Рамазандын акыркы он күндүгү – оттон кутулуу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Рамазандын акыркы он күндүгү – оттон кутулуу

Алла Пайгамбар мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын рухунун тамагы, көздөрүнүн кубанычы жана жашоосунун максаты Алла Тааланын ибадаты гана болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кылган ибадаттарын, руханий машыгууларын, жалынып-жалбаруусун жана сураган дубаларын элестетүү да биз үчүн мүмкүн эмес. Ушул ибадаттары кээде аны Хираа үңкүрүнө обочолонууга алып кетчү, кээде болсо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мүрзөнү көздөй жол алчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосунун ар бир көз ирмеми Алла Тааланын сүйүүсүнө жана Анын буйруктарын ишке ашыруусуна сарпталчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Алла Таалага болгон сүйүүсү ушунчалык күчөгөн: Алла Таала ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тилинен Курани Каримде төмөнкүдөй кулактандырууну жарыялаткан:

قُلۡ اِنَّ صَلَاتِیۡ وَ نُسُکِیۡ وَ مَحۡیَایَ وَ مَمَاتِیۡ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ   

Айт: «Менин ибадатым, менин курмандыктарым, менин жашоом жана менин өлүмүм – бүтүн ааламдардын Раббиси Алла үчүн. (6:163)

Биз байкагандай, өзүнүн тулку боюнун баарын мурунтан эле Алла Таалага тапшырып койгон жана бул тууралуу Алла Тааладан күбөлүктү дагы алып болгон инсан жөнүндө анын душманы дагы мындай деп айткан:

عَشِقَ مُحَمَّدٌ رَبَّہٗ

Мухаммад өзүнүн Раббисине ашык болуп калган.

Ал улуу инсан (саллаллааху алайхи ва саллам) Рамазандын акыркы он күндүгүнө киргенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын абалын Азирети Айша Сыддыка (разияллааху анхаа) төмөнкүдөй сөздөр менен сүрөттөйт:

إِذَا دَخَلَ الْعَشْرُشَدَّ الْمِئْزَرَہُ وَ أَحْيَا لَیْلَہُ وَأَيْقَظَ أَهْلَهُ

Рамазандын акыркы он күндүгү башталганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз белин байлап алчу, түнкүсүн уктабай чыкчу жана үйдөгүлөрүн дагы ойготчу. (Бухарий, Китаабу Фазли Лайлатул-Кадри, Баабул-Аъмали фил-Ашрил-Аваахири мин Рамазана)

Тактап айтканда кут-берекелерге жык толо ушул ай аяктайын деп калганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн ибадаттарын дагы кооздоп, анын эң жакшы ыкмада аяктаарына жана мүмкүн болушунча Алла Тааланын берешендиктерине татыктуу болууга аракет кылчу. Ушул максатка жетишүү үчүн жогорудагы рабаятта дагы баян этилгендей, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) түндөрүн мурдагысынан да көбүрөөк жандандырчу жана өзүнүн үй-бүлөөсүн дагы ойготчу.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Экинчи Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) Азирети Айша (разияллааху анхаа) баяндаган жогорудагы рабаят тууралуу сөз кылып, мындай деп айтат:

«Ал кандай сөздөр болгонуна ой жүгүрткүлө? Ким белин байлап алган? Бардык түндөрүн ойгоо бойдон жана күндөрүн ибадат кылган бойдон өткөргөн жана ар бир көз ирмемин Алла Тааланы эскерүүдө өткөргөнбү? Алла Таала менен болгон алака-байланышынын абалы ушундай болгон инсан тууралуу Азирети Айша Сыддыка (разияллааху анхаа) «Рамазандын акыркы он күндүгүндө белин байлап алчу» деп айтат. Бул нерсени Азирети Айша Сыддыка (разияллааху анхаа) гана түшүнчү, башка бирөө үчүн ошол абалды түшүнүү жеңил эмес. Себеби, Курани Каримден маалым болгондой, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз кемерин эч качан чечпейт эле жана мындай дечү: мен уктап жатканымда дагы негизинен ойгоо эле болом. Мисалы, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) көздөрүм уктайт, бирок жүрөгүм ойгоо болот деп айтат». (Бухарий, Китаабул-Манаакиб, Баабу каанан-Набиййу (саллаллааху алайхи ва саллам) танааму айнааху валаа йанааму кадбух)

Демек, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) төшөгүнө барганда дагы анын кемери ачылбагандан кийин башка кайсы убакытта аччу эле? Чындыгында, бул сүйлөм адамдын оюна да келбеген өтө терең маанини камтыйт жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жашаган адам гана аларды түшүнүүсү мүмкүн. Кийин келгендер анын акыйкатын түшүнө алышпайт. Кыскасы,  Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «Рамазандын акыркы он күндүгүндө ойгончу жана туугандарын дагы ойготчу жана өз белин байлап алчу». Тактап айтканда кемери түбөлүккө байланган инсан да өзүнүн белин байлап алчу. Мындан кемери түбөлүккө бош болгондор Рамазан айында канчалык көп көңүл буруу керектигин түшүнсөңөр болот». (Жума кутбасы, 20-июнь, 1919-жыл, «Ал-Фазл» газетасы, 28-июнь, 1919-жыл)

Акыркы он күндүгүнүн артыкчылыгы

Рамазандын акыркы он күндүгүнүн артыкчылыгы жөнүндө Курани Карим жана хадистерден маалым болгондой, анда миң айлардан да жакшыраак болгон бир түн болот жана ыйман келтирип, Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу болуу максатында ушул он күндүгүндө ибадат үчүн ойгонсо, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет. (Бухарий, Китаабу Фазли Лайлатул-Кадри, Баабу Фазли Лайлатул-Кадри)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандарына ылайык Рамазан айы үч он күндүккө бөлүнгөн. Хадисте мындай деп кезигет:

ھُوَ شَھْر اَوَّلُہٗ رَحْمَۃٌ وَ اَوْسَطُہٗ مَغْفِرَۃٌ وَ اٰخِرُہٗ عِتْقٌ مِّنَ النَّارِ

Рамазандын баштапкы он күндүгү рахмат (мээримдүүлүк), анын ортоңку он күндүгү кечиримдүүлүк жана анын соңку он күндүгү оттон кутулуу. (Канзул-Уммаал, 8-том, 463-бет, 23668-хадис, Муассатур-Рисаалах басмасы, 1985-жыл)

Бул хадис тууралуу Амирул Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айтат:

«Эгерде ушул колдонулган үч сөз же үч сүйлөмгө ой жүгүртсөк, Алла Тааланын адам баласынын дүйнөсүн да, акыретин да жакшырта турган сүйүүсү жана мээримдүүлүгү ачыкка чыкканына күбө болобуз». (Орозо айт кутбасы, 10-август, 2013-жыл, «Ал-Фазл» газетасы, 25-июль, 2014-жыл, 1-бет)

 «Иткун минан-Наар» (оттон кутулуунун) чечмеси

Оттон кутулуунун мааниси кандай? Амирул Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айтат:

«Анан «иткун минан-Наар» (оттон кутулуу) деп кезигет. Анын мааниси – бул оттон кутулуу, оттон сакталуу. Же башкача сөздөр менен айтканда, (адамдын) моюну шайтандан кутулуп калат, анткени шайтанды ээрчүү себебинен гана тозоктун оту болот же шайтандын өзү эле тозок болот. Шайтан мен аларды, тактап айтканда адамдарды азгыруу жана Алла Тааланын жолунан чыгаруу үчүн туура жолдо отуруп аламын, оң жагынан, сол жагынан, алдынан, артынан дүйнө көңүл ачуучулуктарына чакырып, азгырып турам жана аларды жакшы иштерден алыстатып турам деп айтканда, Алла Таала мындай деп айткан:

لَمَنۡ تَبِعَکَ مِنۡہُمۡ لَاَمۡلَـَٔنَّ جَہَنَّمَ مِنۡکُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ

Алардан кимде-ким сени ээрчисе, Мен албетте, силердин баарыӊар менен тозокту толтурамын. (7:19).

Демек, шайтандын артынан жүрүү жана аны ээрчүү гана тозок. Демек, шайтандан (адамдын) моюнун куткарып, Алла Таала Өзүнүн пендесине мээримдүүлүк, боорукерлик жана кечиримдүүлүк менен көңүл буруп, ал үчүн бейиш эшиктерин ачып коёт. Карагыла, Рамазанда Алла Таала канчалаган айкөлдүктөрдүн эшиктерин кенен кылып, бизге ачып койгон. Тозоктон гана куткарбастан, бейиш эшиктерин да ачкан экен». (Орозо айт кутбасы, 10-август, 2013-жыл, «Ал-Фазл» газетасы, 25-июль, 2014-жыл, 1-бет)

Анан Амирул Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айтат:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) акыркы «он күндүгүн» тозоктон куткаруучу «он күндүгү» экенин айткан. Демек, адам баласы Алла Тааланын мээримдүүлүк жамынычына оролуп, Анын кечиримдүүлүгүнөн нур жана күч-кубат алып, ага туруктуу болсо, анда ал Алла Таалага жакындап калган инсан болуп гана эсептелинет. …адам Алла Таала үчүн изги иштерди кылып жаткан болсо же кылууга аракет кылып жаткан болсо, ошондо Алла Таала ага Мен бир гана сени тозокко салбай койбойм, сен тозоктон сактанып калдың деп гана айтпайт, жок, «тозоктон сактоо он күндүгү» деп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) негизинен, бизге Алла Таала мына ошондой иштерди жасагандарга ыраазы болуп, Өзүнүн бейишин да сүйүнчүлөйт деп да айткан….    

Эгерде үзгүлтүксүз Андан кечиришин талап кылып турсаңар, Истигфаар кылып турсаңар, жакшылыктарды улантып, аларга турукутуу болуу үчүн түбөлүккө Алла Тааланын этегинен бекем кармап алсаңар, анда тозоктун эшиктери тек Рамазанда гана эмес, жок, ошол отуз күндүк ибадаттарыңар, түзгөн келишимиңер жана акы-укуктарды аткаргандыгыңар, ошондой эле үзгүлтүксүз тобо кылуу жана кечирим суроого адаттангандыгыңар тозоктун эшиктерин түбөлүккө жаап салат». (Жума кутбасы, 10-июль, 2015-жыл, «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 31-июль, 2015-жыл, 7-бет)

Кыскасы, эгер биз оттон кутулуп калсак, анда түбөлүккө биз Алла Таалага жакындап калган адам болуп калабыз жана жашообуз о дүйнөдө гана эмес, бул дүйнөдө да бейиш сыяктуу болуп калат.

Тозоктон кутулуу ушул дүйнөдө эле башталат

Кимдир бирөө тозоктон кутулуп калгандыгыбызды ушул дүйнөдө биз биле албай калабыз го деп ойлошу мүмкүн. Ошентсе да, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (АС) өзүнүн китептеринде тозоктон кутулуу – бул ушул дүйнөдө таасири көрүнбөй калган нерсе деле эмес, жок чыныгы бир момун-мусулмандын жашоосунда анын эбегейсиз көп белгилери кезигет деген маани-мазмунду кайра-кайра баян кылган.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Диндин максат-мүдөөсү эмне? (Анын максат-мүдөөсү) ушул гана: Алла Тааланын бар экендигине жана Анын сапаттарына ишенимдүү түрдө ыйман келтирип, напсинин жеңил каалоолорунан кутулсун жана Алла Таала менен жеке сүйүүсү пайда болсун. Анткени, чындыгында акырет ааламында ар түрдүү ыкмаларда ачыкка чыга турган бейиш ошол гана. Кудум ошондой чыныгы Кудайдан бейкабар болуу, Андан алыс болуу жана чын жүрөктөн Аны сүйбөө – чындыгында акырет ааламында ар түрдүү көрүнүштөрдө ачыкка чыга турган тозок ошол гана». (Чашма Масийхий, Руханий Хазайин, 20-том, 352-бет)

Амирул Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) ушул маани-мазмунду мындай деп айтып берет:

«Демек, ушул маселени түшүнүүгө аракет кылуубуз керек, тозоктон кутулуу да ушул эле дүйнөдө башталат жана бейиштин берилүүсү да ушул эле дүйнөдө башталат. Ал экөөсүнүн ар түрдүү абалдарда жана ыкмаларда адамга бериле турган же берилген кеңири натыйжалары о дүйнөдө берилет. Демек, Алла Таала менен болгон чыныгы алака-байланыш, тобо келтирүү жана кечирим суроо адамга ушул дүйнөдө эле бейишти көрсөтүп коёт, анын кең-кесири сыйлыктары жогоруда мен айткандай, о дүйнөдө берилет. Алла Таала менен чыныгы алака-байланышты түзбөө, Аны сүйбөө, ар бир көз ирмемде Андан мээримдүүлүгүн жана кечиримдүүлүгүн сурабоо – бул Анын буйруктарын атайлап бузуу дегендик. Бул Алла Тааланын нааразы кылууга себепчи болот». (Жума кутбасы, 10-июль, 2015-жыл, «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 31-июль, 2015-жыл, 7-бет)

 Оттон кантип кутулууга болот?

Бул тууралуу Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Ар бир таза эмес көз Андан алыс. Ар бир таза эмес жүрөк Андан бейкабар. Ал (Алла) үчүн отко кирген бирөө оттон куткарылат. Ал үчүн ыйлаган бирөө күлөт. Ал үчүн дүйнөдөн алака-байланышын үзүп алган бирөөгө Ал табылат. Ал (Алла) дагы силерге дос болсун деп силер чын жүрөктөн жана толук берилип, жана жигердүүлүк кадамы менен Аллага дос болгула. Асманда силерге дагы ырайым кылынсын деп силер кол астындагыларыңарга, жубайларыңарга жана жакыр бир туугандарыңарга ырайым кылгыла. Силер чын жүрөктөн Аныкы болгула, натыйжада Ал дагы силердики болуп калсын».

Дагы мындай деп айтат:

«Асмандан буйрук келмейинче бир дагы апаат жерде пайда болбойт жана асмандан ырайым түшмөйүнчө бир дагы апаат кетпейт. Ошондуктан, бутакты эмес, тескерисинче тамырды кармооңордо гана силердин акылдуулугуңар бар».

Дагы мындай деп айтат:

«Силер үчүн дагы бир зарыл таалим бул: Курани Каримди таштанды сыяктуу таштап койбогула, анткени силер жашооңор ошондо гана бар. Куранга сый-урмат көрсөткөндөр асманда сый-урмат көрүшөт. Ар бир хадис жана ар бир сөздөн Куранды жогору койгондор асманда жогору коюлушат. Адамзат үчүн Курандан башка жер жүзүндө эч бир китеп жок. Баардык адамзат үчүн Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам)дан башка эч бир пайгамбар жана шапаатчы жок. Ошондуктан, силер асманда кутулгандар сабына жазылышыңар үчүн ушул улуу мартабалуу Пайгамбарды чын жүрөктөн сүйүүгө жана эч бир жагынан башка бирөөнү андан жогору койбоого аракеттенгиле. Эсиңиздерде болсун, кутулуу өлүмдөн кийин бериле турган нерсе эмес, жок ушул дүйнөдө гана өз жарыгын көрсөткөн нерсе гана чыныгы кутулуу болуп саналат. Кутулган ким? Ошол – Алла Тааланын бар экендигине, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Кудай менен бардык адамдардын ортосунда шапаатчы экендигине, ошондой эле асмандын астында мартаба жагынан ага тең башка эч бир пайгамбар жок экендигине жана Куранга тең башка эч бир китеп жок экендигине ишенген адам. Бирөөнүн түбөлүккө жашаарын Алла Таала каалаган эмес, бирок ушул улуу урматтуу Пайгамбар түбөлүккө тирүү». (Кашти-э-Нух, Руханий Хазайин, 19-том, 12-14-бет)

Истигфаар кылуучуларга азап келбейт

Курани Карим бизге Алла Тааланын азабынан сактоонун бир «өнөрүн» үйрөткөн, адамдар Истигфаар кылып тургандарында, Алла Таала азапты түшүрбөйт. Мисалы, «Ал-Анфаал» сүрөөсүнүн 34-аятында мындай деп айтат:

 وَ مَا کَانَ اللّٰہُ مُعَذِّبَہُمۡ وَ ہُمۡ یَسۡتَغۡفِرُوۡنَ

Жана алар кечирим сурап жаткандарында (дагы), Алла аларга эч качан азап бербейт. (8:34)

Демек, бул жагынан алганда, «оттон кутулуу» менен «кечирим суроонун» ортосунда тыгыз байланыш бар.

Буга чечме берип, Амирул Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айтат:

«Демек, Истигфаар жана такыба амалдар бизди Рамазандын акыркы он күндүгүнө киргизгенде, ошондо Алла Тааланын Пайгамбарынын айтымында, ал «оттон куткаруучу он күндүгү» болуп калат». (Жума кутбасы, 19-сентябрь, 2008-жыл)

Дүйнө жана акыреттеги жакшылыктарга жетишүү жана от азабынан сактануу дубасы

Дүйнө жана акыреттеги жакшылыктарга жетишүү жана от азабынан сактануу үчүн Курани Карим бизге абдан кооз бир дубаны үйрөткөн:

 رَبَّنَاۤ اٰتِنَا فِی الدُّنۡیَا حَسَنَۃً وَّ فِی الۡاٰخِرَۃِ حَسَنَۃً وَّ قِنَا عَذَابَ النَّارِ

«Эй, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө дагы жакшылык тартуулагын, акыретте дагы жакшылык тартуулагын жана бизди от азабынан сактагын». (2:202)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул дубаны аябай көп окучу жана сахаабаларга дагы тек акыреттеги жакшылыктарды гана сурабагыла, жок, дүйнөдөгү жакшылыктарды да сурагыла деп баса белгилеп насаат кылчу.

Азирети Анас (разияллааху анху) мындай деп рабаят эетет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) оорусунун айынан арыктап кеткен бир ооруган мусулманды көргөнү барган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Сиз кандайдыр бир дуба кыласызбы?» – деп сураган. Ал: «Ооба!» – деп жооп берген жана мындай деген: «Эй, Алла! Сен акыретте мага бере турган жазаңды мага ушул дүйнөдө эле берип койгун», – деп дуба кылам. Муну угуп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) – деп айткан: «Субхааналлах! Ушул дүйнөдө Алла Тааланын жазасын алууга күчүңүз жетпейт. Сиз эмнеге:

 رَبَّنَاۤ اٰتِنَا فِی الدُّنۡیَا حَسَنَۃً وَّ فِی الۡاٰخِرَۃِ حَسَنَۃً وَّ قِنَا عَذَابَ النَّارِ

«Эй, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө дагы жакшылык тартуулагын, акыретте дагы жакшылык тартуулагын жана бизди от азабынан сактагын», – деп дуба кылбайсыз? Рабаятты айтып берген адам: «Ал ооруган киши ушул дубаны сурагандан кийин Алла Тааланын берешендиги менен айыгып кеткен», – деп айтат. (Муслим, Китаабуз-Зикр вад-Дуъаа, Баабу Карахиятид-Дуъааи би-Таъжийлил-Укуубати фид-Дунё)

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ушул дубадагы «оттон сактануу» деген сөздөрдү чечмелеп, мындай деп айтат:

«Оттон тээ кыямат күнү боло турган от гана деп түшүнбөш керек, жок, дүйнөдө дагы узун өмүр көргөн киши дүйнөдө дагы миң түрдүү оттор бар экенин көрүп алат. Тажрыйбасы бар адамдар ар түрдүү от дүйнөдө бар экенин билишет. Ар түрдүү азаптар, коркунуч, кайгы, жакырчылык, ачарчылык, оорулар, ийгиликсиздиктер, кордук жана ойрондолуу кооптонуулары, миңдеген түрдөгү кайгы-капачылыктар, балдар, жубай ж.б. жөнүндөгү кайгылар жана тууган-туушкандар менен тааталдашып кеткен көйгөйлөр – кыскасы, ушулардын баары от. Демек, момун-мусулман ар түрдүү оттордон бизди сактагын. Сенин этегиңди кармаганыбыздан кийин адамдын жашоосун ачуу кыла турган жана адам үчүн кудум от сыяктуу болгон ошол бардык илдеттерден сактагын  деп дуба кылат». (Малфузаат, 3-том, 145-бет)

Жогорудагы дубаны чечмелеп, Амирул Му’минийн Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айтат:

«Бул дүйнөдө дагы адам баласы туш болгон ар түрдүү көйгөйлөр кээде адамдын жүрөгүн тынчсыздандырып коёт. Адам мына ошондой көйгөйлөргө кабылганда, кээ бир адамдар ошол отто күйүп жатышканын сезишет, адамдар сар-санаа болуп, мага кат да жазышат. Ошондуктан, эгер жогорудагы дубаны чын жүрөктөн сурасак, анда бизди ширктен сактаган бойдон акыреттеги азаптан да сактап жаткан болот. Анткени, дуба кыла турган адам чын жүрөктөн Алла Тааланын алдына жыгылып, Алла Тааланын берешендиктерине жетишүүгө дуба сурап, ушул дүйнөлүк сар-санаалар деген оттон өзүн сактоого аракет кылып жаткан болсо, анда Алла Таала ага ырайым кылат. Демек, бул бир толук дуба. Ал дуба намазда дагы окулат. Ошентип, Ахмадий мусулмандар аны аябай көп окушат. Демек, ар түрдүү оттон сактануу жана Алла Тааланын берешендиктерине мураскер болуу үчүн ибадат өтө эле зарыл, анын көрүнүшүн Алла Таала бизге намаз аткарууда жогорудагы дуба экенин айткан». (Жума кутбасы, 29-сентябрь, 2006-жыл, «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 20-октябрь, 2006-жыл, 8-бет)

Тозок дегендин маанси кандай?

Ушул акыркы он күндүгүнө «тозоктон куткаруучу» деген ат берилген. Курани Каримде да Алла Таала бизге төмөнкүдөй дубаны үйрөткөн:

رَبَّنَا اصۡرِفۡ عَنَّا عَذَابَ جَہَنَّمَ ٭ۖ اِنَّ عَذَابَہَا کَانَ غَرَامًا

Эй, Раббибиз! Бизден тозок азабын узакташтырып койгун. Албетте, Анын азабы жабышуучу. (25:66)

Бирок тозок дегендин мааниси кандай деген суроо туулат? Анын лексикалык маанисин Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп чечмелейт:

«Туура, тозок – бул акыреттеги тозок дегенди билдирет жана ар бир чыныгы момун-мусулман адам Алла Тааланын паанасын сурайт, бирок дүйнөлүк көз караш жагынан адам баласы үчүн кайгы-капачылыктын себепчиси болуп, аны коом жана өлкөнүн назарынан калтырып, аны кордоочу ар бир иш дагы ал үчүн кудум тозок эле болот. (Араб тилиндеги) «жаханнам» (тозок) деген сөз «жахан» менен «жахам» деген эки сөздөн түзүлгөн. «Жахан» кайсы бир нерсенин «жакын экендиги» деген маанини билдирсе, «жахама» жүзүнүн «үйрүп калуусу» деген маанини туюнтат. Адам а дегенде чоң шыктануу жана кызыгуу менен умтулган, бирок жакындаганда, кабагын салып, тынчсыздана турган ар бир нерсеге «жаханнам» (тозок) сөзү туура келет».

Ал (разияллааху анху) мындай деп кошумча кылат: «Бул аталышта негизинен тозокко таандык иштердин акыйкаты жаратылып берилген жана мындай деп айтылган: башында адам көңүл ачуучулуктар жана бузуку иштерди жакшы иш-аракет деп ойлойт жана аларга жакындоого аракет кылат, бирок алар бузуку иштерге батып кетип, алардын акыбети көзүнө көрүнө башталган соң анын жүзү бырышып кетет жана ыйлап-кыйкырып калат, ошондой эле мен чоң катага жол койдум деп айтат». (Тафсири-э-Кабир, 6-том, 565-бет)

Тозок азабынын мааниси кандай?

Ушул макалага келтирилген үзүндүлөрдөн даана байкалгандай, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Рамазандын акыркы он күндүгүн тозоктон куткаруучу деп атагандан кийин, ал тек акыреттеги тозок деген маанини гана билдирбейт, жок, ушул дүйнөдө дагы ар түрдүү тозоктор бар, алардан сактануу үчүн бир момун-мусулман аракет кылат жана Алла Тааланын алдына жыгылып, дуба кылат.

Тозок азабынан сактануу дегенге кандай иштерге кирет? Аларды чечмелеп, Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) момун-мусулмандардын дуба сурап, Алла Таалага төмөнкүлөрдү айтып жатышканын айтат:

«Эй, Алла! Бизди дүйнө жана акыретте кордой турган ар бир иш-аракеттен сактагын. Бизди кедейлик жана жакырчылыктын тозогунан сактагын. Бизди караңгылык жана билимсиздиктин тозогунан сактагын. Бизди бузукулук жана көңүл ачуучулуктун тозогунан сактагын. Бизди дүйнөкорлук жана напсиликтин жеңил ойлорунун тозогунан сактагын. Бизди каапырлык жана шайтандыктын тозогунан сактагын. Бизди дин безерлик жана арамдыктын тозогунан сактагын. Бизди эки жүздүүлүк жана ыймансыздыктын тозогунан сактагын. Бизди өзүмчүлдүк, жалганчылык, зулумдук жана мыкаачылыктын тозогунан сактагын. Бизди сүйүүң жана ыраазычылыгыңан алыс болуу тозогунан сактагын. Анткени, ал илдеттер бизде убактылуу пайда болобу же түбөлүктүү, баары бир алардын пайда болуусу биз үчүн ойрондук жана кордуктун куралы болот. Ушул илдеттердин түбөлүккө пайда болуусун кой, убактылуу да ушул оорулар бизде болбосун жана биздин кадамыбыз түбөлүккө туура жолдо болсун деп каалайбыз». (Тафсири-э-Кабир, 6-том, 565-бет)

Бул жагынан тозоктон кутулуу боюнча алдын ала кабыл болгон биздин жашообузга кандайдыр бир ыңкылап келтирүүчү болуп калат жана бизди түбөлүккө Алла Таалага жакын жана руханий өсүп-өнүгүү баскычтарын басып өтүүчү кылып коёт.

Дубанын маанилүүлүгү

Тозоктон сактануу дубасынын Алла Тааланын алдында канчалык маанилүүлүгү бар. Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) аны мындай деп айтып берет:

«Эгерде мусулмандар өздөрүнүн үстөмдүк (жеңиш) күндөрүндө Курани Каримдеги ушул дубаны эч качан эсинен чыгарбай, ар бир ийгиликке жетишкенде, коомдук төмөндөп кетүү коркунучтарынан Алла Тааладан паанасын сурашканда, анда Алла Таала аларга түбөлүккө Өз берешендигин түшүрмөк жана алардын кадамы түбөлүккө өсүп-өнүгүү майданында алгалай бермек». (Тафсири-э-Кабир, 6-том, 566-бет)

Ушул күндөрдө кайсы дубаны суроо керек?

Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) бизге насаат кылып, мындай деп айтат:

«Ушул саналуу күндөр тууралуу Алла Тааланын Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Рамазандын акыркы он күндүгүндөгү күндөрү ушул куттуу айдын себебинен тозоктон куткаруучу күндөр деп эсептелинет. Эгерде күнөөлөргө батып кеткен адам дагы чын жүрөктөн Алла Тааланын алдына жыгылса, ал өзүн оттон куткаруучу болуп калат. Демек, бул күнөөлөргө батып кеткен адамга дагы жашоолоруңарды тазалоо чараларын көрүп алгыла деген куш кабар болуп саналат».

Рамазандын акыркы он күндүгүндө Алла Таала тозоктон куткарат. Дубаларды кабыл кылат. Ошондо Алла Таала ушул дүйнөлүк жеңил каалоолор тозогунан да бизди сактасын, дубаларыбызды кабыл кылсын, келтирген тобобузду кабыл кылып, бизди Өзүнүн ыраазычылыгына татыктуу кылсын деген дубаны дагы сурообуз керек.

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) бул тууралуу мындай деп айтат:

اُجِیۡبُ دَعۡوَۃَ الدَّاعِ اِذَا دَعَانِ

Тактап айтканда Мен тобо келтирген адамдын тобосун кабыл кылам. Алла Тааланын ушул убадасы чын жүрөктөн тобо келтирүүчү адамдын (күнөөнү) моюндагандыгын адал деп айтат. Эгер Алла Таала тарабынан ушул сыяктуу сөз-убада болбосо, анда тобонун кабыл болуусу кыйын иш болмок. Чын жүрөктөн сөз берилгенде, анын төмөнкүдөй натыйжасы чыгат: Алла Таала дагы тобо келтирген адамга берген бардык убадаларын орундатат жана ошол эле маал нурдун бир жаркыроосу анын жүрөгүндө башталат. Тактап айтканда, адам баласы мен бардык күнөөлөрдөн сактанам жана динди дүйнөдөн жогору коём деген убаданы берген замат башталат». («Ал-Бадр» газетасы, 24-апрел, 1903-жыл, 107-бет; Жума кутбасы, 28-октябрь, 2005-жыл, «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 18-ноябрь, 2005-жыл, 6-бет)

Бир Хадис

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөнкүдөй деп айтканын рабаят этет:

«Рамазан айынын биринчи кечеси болгондо, Алла Таала Өзүнүн пенделерине көз салат (карайт) жана Алла Таала кайсы бир пендесине көз салганда, анда ага эч качан азап бербейт. Алла Таала күндө миңдеген-миллиондогон пенделерин тозоктон куткарат. Анан Рамазан айынын 29-кечеси болгондо, Алла Таала Рамазандын өткөн 28-кечесине тең адамдарды кечирип жиберет». (Ат-Таргийб Ват-Тархийб, Китаабус-Саум, Ат-Таргийб фий сиями Рамазана)

Алла Таала бизди дүйнө жана акыретте ар түрдүү тозок, от жана азаптан толук бойдон куткарсын. Ушул Рамазан айында биз Алла Таалага жакындоо жана Анын ыраазычылыгына татыктуу болгон ардактуу инсандарынын сабына кошулалы. Биз тек тозок жана от азабынан гана сактанбастан, Мээримдүү Алланын түбөлүктүү бейиштерине да мураскер бололу жана анын көрүнүштөрүн биз эки ааламда көрүп жана сезүүчүлөр бололу. Аамийн.

(Саййид Эхсан Ахмад, Лондондогу «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасында иштеп жаткан Жамаатыбыздын миссионери)

Share via