Байыркы диндерде да орозо болгонбу?
Орозо эң байыркы диндерде да бар болгон ибадат. Ага ишаарат кылып, Алла Таала мындай деп айтат:
کُتِبَ عَلَیۡکُمُ الصِّیَامُ کَمَا کُتِبَ عَلَی الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَتَّقُوۡنَ
Кутиба алайкум-муссияму камаа кутиба алаллазийна мин кабликум ла-ъаллакум таттакуун, эй, мусулмандар! Такыба болууңар үчүн силерге да силерден мурун өтүп кеткен адамдарга парыз кылынгандай эле орозо парыз кылынды (2:184).
Исламдагы орозолор менен кадимки диндердеги орозолор көрүнүш жагынан башка-башка болгону менен, негизги бөлүктөрү өз ара окшош. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) мындай деп айткан:
Фаслу маа байна сияминаа ва сиями ахлил-китааби аклатус-сахри, биздин орозобуз менен Китеп ээлеринин орозосунун ортосундагы бир айырмасы – саарлыкта тамак ичүү («Сунан ад-Дармий», Бабу фазлис-Сухури).
Мусулмандар эртең менен тамактанып, орозо кармашат, ал эми Китеп ээлери саар маалында тамак ичишпейт. Ошондой эле хиндилер өзүнүн орозосунун учурунда бир аз жеп-ичип алышат, ага карабастан алардын орозосу бузулбайт. Мунун мааниси, алардын орозосу – айрым нерселерден оолак болуу гана. Христиандардын орозосу да ошондой: кайсы бир орозосунда эт жешпейт, кайсы биринде камыр нан жешпейт. Кээ бир диндерде эртең менен тамак ичпестен туруп, күн жана түндөн турган орозо болот. Алар болгону шам маалында ооз ачышат. Айрым диндерде тынымсыз төрт күнгө чейин орозо кармоого буюрулат. Кээ бир диндердеги орозолордо коюу тамактарга тыюу салынат, бирок жеңил тамак – сүт жана мөмөлөргө уруксат берилет.