Рамазан айы жана Алла Тааланын жолунда сарптоо • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Рамазан айы жана Алла Тааланын жолунда сарптоо

Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:

Al-Baqara 196

«ва ан-фи-куу фий са-бий-лиллаа-хи ва-лаа тул-куу би-ай-дий-кум илат-тах-лу-кати ва ах-си-нуу, инналлаа-ха ю-хиббул-мух-си-нийин».

«Алла жолунда сарптагыла жана өз колдоруңар менен өзүңөрдү жок кылбагыла, ошондой эле изги иштерди кылгыла! Албетте, Алла изги иштер кылуучуларды сүйөт». (2:196)

САЛАВАТ

 

Ramazan-Hadees

«ан Ибни Аббаасин (разияллааху анхумаа) каала: каана Расулуллаахи (саллаллааху алайхи ва саллам) аж-ва-дан-нааси ва каана аж-ва-ду маа я-куу-ну фий Рамазана хий-на ял-каа-ху Жибрий-лу ва каа-на Жиб-рий-лу ял-каа-ху фий кулли лай-ла-тим-мин Рамазана фа-ю-даа-ри-су-хул-Кураана фа-ла-Расу-лулла-хи саллаллааху алайхи ва саллама хий-на ял-каа-ху Жиб-рий-лу аж-ва-ду бил-хай-ри ми-нар-ри-хил-мур-са-лати».

Азирети Ибн Аббаас (разияллааху анхумаа) мындай деп айтат:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдардын арасында баарынан да жоомарт болчу жана Рамазан айында Жабраил (алайхиссалаам) Курани Каримди кайталоо максатында ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мурдагысынан да көбүрөөк марттык кылчу. Ал гана эмес, жакшылык жана марттык боюнча нөшөрлөгөн жаан жана андагы соккон күчтүү шамалдардан да күчтүүрөөк болчу деп айтуу керек». («Сахих ал-Бухарий», Китааб бад-ул-халк)

Дагы бир рабаятта мындай деп кезигет:

«Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Рамазан айында туткундарды эркиндикке чыгарчу жана ар бир сурап келген адамга тартуулачу». (Шаъбул-ийман лил-Бехкий)

Дагы бир рабаятта Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегени кезигет:

«Рамазан айында сарптоого сараң болбогула, тиричилигиңерге да чын жүрөктөн сарптагыла, анткени ушул айда тамак-ашыңардын сообу да Алла Таала жолунда сарптоо менен тең». (Жаамиъус-Сагийр)

Рамазан жөнүндө бир хадисте мындай деп кезигет:

«Ушул айда момундун ырыскысы кеңейтилет, нафл садагасын берген адамга парызга тете сооп болот. Жана парыз зекет берген адамга жетимиш парыз аткарууга тете сооп болот». (Бехкий)

Азирети Анас (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Эң абзел жана эң мыкты садага – бул Рамазан айында берилген садага». (Термизий)

Алла Таала бардыгыбызга Алла Таала жолунда көп-көп сарптоо мүмкүнчүлүгүн берсин! Аамийн.

Share via