Азирети Хабаб бин Арт (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн баяны • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Азирети Хабаб бин Арт (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн баяны

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын (Бадр согушуна катышкан) улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Хабаб бин Арт (разияллааху анху)нун улуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Мединага көчкөндөн кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи ва саллам) Азирети Хабаб (разияллаху анху) жана азаттыкка чыккан кул Азирети Тамиймдин ортосунда диний тууганчылыкты түзгөн. Ал «Бадр» согушу менен бирге бардык согуштарга катышкан.

2020-жылдын 8-майында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 8-май күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Мубарак» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Сафийр Ахмад мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Бешинчи Халифасы (Алла Таала Өзүнүн күчтүү жардамы менен аны колдосун) мындай деп айткан:

Бүгүн мен «Бадр» согушуна катышкан бир сахааба Азирети Хабаб бин Арт (разияллаху анху) жөнүндө сөз кылам. Ал (разияллаху анху) Бану Саъд бин Зайд уруусунан болгон. Караӊгылык мезгилинде ал (разияллаху анху) туткундукка алынып Меккеге жөнөтүлгөн болчу. Ал Ислам динин эң алгачкы кабыл кылгандардын арасынан алтынчы орунда турат. Меккенин каапырлары башында Ислам динин кабыл кылгандарга аябай катуу зулумдук жана зордук-зомбулук кылышкан. Аларга темирден жасалган зооттор кийгизилип, күн катуу тийип турган жерге отуругузуп, анан күйгүзүлчү. Каапырлар анын аркасына ысык таштарды коюшкандыктан анын аркасынын эти жок болуп калган. Бирок, башка сахаабалар сыяктуу Азирети Хабаб (разияллаху анху) эч качан Ислам дининен баш тарткан эмес.

Азирети Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллаху анху) Азирети Умар (разияллаху анху)нун Ислам динин кабыл кыла электеги Азирети Хабаб (разияллаху анху)нун бир окуясын айтып мындай деп айткан: «Азирети Умар (разияллаху анху)нун табиятында катуулук бар болчу. Бирок, Ислам динине душмандыгы аны дагы күчөтүп жиберген болчу. Ал дайыма жакыр жана алсыз мусулмандарды кыйнап, Ислам дининен баш тарттыруу үчүн аракет кылып жүрчү. Бардык кыйноолорго карабастан, алсыз мусулмандардын туруктуулугуна эч залал келбегенден кийин, Умар Исламдын Негиздөөчүсүн жок кылууга ниет кылган. Ал ушул ниетин ишке ашыруу максаты менен кылыч алып Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды издеп үйдөн чыккан. Кетип бара жатканда кимдир бирөө Умардан: «Каяка баратасыз?», – деп сураганда, «Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды жок кылуу үчүн баратам», – деп жооп кайтарган. Ал сураган киши: «Биринчи өз үйдөгүлөрүңдөн кабар албайсыңбы? Сенин бир тууган эжең Фатима жана кайнагаң Саъид бин Зайд мусулман болуп калышкан», – деп айткан. Азирети Умар (разияллаху анху) дароо өзүнүн бир тууган эжесинин үйүнө жол алат. Үйүнө жакындаганда Азирети Хабаб (разияллаху анху)нун Курани Каримди жагымдуу үн менен окуганын угуп, анын ачуусу эки эсе көбөйүп кетет. Ал шашылып, үйүнө кирет, бирок анын буттарынын добушун угуп, эжеси Курани Каримдин баракчаларын дароо жашырып коёт. Умар үйгө кирген замат: «Силердин диниӊерден кайтканыңарды уктум», – деп кыйкырып, кайнагасын жакалайт. Анын бир тууган эжеси Фатима аларды арачалап, ортого түшүп, жаракат алат. Бирок, ал абдан эрдик менен: «Ооба, биз мусулман болуп калдык, сен каалаганыңды кыла бер», – деп айткан. Эжесинин сөзүн угуп, Умар жаракат алган эжесине карап, анан бир аз убактан кийин: «Болуптур, силер окуп жатканыңарды мага дагы көрсөткүлөчү?» – сурайт. Фатима: «Умар Курандын баракчаларын айрып салбасын», – деп ойлонуп, ага көрсөтүүдөн баш тарткан. Бирок, Умардын кайра кайра сурап жатканын көрүп, ага: «Сен таза эмессиң, Куранды таза болгон бойдон кармоо керек, биринчи жуунуп ал», – дейт. Умар жуунгандан кийин Курани Каримдин баракчаларын көрсө, ал «Таахаа» сүрөөсүнүн баштапкы аяттары болчу. Ал корккон бойдон окуй баштаган, Курандын ар бир сөзү анын жүрөгүнө таасирин тийгизе баштаган жана Азирети Умар (разияллаху анху)нун уктап жаткан табигаты ойгонуп кетет. Ал: «Бул кандай сонун жана ыйык сөз!» – деп айтат. Ал сөздөрдү угуп, Азирети Хабаб (разияллаху анху) Алла Таалага шүгүр кылып мындай деп айтат: «Бул Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)дын дубасынын жемиши гана. Анткени, кечээ күнү эле ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Алла! Умар бин ал-Хаттаб же Амар бин Хашам, тактап айтканда Абу Жахал – экөөсүнүн бирөөсүн Ислам динине тартуулап койгун», – деп дуба кылып жаткан эле. Азирети Умар (разияллаху анху) ал жерден түз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) турган «Дари Аркам» деген жерине барат. Ал жердин дарегин ага Азирети Хабаб (разияллаху анху) билдирген эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Умар! Кандай ой-ниет менен келдиң? Алла Тааланы күбө кылып, сенин Алланын каары үчүн жаратылбаганыңды көрүүдөмүн», – деп сураган. Андан кийин Азирети Умар (разияллаху анху) Ислам динин кабыл кылат.

Азирети Хабаб (разияллаху анху) мындай деп айтып берет: «Бир жолу башыбызга түшкөн кыйынчылыктарыбызды Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)га билдиргенибизде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Силерден мурун өтүп кеткен адамдардын бирөөсүнө аң казылып, аны ичине көмүп салышчу. Андан кийин ара менен аралап аны экиге бөлүп салышчу. Темирден жасалган тарактар менен денесинин этин сөөктөрдөн тырмап ажыратышчу. Бирок, бул азап-тозок аны дининен алыстата албайт эле». Андан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн миссиясынын ийгилиги жана келекчекте насип этиле турган жеңилдиктерди сүрөттөп, ал сахаабалардын көңүлүн көтөрүп, сабырдуулукка чакырган».

Азирети Хабаб мындай деп рабаят этет: «Аас бин Ваил ага карыз болчу. Ал (разияллаху анху) андан кайтарып берүүсүн сураганда, ал: «Хабаб Мухаммад (саллаллаху алайхи ва саллам)ды четке какмайынча карызды кайтарбайм», – деп койгон. Азирети Хабаб (разияллаху анху): «Ал өлгөндөн кийин кайра тирилсе дагы, анын ушул тилеги аткарылбайт», – деп айткан. Аас бин Ваил Хабаб (разияллаху анху)нун жогорудагы сөзүн шылдыңдап: «Анда өлгөндөн кийин кайра тирилип, мал-мүлк жана бала-чагыма кайтып келгенимде карызыңды кайтарып беремин», – деп айткан. Ошондо жогорудагы сөздү сүйлөгөндөргө эскертүү берилген «Марям» сүрөөсүндөгү 78-81-аяттар түшкөн.

Азирети Хабаб (разияллаху анху) темир устасы болчу жана кылычтарды жасачу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны аябай жакшы көрчү жана ага барып турчу. Анын бактысыз аял-кожоюну аны билгенден кийин Азирети Хабаб (разияллаху анху)нун башына ысык темир басып, аны кысымдарга ала баштаган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул абалын билгенден кийин дуба кылган. Натыйжада, жанагы аял-кожоюндун башы катуу ооруга чалдыгып, даарылануу үчүн башына ысык темир менен белги койдурууга аргасыз болгон. Ошондо, ал Азирети Хабаб (разияллаху анху)га эле башына ысык темир менен белги койдурчу.

Бир жолу Азирети Умар (разияллаху анху) Азирети Хабаб (разияллаху анху)дан ал тарткан азап-тозоктор тууралуу сураган. Меккедеги каапырлар берген азаптарды эстеп, ал (разияллаху анху) мындай деп айткан: «Бир жолу адамдар от жагып, мени ал отко таштап, бир адам көкүргүмө бутун коюп, туруп алган. Ошондо, күйүп жаткан отту менин белим эле өчүргөн». Ал (разияллаху анху) өзүнүн белин көрсөтүү үчүн кийимин көтөргөндө, ала оору сыяктуу аппак болуп көрүнгөн.

Хузур-э-Анвар Азирети Хабаб (разияллаху анху) көргөн кыйынчылыктар тууралуу Убада кылынган Реформатор (разияллаху анху)нун айрым үзүндүлөрүн окуп берген. Убада кылынган Реформатор (разияллаху анху) мындай деп айтат: «Бир жолу адамдар Азирети Хабаб (разияллаху анху)нун ачык турган белин көрүп, абдан чочуп кетишкен, себеби анын белинин териси адамдар терисиндей эмес, ал эми, жаныбарлардын терисинидей сыяктуу көрүнгөн. Алар айран-таң калып, Азирети Хабаб (разияллаху анху)дан сурашканда, ал жылмайлап: «Бул Арабдардын Ислам динине жаңы кирген кулдарынын Меккенин көчөлөрүндө катуу жана оркойгон таштарында сүйрөлүп азап тарткан мезгилинин белгиси», – деп айткан.

Ислам дини өнүккөндөн кийин жогорудагы курманчылыктарга кун катары Алла Тааланын түшкөн берешендиги жөнүдө сөз кылып, Убада кылынган Реформатор (разияллаху анху) мындай деп айткан:  «Бир жолу Азирети Умар (разияллаху анху) өз халифалык мезгилинде Меккеге келген, ошондо шаардын ири башчылары жолугушуу максатында ага келишкен. Алар: «Биз жоголгон сый-урмат жана кадыр-баркыбызга кайрадан ээ болобуз», – деген ойдо болушкан. Алар жаӊыдан сүйлөшүп отурушканда эле Азирети Билал (разияллаху анху) келип калат. Андан кийин эң башында ыйман келтирген кулдар биринин артынан бири келе баштайт. Булардын баары бир мезгилде жанагы ири башчылардын ата-бабаларынын кулдары болушкан. Азирети Умар (разияллаху анху) эң биринчилерден болуп ыйман келтирген кулдардын кириши менен аларды тосуп алып, өзүнө жакын жерге отургузуп, жанагы башчыларды арт жака жылгыла деп айтып турган. А түгүл, ал башчылар бут кийим турган жерге отуруп калышат. Алар мындайга чыдай алышпай бөлмөдөн чыгып кетишет жана өз ара нааразычылык болгондугун сөз кыла башташат. Ошондо, алардын арасынан эле бир жаш жигит аларга мындай деп түшүндүрөт: «Жакшылап ойлоп көрсөӊөр, биз ата-бабаларыбыз кылган күнөөлөрүнүн айынан гана бүгүн ушундай жазага кабылдык. Алла Таала Өзүнүн Пайгамбарын жиберген мезгилде, ата-бабаларыбыз ага каршылык көрсөтүшкөн жана ушул кулдар ага ыйман келтирип, бардык кыйынчылыктарга чыдашкан».

Ал жаш жигиттер Азирети Умар (разияллаху анху)га кайра барышкан. Азирети Умар (разияллаху анху) аларга кайрылып: «Кечирип койгула! Булар силердин кулдарыңар болушса керек. Бирок, булар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алайхи ва саллам)дын жыйынында сый-урматы бар адамдар болуп эсептелинчү, ошондуктан мен үчүн аларга сый-урмат көрсөтүү милдет», – деп түшүндүргөн. Ал жаш башчылар: «Биз өз күнөөбүздү моюнга алабыз», – деп айтышкан. Андан кийин алар ушул күнөөдөн кутулуунун кандайдыр бир жолун сурашкан. Азирети Умар (разияллаху анху) Исламдын аскерлери салгылашып жаткан түндүк тарапты көрсөтүп өзүнүн колун сунган. Ошондо, ал жаш башчылар ордунан туруп, ошол согуштарга катышуу үчүн жөнөп кетишкен. Алардын бирөөсү дагы тирүү бойдон кайтып келген эмес. Ошентип, алар өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнө түшкөн күнөө тагын жууп ташташкан.

Мединага көчүп баргандан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алайхи ва саллам) Азирети Хабаб (разияллаху анху) жана кул Азирети Тамиймдин ортосунда дин бир тууганчылыгын түзгөн. Ал (разияллаху анху) «Бадр» согушуна жана башка бардык согуштарга да катышкан. Азирети Хабаб (разияллаху анху) узак мезгилге чейин катуу ооруп жүргөн. Ал 37-хижра жылы  73 жаш курагында каза болгон. Азирети Али (разияллаху анху) «Сафийн» согушунан кайтып келгенде, Азирети Хабаб (разияллаху анху)нун мүрзөсүнө барып: «Алла Таала Хабаб (разияллаху анху)га ырайым кылсын. Ал өз эрки менен ыйман келтирген жана бир аскерлерге окшоп жашаган. Ал көптөгөн денелик сыноолорду көргөн. Алла Таала жакшылык кылган адамдын сыйлыгын текке кетирбейт», – деп дуба кылган.

Share via