Орозонун түпкү максаты – бул такыбалуулукка жетишүү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозонун түпкү максаты – бул такыбалуулукка жетишүү

Алла Таала Рабби Парбардигер Кудай Рамазан ай орозо ыйык ай такыба

Орозонун ыйык жана куттуу айы такыбалардын жүрөктөрүнө өзүнүн чексиз кут-берекелеринин жана нурларынын жамгырларын жаадырган бойдон бизге келди. Туш тарапта мээримдүүлүк шамалы үйлөп жатат жана Алла Тааланын берешендиги, кечиримдүүлүгү жана дубалардын кабыл болуусу деген ачык айкөлдүк болуп жатат.

Орозо кандайдыр бир жүк эмес, тескерисинче Алла Таала Курани Каримде айткандай, момун-мусулмандардын такыба болушу үчүн орозо момун-мусулмандарга парыз кылынган. Ошондуктан, орозонун ушул негизги максатын ар дайым эске тутуу момун-мусулмандардын милдети болуп эсептелинет, болбосо алардын ачка калуусу же суусагандыгы кандайдыр бир куру жана жемишсиз иш-амалы болуп калат.

«Такыба» – бул өтө кеңири мааниге ээ болгон сөз жана Курани Каримде, Пайгамбар хадистеринде жана Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын айткандарында жана жазгандарында анын ар түрдүү жактары ачылып берилген. «Такваа» (такыба) сөзүндө негизги «вау» (в), «Кааф» (к) жана «Йаа» (я) деген тамгалар бар, ал «сактануу» деген маанини билдирет. Араб тилинде ушул эле сөздүн өзөгүнөн «викаая» деген сөз түзүлгөн, ал душмандын чабуулунан сактануу жана коргонууга курал болгон «калкан» дегенди билдирет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн куттуу айткандарынын биринде орозолорду дагы бир калкан деп атаган, анткени орозолор адамдын күнөөлөрүнүн кечирилишинин жана кутулуусунун бир куралы болуп эсептелинет.

Тек ачка калуу же суу ичпей жүрүү орозонун максаты эмес, жок Алла Тааланын буйругунун негизинде жана Анын ыраазычылыгына жетишүү максатында адам кээ бир адал нерселерди дагы таштап, ибадатка шыктанып, көп-көп дуба кылып, Алла Таалага ийилүү жолу менен Алла Таалага жакындоо жолдорунда алгалоого жан талашып аракет кылганда, Алла Таала Өзүнүн чексиз мээримдүүлүгү жана кечиримдүүлүгү менен ага мурдагысынан да көбүрөөк мээримдүүлүк жана ырайымдуулук менен карайт, а түгүл аны Өзүнүн паанасына алат. Алла Тааланын паанасына кирип алган инсанга кандайдыр бир зыян же залал келтире ала турган бирөө барбы? Орозонун түпкү максаты ушул гана: адам такыба болсун, тагыраак айтканда Алла Тааланы өзүнө калкан кылып алсын жана Анын коргоо-аманчылык көлөкөсү астына келсин. Кыскасы, орозо бардык диний жана дүйнөлүк жаманчылыктардан сактануунун бир куралы болуп саналат.

Рамазандын мына ушул куттуу күндөрүндө айрыкча Курани Каримди дагы көп-көп окууга буюрулган бир кезде Курани Каримди окуп жатканыбызда такыбалар жөнүндө сөз болгон жана такыбалуулук тууралуу айтылган жерге токтоп, ага ой жүгүртүүбүз керек. Тагыраак айтканда, биз такыба жолдорундан жүрүүдөбүзбү же жокпу деп өзүбүздү талдап чыгуубуз керек, анан бул жагынан кандайдыр бир айып-кемчиликти тапсак, анда аны кетирүүгө аракеттенүүбүз керек.

Курани Каримде такыбалуулукка буюрулган ар бир жерде баарынан мурун Алла Тааладан коркууга буюрулган. Такыбанын калкан же сактануунун куралы деген бир мааниси да бар. Ошентип, Алла Тааладан коркууга берилген буйруктун бир жагы мындай: силер Алла Тааланы өзүңөргө калкан кылып алгыла. Ар түрдүү коркунучтардан, ар түрдүү көрүнөө жана көмүскө жаманчылыктан, фитна-чагымчылыктан жана зыяндан сактануу үчүн Алла Тааланын паанасына келгиле. Анткени, Ал гана ар бир көз ирмемде жана ар бир убакытта ар түрдүү жаманчылык жана зыяндан силерди коргой алат. Бир гана Анын аманчылыгына келип, силер ар түрдүү рахат жана жыргалга жетише аласыңар. Болбосо, силердин ден соолуктарыңар, күч-кубаттарыңар, жөндөмдөрүңөр, бала-чакаларыңар, мал-мүлктөрүңөр, байлыктарыңар, досторуңар, тааныш-билиштериңер, урууларыңар, улуттарыңар, бийликтериңер, куулуктарыңар же кайсы бир иш-чараларыңар Алла Тааланын каршысында силерге кенедей дагы жардам бере албайт жана силерге чыныгы рахат тартуулай албайт.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Эгерде силер Алланыкы болуп калсаңар, анда албетте Алла силердики экенин билип алгыла. Силер уктап жаткан болосуңар жана Алла Таала силер үчүн ойго болот. Силер душмандан бейкапар болосуңар жана Алла Таала аны көрөт жана анын кутумдарын жокко чыгарат. … Алла Таала бир Сүйүктүү Казына, Аны кадырлагыла, Ал ар бир кадамыңарда силерге Жардамчы болот. Силер Ансыз эч нерсе эмессиңер, ошондой эле силердин каражаттарыңар жана иш-чараларыңар дагы эч нерсе эмес». (Кашти-э-Нух, Руханий хазайин, 19-том, 22-бет)

Демек, эгер силер чыныгы жыргал, түбөлүк молчулук, түбөлүк рахат жана жүрөк бейпилдигин кааласаңар, анда Алла Тааланын паанасына келе бергиле. Аны өзүңөргө калкан кылып алгыла. Ага кирип барып, жашынып алгыла. Ар бир диндин негизги таалими ушул гана. Бардык ардактуу пайгамбарлар адамдарды ушул эле жолго чакырып турушкан. Ошентип, алардын үнүнө кулак салгандарга Алла Таала жардам берген жана алардын душмандарын ийгиликсиздикке учураткан. Курани Карим мына ошондой мисалдарга жык толо.

Андан тышкары, Курани Карим жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистеринен маалым болгондой, такыба ар бир жакшылыктын тамыры болуп да эсептелинет жана такыбанын тамыры аркылуу өсүп-өнүгө турган жакшы амалдар гана адамдарды такыбанын улуу даража-мартабаларына жеткирүүгө себепчи болот. Албетте, такыбанын көптөгөн даража-мартабалары бар. Пайгамбарлар (алайхимуссалаам) жана аларды ээрчигендердин такыбасында өтө чоң айырмачылык болот жана албетте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) баарынан да такыбалуураак болгон. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү бир жолу Алла Тааланын ушул белегинен сөз кылып, мен «اَتْقٰی», (баарыңардан такыбалуураак)мын деп айткан. Ошондуктан, такыбалуулукка жетишүү үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үлгүсүн туурашыбыз керек. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) такыба жолдорунан өзү жүрүп, өз үммөтүнө калтырган үлгү жолдорунан жүрүү менен гана адам такыбалуулукка жетишүүсү мүмкүн.

Алла Таала Курани Каримдеги «Ал-Бакара» сүрөөсүнүн 184-аятында момун-мусулмандарга орозолордун парыз кылынгандыгын айтып, анын максаты дагы такыба экенин айткан. Андан дагы ушундай маани келип чыгат: орозо дагы такыба жолдорунун бири жолу жана такыбага жетишүүнүн бир куралы болуп саналат. Ошондуктан, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадисинде орозо калкан деп аталган. Тагыраак айтканда, заман кыйынчылыктары, кыйроолору жана Алла Тааланын азабынан сактоочу куралы болуп эсептелинет.

Чындыгында, Алла Тааладан коркуу, тактап айтканда Аны өзүнө калкан кылуу жана Анын аманчылыгына кирүү үчүн орозо абдан маанилүү жолу. Орозо аркылуу адам өзүнүн напсисин жеңип алат. Орозо кармаган ахвалда адам көптөгөн адал нерселердин камсыздалгандыгына жана аларга муктаж болуп тургандыгына карабай, Алла Таала орозо маалында аларды колдонууга тыюу салгандыгы үчүн гана алардан тыйылып турат. Эгер кааласа, катуу чаңкап кеткенде же катуу ач калганда кайсы бир ичкиликти ичсе болот же башка жеп-ичиле турган нерселерди колдонсо болот жана ошондо эгер адамдардан корксо, алардан жашынып алып деле ошондой кылса болот, бирок орозо кармаган адам ошондой кылбайт. Эмнеге? Анткени, чыныгы орозо кармаган адам кожо көрсүндүк деген ойлордон оолак болот. Алла Тааланын сүйүүсүндө Ал үчүн орозо кармайт. Ал мен ким үчүн орозо кармаган болсом, Анын көздөрүнөн эч ким жашына албайт жана Ал жагынан орозо абалында мына ошондой иштерге уруксат жок деп билет. Кыскасы, орозо кармаган адам ошол бардык уруксаты бар жана адал болгон нерселерден, ал нерсе камсыздалгандыгына карабай, аларга муктаж болуп тургандыгына карабай жана эч кандай тоскоолдук жоктугуна карабай, аларды колдонууга Алла Таала тарабынан уруксат болбогондуктан гана тыйылат. Демек, мына ошондой адамдан ачык тыюу салынган жана арам болгон иштерге барышы мүмкүн деп күтүүгө болобу?

Бүгүнкү күндө биз баштан өкөрүп жаткан доордо аябай көп сыноолор жана балээ-кырсыктар бар. Дажжаалдын жөргөмүш желесиндей желеси коомчулукту өзүнүн тузагына тушап алган экен. Дин безерлик жана атеизмдин уулуу шамалдары туш тараптан үйлөп жатат. Ар түрдүү бузукулуктар, жаманчылыктар жана ар кыл айла-амалдар ушул жер тилкесинин тынчын алып салган. Бул ушундай чындык, аны жокко чыгарып болбойт. Ошондуктан, Нафс-э-Аммаара[1]нын ички чабуулдарынан жана шайтандын тышкы финта-чагымчылыктарынан сактануунун төмөнкүдөй бир гана жолу бар: Алла Таалага кайрылалы жана Алла Таала Өзүнүн берешендиги жана ырайымы менен бизге жардам берип, Өзүнүн паанасына алсын.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Бул убактылуу жашоого таянып, өзүнүн Раббисинен такыр эле жүзүн буруп алган жана Алла Таала арам кылган нерселерди эч уялбай, тим эле ал арам ал үчүн адал болгондой колдоно турган бирөө аябай бактысыз. Ал ачууланганда кудум жиндилер сыяктуу бирөөнү тилдейт, бирөөнү жарадар кылат жана бирөөнү өлтүрүүгө аттанып калат. Жыныстык кумарданууда абийирсиздик ыкмаларынын туу чокусуна чыгат. Демек, ал өлгөнчө чыныгы жыргалчылыкка жетишпейт. Эй, сүйүктүүлөрүм! Силер саналуу күндөргө ушул дүйнөгө келгенсиңер жана алардын көбү өтүп дагы кеткен. Ошондуктан, өз Раббиңерди эч капа кылбагыла. Эгерде силерден күчтүүрөөк болгон бир дүйнөлүк бийлик силерге таарынган болсо, ал силерди талкалап салышы мүмкүн. Демек, ойлоп көргүлөчү, Алла Тааланын таарынычынан кантип сактана аласыңар?

Эгер силер Алла Тааланын назарында такыба болуп калсаңар, анда силерди эч ким жок кыла албайт жана Ал өзү силерди коргойт жана жаныңарга кастык кылган душманыңар силерди баса албайт. Болбосо, жаныңарды эч ким коргой албайт жана силер душмандарыңардан коркуп, апааттарга кирептер болуп, тынчы жок жашоо өткөрөсүңөр, ошондой эле өмүрүңөрдүн соңку күндөрү чоң кайгы жана ачуу менен өтөт. Алла Таала менен бирге болуп калгандардын Ал башпаанеги болуп калат. Демек, силер Алла Тааланы көздөй келгиле жана Ага каршы келген ар бир ишти таштап салгыла, Ал парыз кылган иштерди аткарууда жалкоолонбогула, Анын пенделерине тилиңер менен же колуңар менен такыр зулумдук кылбагыла жана Асмандын каарынан коркуп тургула, ушул эле кутулуунун жолу». (Кашти-э-Нух, Руханий хазайин, 19-том, 71-72-бет)

Рамазан айы кандайдыр бир тарбиялык доор болуп, андан момун-мусулмандарга төмөнкүдөй машыгуу кылдырылат: алар Алла Таала колдонууга тыюу салган нереселердин бар болгондугуна жана аларга муктаж болуп тургандыгына карабай, алардан тыйылышат жана Алла Таала аткарылуусун жактырган жана ага буюрган иштерди кылышат. Кыскасы, орозолордон бардык иштерде Алла Таалага баш ийүү жана Анын ыраазычылыгын жогору коюу деген негизги сабак табылат. Такыбанын эң алгачкы баскычы да ушул: адам өзүнүн бардык иштеринде, мейли диний болсун же дүйнөлүк болсун, Алла Таалага моюн сунуу жана Анын ыраазычылыгын жогору койсун жана Анын ыраазычылыгына каршы болгон эч бир ишти кылбасын, жок «Алланын ыраазычылыгы баарынан жогору» деген алтын принципти өз жашоосунун күндөлүк адатына айландырып алсын. Эгер ошондой болсо, анда такыбанын ушул эле негизги өлчөмү момун-мусулмандын бүткүл жашоосун күндөн күнгө кооздоп барат жана анын изги иштеринин таза бак-дарагы Алла Тааланын амири менен улам көтөрүлүп кетет берет, ошондой эле таза жана татуу мөмө-жемиштер насип этилет.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Албетте, билип койгула, такыбадан куру болгон эч бир иш-амал Алла Таалага жетпейт. Ар бир жакшылыктын тамыры – бул такыба, кайсы иш-амалда ушул тамыр текке кетпесе, ал иш-амал дагы текке кетпейт». (Кашти-э-Нух, Руханий хазайин, 19-том, 15-бет)

Алла Таала бизди колдоп, биз орозолордун ушул түпкү максаты, тагыраак айтканда «такыбалуулукка» жетишүүчүлөрдөн бололу жана бир жолу биз жетишип алган ушул такыба эч качан бизди таштап кетпесин, жок бизди ар дайым такыбанын эң улуу даражаларына алып барууга курал болсун. Натыйжада, биз толук кандуу Ал Андан башка Кудай, Сүйүктүү жана Максат жок Чыныгы Сүйүктүүбүздүн аманчылыгына кирип кетели жана «Лаа Илааха Иллаллаах» (Алладан башка сыйынууга тактыктуу эч ким-эч нерсе жок)га жашоолорубуз иш жүзүндө күбө болуп кетсин. Эй, Алла! Биз Сенден туура жолду, такыбаны, кечиримдүүлүктү жана бейкажеттикти тилейбиз. Аамийн!

٭…٭…٭

[1] Ар дайым жаманчылыкка чакыра турган напси.

Share via