Орозону буза турган факторлор кайсы?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозону буза турган факторлор кайсы?

Атайылап жеп-ичүү жана жыныстык катнашуудан орозо бузулат. Клизма коюу, укол алуу жана атайылап кусуу жолу менен да орозо бузулат.

Хадисте мындай деп айтылган:

орозо хадис рамазан фактор

Ман зараъхул-кайʹу фа-лайса алайхи казааун ва манис-такааʹа амдан фал-якзи, эгер орозо кармаган киши аргасыз кусуп салса, ага орозонун казасы парыз эмес, бирок атайылап кусуп салган кишиге ошол орозонун казасы парыз. Термизий», Китаабус-Саум ан Расулиллаахи)

Рамазан орозосун атайын (билип туруп) бузган киши ошол орозосунан тышкары кун (жаза) катары тынымсыз (үзгүлтүксүз) алтымыш орозо кармоосу лаазым. Эгер орозого күчү жетпесе, анда өзүнүн байлыгына жараша алтымыш кедей-муктаждарды чогуу же өзүнчө тамактандыруусу керек же бир эле кедей-муктажга алтымыш күндүк азык-түлүк берүү же анын баасын төлөп коюусу парыз. Эгер тамактандырууга да күчү жетпесе, анда ал Алла тааланын ырайымдуулугу жана берешендигине тобокел кылуусу зарыл. («Бухарий», Баабу изаа жаамиьу фий Рамазана ва лам йа куллаху шайун . . .)

Эгер кимдир бирөө жаңылыштык менен ооз ачып алса, ага күнөө болбойт, бирок ошол орозонун казасы парыз болот. Эгер орозо кармаган аялдын айзы башталып калса, же ал төрөсө, анда орозосу бүтөт, ал эми ушул орозолордун казасы башка күндөрдө парыз болот.

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via