Ата-энеге сый-урмат көрсөтүү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ата-энеге сый-урмат көрсөтүү

Алла Таала Курани Каримде мындай деп айткан:

Ан-Кабуут 9

«ва вас-сай-нал-ин-сана би-ваа-ли-дай-хи хус-нан ва ин жаа-ха-даа-ка ли-туш-ри-ка бий маа лай-са лака би-хий ил-мун фа-лаа ту-тиъ-ху-маа и-лаййа мар-жиъу-кум фа-у-набби-у-кум би-маа кун-тум таъ-ма-луун».

Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылуу үчүн баса көрсөтүп насаат кылдык жана (мындай деп айттык): «Эгер алар сага өзүң билбеген нерселерди Мага шерик кылышың үчүн сени менен талашса, анда ал экөөсүнө баш ийбе!» Мага гана кайтышыңар бар. Ошондо Мен силерди кылып жүргөн амалдарыңардан кулактандырамын. (29:9)

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Анын мурду топурак болсун, анын мурду топурак болсун. Ушул сөздөрдү үч жолу кайталаган. Тагыраак айтканда, мына ошондой адам катуу жемеге ылайыктуу жана бактысыз адам. Адамдар: «Кайсы адам?» – деп сурашкан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Картайып калган ата-энесин учуратып, анан аларга кызмат кылып, бейишке кире албаган адам», – деп жооп берген. («Муслим» Китаабул-Бирри вас-Силах)

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Ата-энеге кызмат кылуу өтө эле салмактуу амал. Хадистерде мындай деп кезигет: эки адам өтө эле бактысыз. Бири – рамазан айын учураткан жана рамазан келип да кетти, бирок анын күнөөлөрү кечирилген эмес; экинчиси – ата-энесин кезиктирген жана ата-энеси өтүп кетти, бирок анын күнөөлөрү кечирилген эмес. Бала ата-энесинин көлөкөсүндө болгон кезде анын бардык кайгы-капаларын ата-энеси көтөрүшөт. Адам баласы өзү дүйнөлүк жашоого аралашканда гана ата-энесинин кадырына жетет. Алла Таала Курани Каримде энени жогору койгон, анткени эне баласы үчүн өтө көп кыйналат. Бала кандай гана жугуштуу ооруга чалдыккан болбосун, мейли оспа болсун, холера болсун, чума болсун, энеси аны таштай албайт». («Малфузаат» 4-том, 289-бет)

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Курани Каримден сарптоонун тогузунчу түрү «жакшылык кылуу» деп далилденген. Мисалы, ата-энеге кызмат кылууга буюрулган. Ушул мамиле «кызмат акысы» деп да атала албайт, себеби ата-эне кызмат кылышпайт, тескерисинче кандайдыр бир табигый талап менен баланы өстүрүшөт жана бала аларды ушул кызматка дайындабайт, кандайдыр бир башка адам да дайындабайт, ошондой эле алар кандайдыр бир кунду да үмүттөнүшпөйт. Демек, ата-эне баласына кызмат кылышпайт, тескерисинче ихсан (жакшылык) кылышат. Эгер кайсы бир бала чоңойгондон кийин ата-энесине кызмат кылса, ал аларга «кызмат акысын» төлөбөйт, тескерисинче алардын кылган жакшылыгына жооп кайтарууга аракет кылат. Мисалы, Алла Таала Курани Каримде ата-эне жөнүндө мындай деп айткан:

Лукман 15-1

«ва вас-сай-нал-ин-сана би-ваа-ли-дай-хи».

 «Биз ар бир адамга ата-энесине жакшылык кылууга буюрганбыз» (31:15)

Анан дагы бир жерде мындай деп айткан:

Лукман 15-2

«а-ниш-кур-лий вали-ваа-ли-дайк».

Биз адамга Бизге да, ата-энеңе да шүгүрчүлүк кыл деп өкүм кылганбыз. (31:15)

«Шүгүрчүлүк» сөзүндө айтылган нерсе: ата-энеңе кандай гана жакшылык кылбасаң, мен аларга кандайдыр бир ихсан (жакшылык) кылуудамын деген ой менен кылба, тескерисинче алар сага ихсан (жакшылык) кылышкан. Сен аларга кыла турган ар бир жакшы мамилең – бул ыраазычылык билдирүү жана алар сага кылган жакшылыгын моюнга алуу катары гана болот». («Тафсир-э-Кабийр» 1-том, 131-бет)

Алла Таала бардыгыбызга ата-энелерге терең сый-урмат көрсөтүүгө күч-кубат берсин! Аамийн.

Share via