Шаваал айынын орозолорунун маанилүүлүгү жана артыкчылыгы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Шаваал айынын орозолорунун маанилүүлүгү жана артыкчылыгы

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп

«Шаваал айынын орозолору куттуу Рамазанга кудум кароолчу катары болот»

Куттуу Рамазан айы аяктайын деп калды жана чындыгында ушул жерге келип, Алла Таалага көп-көп ибадаттарды кылып, көп-көп зикир чалгандыгыбыз үчүн ушул куттуу айдын кетип калуусу менен кандайдыр бир боштук сезиле баштайт. Момун-мусулман табиятынан ушул маанайдын, ушул айлана-чөйрөнүн, ушул ибадаттардын түбөлүккө, жыл бою туруп калуусун каалайт. Мисалы, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол эле тилектин негизинде мындай деп айткан:

مَنْ صَامَ رَمَضَانَ ثُمَّ أَتْبَعَهُ سِتًّا مِنْ شَوَّالٍ فَذَلِكَ صِيَامُ الدَّهْرِ

Кимде-ким Рамазан айынын орозолорун кармаса, анан Шаваал айынын алты орозосун кармаса, анда ал (бир жыл) орозо кармагандай эсептелинет.

Азирети Абу Айюб Ансарий (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин айтып берет: «Рамазандын орозосун кармаган, анан Шаваал айынын дагы алты орозосун кармаган адам бир жыл орозо кармагандай болот». (Термизий, Китаабус-Саум, Баабу маа жаа’а фий ситтати аййаами мин Шаваал)

Негизинен, Шаваал айынын орозолору кандайдыр бир кошумча маанай болуп, бир табигый абал жана тартылуу болгондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү дагы аларга амал кылган жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын улуу сахаабалары дагы ошондой кылышкан. Ушул Шаваал айы тууралуу Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Биринчи Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Демек, убакытты сыйлагыла жана силердин рух-жаныңарга кандайдыр бир убакыт жана мүмкүнчүлүктү алып келген ар бир айдан сабак алгыла. Кечөө силер көргөн ай – бул пайгамбарчылыктын биринчи жылынын айы болчу. Анткени, Ыйык Куран ушул Шаваал айынан мурунку ай болгон Рамазан айында түшө баштаган. Ошондуктан, ушул ай (луна) жана андан мурунку ай ар бир момун-мусулман үчүн жакшылык жана берекенин куралы болуп саналат. Хадисте адам айды көргөндө төмөнкүдөй дубаны суроосу керек деп кезигет:

 اللَّهُمَّ أَهِلَّهُ عَلَيْنَا بِالْأَمْنِ وَالْإِيمَانِ وَالسَّلَامَةِ وَالْإِسْلَامِ رَبِّي وَرَبُّكَ اللَّهُ ھِلَالُ رُشْدٍ وَخَیْرٍ

Демек, руханий өсүп-өнүгүү үчүн биз Мухаккий (Тазалоочу) менен чыныгы алака-байланышты жаратуубуз керек. Бир миң үч жүз жылдан бери күтүлүп жаткан (инсан) азыр арабызда бар». (Бадр, 3-том, 1-сан, 1-январь, 1904-жыл, 2-6-бет)

Шаваал айында орозо кармоо боюнча Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) дагы өзүнүн үлгүсү менен ырастаган жана өзү дагы ага амал кылып көрсөткөн. Мисалы, Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб М. А. (разияллааху анху)  Азирети Амма Жан (разияллааху анхаа)дан Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын орозолору жөнүндө төмөнкүдөй укканын айтып берет:

«Энем ал (алайхиссалаам) өмүрүнүн акырында дагы орозо кармачу, айрыкча Шаваал айынын алты орозосун калтырбай кармачу, ал (алайхиссалаам) кандайдыр бир өзгөчө маселе тууралуу дуба кылмакчы болгондо, орозо кармачу деп айтат». (Сийратул-Махдий)

Ошол калтырбай, орозо кармагандыгы тууралуу Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Бир жолу Азирети (Мырза Гулам Ахмад) (алайхиссалаам) аларды (Шаваал айынын орозолорун) кармоо шарттарын ушундай уюштурган: бүт Кадиянда Айттан кийин алты күн кудум Рамазан сыяктуу эле өткөрүлгөн». (Хутбаат-э-Махмуд, 1-том, 71-бет)

Азирети Камарул-Анбия Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб М. А. (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Орозолор тууралуу эске тутуучу дагы бир өзгөчө нерсе: Алла Таала намазда парыз намазы менен бирге сүннөт намазын белгилеген, ал парыз намазы үчүн кудум эле бир коргоочу жана кароолчу сыяктуу же парыз намазы анын ичиндеги маңгызы жана сүннөт намазы анын тегерегиндеги кабыгы деп түшүнсө деле болот, ал аны коргоо үчүн зарыл. Кудум ошондой Рамазан айынын парыз орозолорунун эки жагында, тактап айтканда Рамазандан мурунку Шуъбан айында жана Рамазандан кийинки Шаваал айында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзгөчө Нафл орозолорун баса белгилеп насаат кылган. Аны кудум төмөнкүдөй мисал менен түшүнсө болот: күндүн адам эң алек болгон кезинде келген пешин намазынан мурун жана кийин Ислам дини сүннөт намаздарын белгилеген. Негизинен, адам баласынын табияты мындай: ал бир жумушту кунт коюп аткарууга бир аз убакыт алат жана көпчүлүк учурларда ал жумушту аткарып бүтө электе эле анын көңүл-дити бузула баштайт. Ошондуктан, андан мурун жана андан кийин нафл орозолорун белгилеп, ортодогу орозолор корголуп коюлган. Намаздын философиясында дагы ушул эле сүннөт бар. Демек, туугандарыбыз буга да көңүл буруулары керек». (Ал-Фазл, 17-сентябрь, 1944-жыл)

Шаваал айындагы ушул орозолорду качан кармоо керек, бул тууралуу Жамаат мүчөлөрүнө баса белгилеп насаат кылып, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Маалыматы жоктор угуп алышсын жана кайдыгерликте жашагандар ойгонушсун, ооругандар жана алсыздардан башкалар алты орозону кармашсын, эгерде үзгүлтүксүз кармай албай калышса, анда тыныгуу менен кармашса деле болот». (Хутбаат-э-Махмуд, 1-том, 71-бет)

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Төртүнчү Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) бир жолу бир суроо-жооп жыйынында мындай деп айтат:

«Алардын күндөрү белгиленген экен. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Айттан кийин ошол орозолорду баштап койчу жана алты орозо кармачу. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) белгилеген күндөрү гана жакшы болот». (Атфаалдар менен жолугушуу. Ал-фазл, 21-апрель, 2000-жыл)

Бүгүнкү күндө Сүйүктүү Жетекчибиз, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллаху таъаала би-насрихил азиз) дагы Жамаат мүчөлөрүн буга чакырган: эгер бирөө Рамазан айындагы айрым орозолорду кармай албай калса, ал Орозо Айтынан кийин Шаваал айындагы алты Нафл орозону кармап алсын, себеби (Рамазан айындагы калып кеткен орозолорду кармоо үчүн) анда кийинки Рамазанга чейинки мөөнөт бар. Шариятта алгач парыз орозолору толукташылсын, анан нафл орозолору кармалсын деген шарт коюлган эмес». («Ал-Фазл Интернейшнал» газетасынан кыскартылып алынган, 11-ноябрь, 2005-жыл)

Демек, момун-мусулмандар үчүн Алла Тааланын мээримдүүлүгү мына ушул сыяктуу чексиз каражаттарды камсыздаган, алар аркылуу ага бейиш важип болуп калат. Алардын арасынан парыздардан кийинки даражада нафлдар турат. Мисалы, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Кыямат күнү пендеге бериле турган эң биринчи суроо намазга тиешелүү болот. Алла Таала периштелерге Менин пендемдин намаздарын карагыла, ал толук аткарганбы же анда кемчилик барбы деп айтат. Эгерде (анын намаздары) толук болсо, анда толук деп жазылат. Эгер аларда кандайдыр бир кемчилик болсо, анда Алла Таала анын нафлдарын карагыла деп айтат, эгер анын Нафлдары бар болсо, анда Алла Таала Менин пендемдин парыздарын анын Нафлдары менен толуктап салгыла деп айтат. Анан анын калган амалдары дагы мына ошондой каралат». (Абу Давуд, 733-хадис)

Алла Тааланын бул бизге кылган чексиз берешендиги: Ал бизге Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) чыгуусун алдын ала кабарлаган Масийх жана Махдийди кабыл кылуу мүмкүнчүлүгүн берген жана ал (алайхиссалаам) ар бир маселеде бизди туура жолго багыт берген. Тек парыз эмес, нафл ибадаттары тууралуу дагы бизге аябай баса белгилеп насаат кылган. Мисалы, бир жолу нафлдардын акыйкатын айтып, анын маанилүүлүгү тууралуу Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Акылы жок адам кээде дубанын кабыл боло турган убактысы келе электигинен муртад[1] болуп кетет. Сахих Бухарийде нафлдар аркылуу момун-мусулман Мага жакын болуп калат деген хадис кезигет. Бири парыздар болсо, экинчиси нафлдар болот. Тагыраак айтканда бири аткаруу шарт болгон буйруктар болот, экинчиси парыздарга кошумча болгон нафлдар болот. Алар парыздарды аткарууда калып кеткен кемчиликтерди нафлдар менен толуктоо үчүн коюлган. Адамдар Нафл деп намаздын Нафлдарын гана түшүнүшөт. Жок, андай эмес. Ар бир иш-амал менен бирге Нафлдар дагы коштогон болот. Адам баласы зекет берет, кээде зекеттен тышкары дагы берүүсү керек. Рамазан айында орозо кармайт, кээде андан башка күндөрдө дагы орозо кармоосу керек. Эгер бирөөдөн карыз алган болсо, аны кайтараарда бир аз кошуп дагы берүүсү керек. Анткени, (карыз берген адам ага) айкөлдүк кылган болот.

Нафлдар парыздарды толуктоочу катары болот. Нафлдарды аткарып жатканда, жүрөктө парыздарды аткарууда калып кеткен кемчилик толукталсын деген жалынып-жалбаруу болот. Нафлдардын Алла Таалага жакындатууда өтө чоң ролу бар экенинде ушул эле сыр бар. Тактап айтканда жалынып-жалбаруу, карапайымдык жана берилүү деген маанай анда пайда болот жана ошол эле жакындык алака-байланыштын себебинен Бийз[2] күндөрүндөгү орозолор жана Шаваал айындагы алты орозо – ушулардын бардыгы Нафлдар деп эсептелинет.

Билип койгула, Алла Таала менен толук-жеткилең сүйүү Нафл аркылуу гана болот. Андан төмөнкүдөй натыйжа чыгат: Ал ошондон кийин Мен (Алла) мына ошондой жакын жана момун пенделердин назары болуп калам деп айтат. Тактап айтканда Менин каалоом болгон жерге анын (момундун) көзү түшөт». (Малфузаат, 1-том, 437-бет)

(Абу Хамдан)

٭…٭…٭

[1] Ислам дининен чыгып кеткен адам.

[2] Ар бир Ислам айынын 13-14-15-күндөрү «Бийз» күндөрү деп аталат.

Share via