлөрдү ээрчүү же тууроо адатына ээ болуп калат. Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын I Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху)нун туугандарынан бирөө бир жолу бир баланы алып келип: «Муну да өзүмө окшош кылып алам», – деп айткан. Ал баңги заттарды колдонуучу жана дин менен такыр алакасы жок адам болчу. Биринчи Халифа ага мындай деп айткан: «Сен өзүң бузулуп калгансың, аны эмнеге бузасың?» Бирок ал ошол ниетинен кайткан эмес. Бир жолу Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) ал баланы чакырып: «Акылың эмнеге иштебей калган, эмнеге аны менен жүрөсүң, кандайдыр бир жумуш үйрөнгүн!» – деп ага насаат кылган. Биринчи Халифа насаат кылган соң ал бала аны (баңги заттарды колдонуучу адам) таштап кетип калды. Бирок, бир аз мөөнөттөн кийин ал адам дагы бир баланы алып келди жана биринчи Халифага: «Муну бузуп көрүңүз, мен көрөйүн», – деп айтты. Анын назарында анын карамагынан бирөөнү куткаруу – бул бузуу эсептелчү. Биринчи Халифа ал балага аябай көп насаат кылган жана: «Менден бир аз акча алып кандайдыр бир иш кылыңыз!» – деп да айткан, бирок ал укпады. Акыры, биринчи Халифа андан: «Буга эмне кылдың?» – деп сурады. Ал мындай деп жооп берди: «Мен ага баңги заттарды берем, ошон үчүн анда мени тууроону таштоо күчү калбай калды». Кыскасы, баңги заттар аркылуу кандайдыр бир кадамды шилтөө күчү жок болуп кетет.

Жалган сүйлөө баарынан да коркунучтуу илдет, анткени анын пайда болуу жол-жоболору өтө эле кылдат. Ушул илдеттен баланы айрыкча сактоо керек. Кээ бир себептерден улам ушул илдет өзүнөн-өзү балада пайда болуп калат. Мисалы, бала өтө эле зээндүү, ал эмнени укса, анын акыйкатын өзү эле жаратып алат.

Биздин карындашыбыз бала чагында ар күнү кандайдыр бир көлөмдүү түшүн айтып берчү. Биз ал күндө кандай түш көргөнүнө айран-таң калчубуз. Акыры, жатаарда эмнени ой-кыялданса, ошону эле түш деп ойлоп алгандыгы маалым болду.

Ошентип, бала эмнени ойлосо, аны чыныгы окуя деп ойлой баштайт жана акырындап жалганчылыкка көнүп калат. Ошондуктан, балага ой-кыял башка нерсе жана (болгон) окуя башка нерсе деп насаат кылып туруу керек. Эгерде ой-кыялдын акыйкаты балага жакшылап түшүндүрүлсө, ал жалган сүйлөөдөн сактануусу мүмкүн.

  1. Балдарды өзүнчө жалгыз отуруп ойноодон кайтаруу керек.
  2. Жылаңач болуусунан кайтаруу керек.
  3. Балдарды ар дайым өздөрүнүн катасын моюндоого адаттандыруу керек. Мунун төмөнкүдөй ыкмалары бар:

А) алардын алдында өз каталарын бекитпөө керек;

Б) Эгер баладан кандайдыр бир ката кетсе, ага ушундай боорукер болуу керек: бала мага кандайдыр бир чоң зыян болуп калды, ошон үчүн адамдар мага боорукерликти көрсөтүшүүдө деп сезсин. Ага мына ушул ката кетирүү менен мына баланча зыян болуп калды деп түшүндүрүү керек;

В) Болочок каталарынан сактоо үчүн бала менен ушундай сүйлөшүү керек: бала менин каталарымдын айынан ата-энем азап чегүүгө аргасыз болушту деп сезсин. Мисалы, баланын колунан болгон зыянга жараша баасын ж.б. алардын алдында төлөсүн, аны менен балада зыян кылуунун натыйжасы жакшы эмес деген ой пайда болот. Төлөм (төлөө) абдан ыплас акыйда, бирок менин назарымда балага ушундай тарбия берүү өтө эле зарыл;

Г) Эге балага эскертүү жасамакчы болсоңор, башкалардын алдында эмес, аны өзүнчө алып баргыла.

  1. Баланы бир аз мал-мүлккө ээ кылуу керек. Андан балада төмөнкүдөй сапаттар пайда болот:

А) садага берүү адаты;

Б) каниет;

В) тууган-туушкандарга жардам берүү.

Мисалы, эгер баланын колунда үч тыйын болсо, ага мындай деп айтуу керек: бир тыйынга кандайдыр бир нерсени алып келип, башка балдар менен чогуу жегин. Бир тыйынга кандайдыр бир оюнчук сатып алгын жана бир тыйынды садагага берип койгун.

  1. Ошондой эле балдардын мал-мүлкү чогуу болушу керек. Мисалы, кандайдыр бир оюнчук берип, бул баарыңардыкы, баарыңар аны менен ойногула, эч ким аны бузбасын деп айтуу керек. Ошентип, баарына тиешелүү (коомдук) мал-мүлктү коргоо сезими пайда болот.
  2. Балага адеп-ахлактар, мыйзам-эрежелер жана маданиятты үйрөтүп туруу керек.
  3. Баланын дене тарбиясын жана аны эмгекчил кылууну да ойлоп туруу керек, анткени бул нерсе дүйнөлүк өсүп-өнүгүү жана жан-дүйнөнү реформалап-оңдоо – экөөсүнө тең пайдалуу.

Жогоруда мен адеп-ахлактар жана руханийликке берген аныктамага ылайык өзүндө төмөнкүдөй нерселер кезигүүчү бала гана тарбияланган бала деп аталат:

1) жеке адам катары адептүү болсун жана анда руханийлик болсун;

2) башкаларды да ошондой кыла алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болсун;

3) Жамаат мыйзамына ылайык жүрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болсун;

4) Алла Тааланы чын жүрөктөн сүйсүн жана ал сүйүүсү бардык сүйүүлөрдөн жогору болсун.

Биринчи мүнөздөмөнүн өлчөмү мындай;

А) бала чоңойгондо, шарият буйруктарын сөзмө-сөз, иш жүзүндө жана ишеним катары аткарсын;

Б) келечекте кандайдыр бир фитна-чагымчылыкка кабылбасын деп ой-ниет жөндөмдүүлүгү күчтүү болсун;

В) өз муктаждыктарын кандыруу жана өзүн коргоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болсун;

Г) өзүнүн мал-мүлкүн жана байлыгын коргоо жөндөмдүүлүгүнө ээ болсун жана ага аракеттенсин.

Экинчи мүнөздөмөнүн өлчөмү төмөндөгүдөй:

А) жакшы адеп-ахлактарды көрсөтсүн;

Б) башкаларга адеп-ахлактарды үйрөтүүгө жана руханий таалим-тарбия берүү иштерине катышсын;

В) өз ресурстарынын текке кетүүсүнө жол койбосун, тескерисинче аны Ислам-Ахмадияны жайылтууга жакшылап пайдалансын, натыйжада Жамаат жана динге көбүрөөк пайдасы тийсин.

Үчүнчү маселе, тагыраак айтканда, Жамаат мыйзам-эрежелери боюнча жүрүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болуунун өлчөмү төмөндөгүдөй:

А) өз ден-соолугуна көңүл буруучу болсун;

Б) Жамаат мал-мүлктөрүн жана укуктарын коргоочу болсун;

В) башкалардын акы-укуктарын тебелеп-тепсей турган эч бир ишти жасабасын;

Г) ал жамаат тарабынан тартуулана турган бардык сыйлыктарды жана бериле турган жазаларды чын жүрөктөн кабыл кылууга даяр турсун.

Төртүнчү мүнөздөмөнүн өлчөмү төмөндөгүдөй:

А) Алла Тааланын Китебине шыктуу болсун жана аны сыйласын;

Б) Алла Тааланын ысымы аны ар жактан адептүү жана катып калган кылып койсун;

В) дүйнөдө жашап да дүйнөдөн бүтүндөй оолак болсун;

Г) Алла Таалага болгон сүйүүсүнүн белгилери анда кезиксин».

(«Минхаажут-Таалибийн», «Анваарул-Улуум», 9- том, 201-208-бет)

 

Share via