Куттуу Рамазандан пайда алгыла • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Куттуу Рамазандан пайда алгыла

мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Мен … Алла Таала мүмкүнчүлүк бергендер Рамазан айынан пайда алышсын деп насаат кылам. Ушул айда дубалардын кабыл болушунуна бир өзгөчө мүмкүнчүлүк болот. Алла Таала ушул күндөрдө айрыкча дубаларды кабыл кылат. Алла Тааланын ушул күндөрү менен өзгөчө бир алакасы бар деп айтуу Ага карата урматсыз болсо да, бирок Алла Таала Өзүнүн пенделерине мээримдүүлүк кылып, уктап жаткандардын ойгонуулары үчүн жана алар жыл бою болбосо да, келгиле ушул айда эле руханий пайдаларга жетишели деп ойлонуулары үчүн кээ бир шарттарды түзүп койгондугунда шек-күмөн жок. … Орозолор адамды ачка калтыруу үчүн келген эмес, жок, өз напсисин көзөмөлдөөгө адаттандыруу үчүн орозолор келген. Алла Таалага жана Анын ибадатына адамдын көңүлүн бургузуу үчүн келген, бирок саарлыкты ичип алып, анан уктап калган адамдын да орозосу болобу?»

Аялдарга насаат

Мен байкап көргөндөй, аялдарда төмөнкүдөй кемчилик жалпылашып кеткен: алар орозодо аз ибадат кылышат жана жеп-ичүүгө көбүрөөк көңүл бурушат. Туура, үйдө жеп-ичиле турган нерселерди камсыз кылуу жана кызматчылар ж.б. болбогон үйлөрдө тамак-ашты даярдоо аялзатынын милдеттерине кирет, бирок ал күндөрдө ушундай шарттарды түзүүңөр керек, өз тамак-ашыңарды дагы даамдуу кылдыруу үчүн аялдарды ал нээматтан (ибадаттан) куру калтырбагыла. Мүмкүн, кээ бир аялдар мына ошол кезде ибадат кылууну каалашат, бирок эркектер аларга кылган мамилесинен коркуп, тамак-ашты даярдоо же аны дагы көбүрөөк даамдуу кылууга убакытты сарптоого аргасыз болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндөрдө кыш мезгил, кечинде жасалган тамакты деле саарлыкта колдонууга болот. Бир гана нанды жасоо муктаждыгы калат. Ал эми европалыктар болсо, алар сегиз-тогуз күндөргө чейин бузулбай турган нандарды дагы жасап алышат экен.

Кыскасы, эркек-аялдардын бардыгы ушул күндөрдө көп-көп ибадат кылуулары керек, а түгүл оорулуу же жолоочу же кайсы бир башка шарияттык жүйөлүү себебинен орозо кармай албагандар дагы Тахажжуд намазын окууга, дубалар жана иабадатка катышууга аракет кылуулары керек». (Хутбаат-э-Махмуд, 13-том, 330-332-бет, 15-январь, 1932-жыл)

٭…٭…٭

Share via