Орозону буза албай турган факторлор кайсы?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозону буза албай турган факторлор кайсы?

Рамазан айы жана орозо

Эгер кимдир бирөө ката жолу менен бир нерсе жеп-ичип койсо, анын орозосу бузулбайт жана орозосунда эч кандай айып-кемчилик саналбайт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо хадис рамазан фактор

Изаа наси-я фа-акала ва шариба фал-ютимма саумаху фа-иннамаа атаъмахуллааху ва сакааху, эгер кимдир бирөө унутуп, бир нерсе жеп-ичсе, анын орозосу бузулбайт. Ал орозосун уланта берүүсү керек, анткени Алла таала ага жедирип жана ичирип жатат. («Бухарий», Ктиаабус-Саум)

Эгер эрк-ыктыярсыз бир нерсе алкымга же курсакка – түтүн, чаң-тозоң, чымын, чиркей, ооз чайкап жатканда бир нече тамчы суу кирип кетсе, орозо бузулбайт. Ошондой эле кулакка суу кирсе, какырык чыкса, ыктыярсыз кусуп салса, көзгө даары куйса, мурун канаса, тиш канаса, мисвак кылса же щетка колдонсо, жыт жыттанса, чач же сакалга май сүйкөсө, бала же аялды өпсө, күндүзү уктап жатканда бел суусу чыккандыктан же саар маалында жунуб айынан гусул кыла албаса да орозо бузулбайт. Күндүзү аялзат сурма койсо болот. Ал эми эркек тууралуу Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

орозо хадис рамазан фактор

Лаа тактахил бин-нахаари ва анта сааимун иктахил лайлан, орозо учурунда күндүзү сурма койбогула, ал эми кечинде боло берет. («Сунан ад-Дармий», Китаабус-Саум)

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан: «Күндүзү сурма коюунун кажети деле жок. Кечинде койгула». («Бадр» газетасы, 7-февраль, 1907-ж.)

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via