Ооз ачаардагы дуба кандай?

Аллаахумма лака сумту ва алаа ризкика афтарту, Эй, Алла! Мен Сен үчүн орозо кармадым жана Сен тартуулаган ырыскы менен гана ооз ачтым. («Абу Давуд», Китаабус-Саум)
Ооз ачкан соң төмөнкүдөй сөздөрдү айтыш керек:
Захабаз-замау ваб-таллатил-урууку ва сабатал-ажру ин шаа Аллаах, суусагандык (чаңкоо) тарады, тамырлар жаңыланды жана сыйлык аныкталды, эгер Кудай кааласа. («Абу Давуд», Китаабус-Саум)
Кимдир бирөөнүн оозун ачтыра турган киши орозо кармаган киши ала турган соопчулукка тең соопко ээ болот.
Ман фаттара сааиман каана лаху мислу ажрихий гайра аннаху лаа янкусу мин ажрис-сааими шайʹан, («Термизий», Китаабус-Саум ан Расулиллаахи)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ким ооз ачтырса, ал орозо кармаган киши алган соопко тең соопко ээ болот, бирок ал үчүн орозо кармаган кишинин сообунан эч нерсе кемитилбейт», – деп айткан.