Рамазан жана өзүн-өзү эсеп-кысап кылуу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Рамазан жана өзүн-өзү эсеп-кысап кылуу

Алла Таала Курани Каримде мындай деп айткан:

Ал-Хашр 19

«йаа аййу-халаа-зий-на аа-ма-нутта-куллаа-ха вал-тан-зур наф-сум-маа кадда-мат ли-гадин ватта-куллаа-ха, инналлаа-ха ха-бий-рум би-маа таъ-ла-муун».

«Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула жана ар бир жан эртеңки күн үчүн эмнени жөнөтөөрүнө көңүл бөлсүн. Алладан корккула. Албетте, Алла кылып жаткан амалдарыңардан дайыма кабардар». (59:19)

САЛАВАТ

 

Хадис-Бухарий

«Ан Аби Хурайрата разияллааху анхуанин-Набиййи саллаллааху алайхи ва саллама каала ман саа-ма Рама-заа-на ий-маа-нан ва их-ти-саа-бан гуфи-ра ла-ху маа та-кад-да-ма мин зан-би-хий ва ман каа-ма лай-ла-тал-кад-ри ий-маа-нан ва их-ти-саа-бан гуфи-ра ла-ху маа та-кад-да-ма мин зан-би-хий».

Кимде-ким ыймандын талабына ылайыктуу жана сооп ниети менен Рамазан орозолорун кармаса, анын өткөн бардык күнөөлөрү кечирилет жана кимде-ким ыймандын талабына ылайыктуу жана сооп ниети менен кадыр түнүндө туруп, намаз окуса, анын өткөн бардык күнөөлөрү кечирилет». («Сахих ал-Бухарий», Китаабу салаатит-Тараавийх)

Азирети Шаддад бин Аус (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Муххамад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет:

«Кимде-ким дүйнөдө өзүн-өзү эсеп-кысап кылса жана өлүмдөн кийинки жашоо үчүн жакшы амалдарды жасаса, аны «каййас» дешет. Кимде-ким өзүнүн жеңил каалоолорун ээрчисе жана Алла Тааладан жакшы тилектерди үмүттөнсө, аны «аажиз» дешет… Азирети Умар (разияллааху анху)дан ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегени рабаят этилет: «Силердин эсеп-кысабыңар кылына электе эле өзүңөрдү-өзүңөр эсеп-кысап кылып алгыла жана чоң беттешүү үчүн (тактап айтканда Алла Тааланын алдына тургузулуу үчүн) жасалгалангыла! Кимде-ким дүйнөдө өзүн-өзү эсеп-кысап кылып турса, кыямат күнү андан жеңил эсеп-кысап алынат… Маймун бин Мехрандын мындай деген сөзү бар: адам баласы кудум өзүнүн жумушлаш шеригин «кайдан тамак ичет жана кийим-кечек кайдан алат», – деп эсеп-кысап кылгандай эле өзүн-өзү эсеп-кысап кылмайынча аны «абд» (пенде) деп айтууга болбойт». («Термизий», Китаабу сифатил-кыямати вар-рикааку вал-варху, 25-бөлүм, 2459-хадис)

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын  V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) мындай деп айтат:

«Хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)дан рабаят этилген төмөнкүдөй айткандыгы кезигет: кимде-ким ыйман ахвалында жана өзүн-өзү эсеп-китеп кылган бойдон Рамазан орозолорун кармаса, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет. Эгерде силер Рамазандын эмне деген артыкчылыктары бар экенин билгениңерде, анда жыл бою Рамазан болушун эле тилемексиңер. Ушул жерде эки шарт айтылган: биринчиси – ыйман ахвалында; экинчиси – өзүн-өзү эсеп-китеп кылуу бойдон. Эми орозолордо ар бир адам өзүн-өзү эсеп-кысап кылып туруусу керек жана бул – Рамазан айы, менде кайсы илдеттер бар, алардан кайсы илдеттерди жеңил гана таштай алам, бул айда аларды таштап салайын деп өзүн-өзү текширеп туруусу керек.

Кайсы жакшылыктарды кыла албайм же кылбай жатам жана кайсы изги иштерди кылуум керек деп байкашы зарыл? Ошентип, эгерде ар бир адам бир-эки жакшылыкты кылууга аракет кылса жана бир-эки жаманчылыкты таштоого аракет кылса, анан буга туруктуу болсо, анда ал киши Рамазан берекелеринен бир чоң берекесинен жемиштүү пайда көрдү дей бергиле». («Хутбаат-э-Масрур» 1-том, 418-бет)

Алла Таала бардыгыбызга ушул куттуу Рамазан айында өзүбүздү-өзүбүз эсеп-кысап кылууга зор күч-кубат берсин! (Аамийн)

Share via