Орозо үчүн ниет кылуу зарылбы?
Орозо кармоону каалаган киши сөзсүз орозого ниет кылуу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:
Ман лам южмиъ ас-сияма каблал-фажри фа-лаа сияма лаху, кимде-ким эрте таңдан мурунураак ниет кылбаса, анын орозосу эсептелбейт. («Термазий», Китаабус-Саум, Баабу лаа сияма ли ман-лам йаъзам минал-лайил).
Ниет үчүн кандайдыр өзгөчө сөздөрдү тил менен айтуу зарыл эмес. Чынында, жүрөктүн «ал ким үчүн жеп-ичүүнү таштоодо», – деп ойлогону – ниет эсептелет. Нафл орозосунда күндүзү түштөн мурунураак (ниет кылуу кезине чейин бир нерсе жеп-ичпеген болсо) орозого ниет кылса болот. Ошондой эле эгер кандайдыр бир аргасыздык болсо, мисал үчүн Рамазан айынын жаңыруусу тууралуу кабар таң аткандан кийин берилсе жана алигиче эч нерсе жеп-ичпеген болсо, ошондо орозго ниет кылса болот. Ушундай кишинин ошол күндүк орозосу эсептелет.