Орозонун максаты эмне?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозонун максаты эмне?

Рамазан айы жана орозо

Орозо напсини оңдоо куралы. Анткени, Алла Таала үчүн адам баласы лаззаттарды таштаган учурда ага өзүн жакшылыкка туруктуу кылууга, ар түрдүү арам жана ыпылас нерселерден оолак болууга аракеттенүү сабагы да берилет.

Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Орозонун максаты – бул кимдир бирөөнү ачкалыкка кирептер кылуу эмес. Эгер ачка калуу жолу менен бейиш насип болгондо, менимче эң жаман каапыр жана эки жүздүүлөр да аны алууга даяр болмок. Анткени, ачка калып өлүү (же ачкалык менен өлүү) анча деле оор иш эмес. Чынында, моралдык жана руханий өзгөрүү эң оор иш. Адамдар арзыбаган нерселер үчүн тамак ичпей коюшат. Түрмөлөрдө отурганда ачкалыкты жарыялашат. Брахмандардын мындай белгилүү адаты бар: адамдар алардын сөзүнө кулак салбаганда, алар тамак ичпей коюшат. Кыскасы, тек ачка калуу эч оор иш эмес жана Рамазандын максаты да ачкалык эмес.

Рамазандын нукура максаты – ушул айда адамдын Алла Таала үчүн ар бир нерседен оолак болуусу. Анын ачка калуусу «ал ар бир укугун Алла Таала үчүн таштоого даяр турат» деген нерсеге белги болот. Адам жеп-ичүүгө укуктуу. Эр катын алакалары адамдын укугу. Ошондуктан, ушул укуктарды таштай турган киши: «Мен Алла үчүн өз укуктарымды таштоого даярмын», – деп айтат. Укугу болбогон нерсени таштоо арзыбаган иш. Момундан: «Ал кимдир бирөөнүн укугун жейт», – деп күтүлбөйт. Момундан: «Ал Алла Таала үчүн өз укугун таштоого даяр», – деп күтүүгө болот. Эгер Рамазан келип, өтүп кетсе жана биз: «Өз укугубузду кандайча таштайлы?» – деп айтсак, анда биз Рамазандан эч нерсе алганыбыз жок дегендик. Анткени Рамазан: «Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн өз укуктарыңарды да таштап коюшуңар керек», – деген нерсени айтканы келген эле». («Ал-Фазл» газетасы, 30-март, 1926-жылы, 5-6-бет)

Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын I Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Кимде-ким орозодо пайдалануусу моралдык жана мыйзам жагынан өзүнө тыюу салынбаган нерселерди Алла Таала үчүн таштаса, ал башкалардын нерселерин акысыздык менен пайдаланбоого жана аларга карабоого көнөт. Ал Алла Таала үчүн уруксаты бар нерселерди таштаган соң, уруксаты жок нерселерге такыр карабайт». («Ал-Фазл» газетасы, 17-декабрь, 1966-жыл, 8-бет)

Кыскасы, орозодон напсинин тазалануусу жана жүрөккө нур берилүүсү менен бирге орозо денелик, моралдык жана социалдык пайдаларга себепкер болот. Мындан «Кашф» жөндөмдүүлүгү күчөйт жана өсүп-өнүгөт. Денелик (материалдык) нандан денеге кубат берилгендей, руханий нан (орозо) рухка туруктуулук берет. Андан руханий жөндөмдүүлүктөр кубат алат. Ошол үчүн:

وَ اَنۡ تَصُوۡمُوۡا خَیۡرٌ لَّکُمۡ

«ва ан тасуумуу хайрун лакум», (эгер орозо кармасаңар, анда силер үчүн чоң жакшылык бар (2:185), – деп айтылган.

Курани Каримде орозо такыба болуунун ишеничтүү «даарысы», – деп айтылган. Тагыраак айтканда, эгер силер ушул «даарыга» амал кылсаңар, такыба болуп каласыңар. Алла Таала мындай деп айткан:

 کُتِبَ عَلَیۡکُمُ الصِّیَامُ کَمَا کُتِبَ عَلَی الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَتَّقُوۡنَ

Кутиба алайкум-муссияму камаа кутиба алаллазийна мин кабликум ла-ъаллакум таттакуун, эй, момун-мусулмандар! Такыба болууңар үчүн силерге да силерден мурун өтүп кеткен адамдарга парыз кылынгандай эле орозо парыз кылынды (2:184).

Балким, силер руханий жана моралдык кемчиликтерден сактанаарсыңар. «Канчалык жаманчылыктар болбосун, алардын булагы төрт эле нерсе, калганы алардын тармактары гана. Алар: 1) Жеш. 2) Ичүү. 3) Жыныстык катнаш. 4) Эмгектен качуу.

Бардык кемчиликтер мына ушул төрт нерсеге байланыштуу. Мына ошол төрт булакты жаманчылыктан сактоого орозо парыз кылынган. Маселен: эмгектен качуу үчүн кимдир бирөө кыянатчылык кылат. Тагыраак айтканда, эмгектенип жешти каалабайт жана башка бирөөнүн мал-мүлкүн жейт. Бирок орозо кармаган киши түндүн көбүрөөк бөлүгүндө туруп ибадат кылат. Саарлык үчүн турат. Эртеден кечке чейин эч нерсе жебейт. Аз гана уктайт. Бир ай орозо кармаган киши ушул кичине кыйынчылыкты тарткандыктан анын денеси көнүп калат. Андан жалкоолук адаты четтетилет. Анан жеп-ичүү жана жыныстык күч айынан жаманчылыктар пайда болот, ал үчүн да орозо парыз кылынган. Адам жеп-ичүүнү таштайт, жашоо керектөөлөрүнөн оолак болот. Демек, кайсы муктаждыктардын айынан адамзат күнөөгө батса, ошолорго убактылуу тыюу салынды». («Ал-Фазл» газетасы, 17-декабрь, 1966-жыл)

Орозонун төмөнкү денелик (материалдык) пайдасы да бар: адамзаттын денеси кыйынчылык жана оорчулукка көнүп калат, ошол себептен анда чыдамкайлык жана сабырдуулук күчү пайда болот. Мындан тышкары ден-соолукту чыңдоодо тамактын арасындагы тыныгуунун медициналык олуттуулугуна медициналык кызматчылар да кошулат. Эгер тең салмактуулукка көңүл бурулса, бул да ден-соолукту чыңдоого жардам берет. Тактап айтканда, орозо дененин чыңдалуусуна да кепил, руханий жактан такыбалуулуктун ресурсу жана булагы. Мындан жакшы мүнөздүүлүк, абийирдүүлүк, үлгүлүү жүрүш-туруш жана напсини тазалоо мүмкүнчүлүгү насип болот. Сабырдуулук жана кайраттуулук өңдүү жөндөмдүүлүктөр өнүгөт. Кедей бечаралардын оорчулуктары сезилет, анан жардыларга жардам берүү сезими күчөйт. Ушинтип, экономикалык жана тайпалык теңдик боюнча ой-пикир күчөйт. Муну менен бирге ден-соолукту да чыңдайт.

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via