Орозонун кандай түрлөрү бар?
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Орозонун кандай түрлөрү бар?

Курани Карим менен хадистерде ар түрдүү орозолордун баяны кезигет. Маселен: Парыз орозолору, Нафл орозолору. Парыз орозолоруна төмөнкүлөр кирет: Рамазан орозолору, Рамазандагы калып калган орозолорду кармоо, «зихаардын» куну катарындагы орозолор, өлтүрүүнүн куну катарындагы орозолор, Рамазандагы орозону атайын бузгандыктан жаза катары кармала турган алтымыш орозо, касамдын куну катарындагы орозолор, назирдин орозолору, Хажы таматтуъ же Хажы Кираандын орозолору, ихрам ахвалында аңчылык кылгандыктан кармала турган орозо, ихрам ахвалында баш-чач алдырганда кармала турган орозо.

Орозолордун экинчи түрү – Нафл орозосу. Маселен: Шаваал айынын алты орозосу, Ашууранын орозосу, Азирети Давуд (алайхиссалаам)дын орозосу, тагыраак айтканда, бир күнү орозо кармоо, бир күнү кармабоо, Арафа күнүнүн орозосу, ар бир исламий айдын он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи күндөрүндө орозо кармоо.

Кээ бир күндөрдө орозо кармоого болбойт жана жагымсыз эсептелинет. Маселен: атайын ишемби же жума күндөрүндө гана орозо кармоо. Персилер сыяктуу нооруз жана мехрган күнүндө орозо кармоо, Саумуд-Дахр – тынымсыз, үзгүлтүксүз орозо кармап туруу, Айт күнү менен ташрик күндөрү – 11-12-13-Зул-Хижжа күндөрү орозо кармоого тыюу салынган.

Темалар боюнча тектеш суроолор
Чектеш темалардын мазмуну
Share via