Ата-эненин жакшылыктарын эстеп ырайымдуулукту суроо дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ата-эненин жакшылыктарын эстеп ырайымдуулукту суроо дубасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жана анын үммөтүнө ата-эне үчүн төмөнкү дуба үйрөтүлгөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай дечү эле: «Бала ата-энесинин жакшылыгына жооп кайтара албайт, ооба, атасын кулдуктан азат кылдырса, анда бул башка кеп». («Тафсир-э-Куртбий» 10-том, 244-бет)رَّبِّ ارۡحَمۡہُمَا کَمَا رَبَّیٰنِیۡ صَغِیۡرًاОКУЛУШУ: РАББИР-ХАМХУМАА КАМАА РАББАЯАНИЙ САГИЙРАА. (17:25)

Котормосу: «Эй, Раббим! Ал экөөсү мени кичине чагыман тарбиялап, камкордук кылгандыктары сыяктуу Сен дагы аларга мээримдүү болгун!» («Бани Исрааийл» сүрөөсү:25)

Share via